Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

"Стресске баткан адамдар кээде динден жооп издейт"


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмоционалдык чарчоо же түтөө кандай симптом? Эмнеге андан мугалимдер, дарыгерлер жана укук короо органдарында иштегендер көп жабыркашат? Адам чарчаганын өз убагында аңдабаса, аны кандай кесепеттер тоорушу мүмкүн?

"Сергек жашоо" подкастында жогорудагы суроолорго психолог Жакшылык Жыргалбеков жооп бермекчи.

Мугалимдер эмнеге чарчайт?

- Жакшылык мырза, соңку жылдары психологияда эмоционалдык жактан күйүп кетүү, түтөп кетүү деген термин көбүрөөк жаңыра баштады. Ал эмнени туюндурат?

- Кыргыз тилинде “эмоционалдык чарчоо” деп жүрөбүз. Бул адамдын психикасы чарчаганын билдирген термин. Ар бир кишиде, кесипте, айыл жергесинде же шаарда кездешет, ар биринин өзүнчө спецификасы бар. Негизинен организм стресске каршы тура албаганда келип чыгат. Бардык психикалык көйгөйлөр, анын ичинде эмоционалдык күйүп кетүү дагы стресстен башталат.

Мекемедеги кризис, карьералык өсүштүн жоктугу ошол жерде иштегендерде психалык, эмоционалдык чарчоону пайда кылат. Адам жумушуна канааттанбай калат. Адистер бул жөнүндө көп изилдөө жүргүзгөн. Кесип адамга таасир берген учурлар дагы бар. Айталы, мектепте көп жыл иштеген адам өзүн сыртта, үйдө да мугалим эсептеп калат.

Коллективдеги климат, басым, жумушту туура эмес уюштуруу дагы эмоционалдык чарчоого алып келиши мүмкүн. Эмоционалдык чарчоодон адамдар менен тыгыз иштеген кесиптегилер: мугалимдер, медиктер, укук коргоо кызматкерлери көбүрөөк жапа чегет.

- Мамлекетте болуп жаткан оош-кыйыштар, авторитардык башкаруу дагы адамды чарчатышы мүмкүнбү? Айрыкча ар бир окуяга көз салган журналисттерди?

Жакшылык Жыргалбеков.
Жакшылык Жыргалбеков.

- Бул жумушка байланышкан стресс. Андай учурда стресске болгон көз карашты кайрадан карап чыгуу керек. Балким, журналисттер моюнуна чоң жоопкерчиликти алып жаткандыр? Ошол окуяларга күбө болуп жүрөт, ага карата өзүнүн ой-пикири да болушу мүмкүн. Кайсы бир көрүнүштү жүрөккө жакын кабыл алып, ойлонгон сайын адам стресс болот. Стресс кайра эле эмоционалдык күйүп кетүүгө жол ачат. Мисалы, дарыгер мерез болсо жумушун жакшы аткара албайт. Ошол эле маалда бейтабына жаны аябай ачып, өзүн жоготуп салса, анда да өз милдетин аткара албай калат. Маалыматты чыпкалай билүү, тең салмактуулукту кармоо кызматкер үчүн өтө маанилүү.

- Мамлекеттик системадагы өзгөрүүлөрчү? Адам укук бузууларга, камоолорго жаны кейип, экономикалык кризистен жапа чегип атат дейли. Көчүп кетейин десе, кайсы бир шарты жол бербеши мүмкүн. Анан өзүн өзү ичинен жеп, өкүнүп, эмоционалдык чарчоого кабылса керек?

- Болушу мүмкүн. Эгер коомдо болуп жаткан нерселердин баарын адамдар үчүн стресс деп эсептесек, анда бул стресстин булагы жана ал эмоционалдык күйүп кетүүгө алып келиши мүмкүн. Коомдо кубулуштар адамдар үчүн кадыресе көрүнүш, бирок мен үчүн андай эмес болсо, бул дагы эмоционалдык жактан күйүп кетүүгө алып келет. “Стресске туруктуулук” деген термин бар. Ар бир кишинин стресске каршылыгы ар кандай деңгээлде. Менин стресске каршылыгым жогору болсо, башка адамдыкы төмөн болушу мүмкүн. Бирок кырдаал бирдей. Бул нерсеге жеке психологиялык түшүндүрмө берсе болот. Ар бир адамдын өзүнүн тарбиясы, сезими бар. Ал нерселерге таасир эткен башка адамдар бар. Жалпылап караганда, экономикалык кризис, согуш баарына терс таасирин тийгизет. Эмоционалдык күйүп кетүү чети гана. Стресс өтө катуу болсо, травмага алып келиши мүмкүн. Коомдун көпчүлүгү стресстин негизинде эмоционалдык эмес, психикалык жактан дагы жабыркайт.

- Мугалим же дарыгер күнүндө сегиз сааттан ашык иштейт, бирок көбүнүн айлыгы жашоосуна жетпейт. Ошол эле маалда жогорку билими жок блогер Дубайда эс алып, үйлүү болуп, машине тээп жатат дейли. Муну көргөн адисте коомго таарыныч пайда болуп, ишине канааттанбай, ал өз кезегинде чарчатышы мүмкүнбү?

- Ар бир кишинин ичинде өзүнүн баалоосу бар. Кырдаалга “жакшы” же “ жаман” деп баа беребиз. Жаман болсо эмне үчүн жаман, мисалы? Бул түзмө-түз биздин ой-жүгүртүүбүзгө байланыштуу. Кандай ойлонсок, өзүбүздү ошондой сезебиз. Негизи жумуштагы, коомдогу атаандашуу да эмоционалдык күйүп кетүүгө алып келет. Коомдогу маанай жана адамдардын бири-бирине мамилеси стресстин эң негизги булагы. Эгер коомдо стресс көп болуп жатса, анда бул эмоционалдык жактан көйгөй жаратышы мүмкүн. Жумушсуздук, атаандашуу өңдүү социалдык көйгөйлөрдүн баары стресстин негизи факторолору. Ал эми стресс сөзсүз эмоционалдык чарчоону пайда кылат.

Эгер адам кесипти туура эмес тандап алса, кийин ал дагы кесиптик чарчоого алып келет. Азыр көп адамдар кесиптик дараметин жогорулатуу үчүн кайрадан жаңы кесипке окуп жатышат. Мисалы, IT, психологияга кызыккандар көп. Коомдо кайсы кесип актуалдуу болсо, ошол кесипке басым жасалууда. Мындай учурда билим берүү системасы дагы рынок экономикасы талап кылгандай адистерди даярдоого ыңгайлашуусу керек.

- Интернеттин өнүгүшү менен телефон чукулап түн бир оокумга чейин отура беребиз. Уйкунун аздыгы, ашыкча иштөө дагы аң-сезимге таасир этиши мүмкүнбү?

- Бул убакытты туура эмес пайдалануу же тайм-менежменттин көйгөйү болушу мүмкүн. Бирок кээ бир жумуштарда кызматкерлер күнү-түнү иштешет. Анткени жумушу ошону талап кылат. Андай адамдар эмоционалдык жактан туруктуу болушу керек жана атайын даярдыктан өтүүгө тийиш. Мисалы, медиктер, укук коргоо кызматкерлери. Бул кызматтарга адамды жеке сапаттарына карап иштетип, стресске туруктуу болуунун ар кандай ыкмаларын үйрөтүү зарыл. Мисалы, Америкада полиция кызматкерлерине эмоционалдык жактан туруктуу болууну дайыма үйрөтүшөт. Кызматкерлердин өз укугун коргой билгени, убактысын туура бөлүштүргөнү дагы маанилүү. Үйгө келгенде жумушту токтотуу оң. Тең салмактуулук өтө маанилүү. Эгер адам убактысынын көбүн жумушка бөлсө, үй-бүлөсүндө маселе жаралат. Азыр Европада айрым өлкөлөр төрт-беш сааттык иш убактысына өтүп жатышат. Ошол убакыт ичинде сегиз сааттык жумуштай эле майнаптуу иштейт. Адамдык ресурска канчалык салым болсо, кызматкерден дагы ошончолук эффективдүү кайтарым болот.

- Бирок биздин коомдо андай эмес да. Адамдын укугу тууралуу сөз болгондо "Батыштан келген жаман адат" деп уккусу келбеген адамдар бар. Бирок ошол эле Батышта кызматкер болобу, башка болобу анын укугун коргогон уюмдар көп да.

- Мындай уюмдар коомго керек. Эгер психикалык, эмоционалдык жактан карап көрсөк, ар бир жамаатка туруктуу, жакшы жетектеген система керек. Система жакшы, айкын-ачык болсо, кызматкерлерге да иштегенге жеңил. Кээ бир мекемелерде, коомдорго адамдар жетекчинин маанайына жараша иштейт. Мындай башкаруу стилин жактыргандар да бар. Анткени, жетекчинин эмне деп айтарын, эмне кыларын алдын ала билбегендиктен кол астындагылар ката кетирбегенге тырышат. Бирок мындай басым дайыма эле эффективдүү болбойт. Канчалык мыкты кадрлар болбосун, стресске туруктуу эмес кишилер бир күнү жумуштан кете баштайт.

Орто жаштын кризиси деген эмне?

- Кыргызстанда эмоционалдык жактан чарчап, чаалыктым деген адамдар психологиялык кеңеш сурап кайрылабы?

- Депрессияга кабылганда же санаасы санга бөлүнүп, тынчсызданган учурда кайрылышат. Коллективде же үй-бүлөдө көйгөйлөр пайда болгондо келгендер бар. Кээде ушул көйгөйлөрдү тереңирээк талдай келсек, баары эмоционалдык чарчоодон башталганын көрөбүз. Бирок адам муну убагында элес алган эмес. Ар кандай кыйынчылыктар тооруганда “өзүм эле жеңем” деп ойлоп, кийин өтүшүп кетет.

Акыркы убакта психологдорго жаштар дагы, аялдар дагы, эркектер дагы, айылдан келгендер дагы кайрылып жатат. Мурдагыдай уялбай калышты. Бул коомдо өзгөрүү болуп жаткандыгынын белгиси десек болот.

- Адам отуздан өткөндөн кийин, айрыкча кыркка жакындаганда, ушуга чейин эмнеге жеткенин, дагы эмнени жасай аларын, алдыда канча өмүрү калганын ойлонуп, жашоосун электен өткөрүп, баалоо сезими пайда болот турбайбы. Ошол жашта курдаштарынан кайсы бир жагдайда артта калса депрессияга кабылат дешет. Ушунун канчалык чындыгы бар?

- “Туура эле кесип тандадымбы, койгон максаттарыма жеттимби?” деген баалоо ички кризистин негизги себеби. Башка бирөөлөр менен өзүн салыштырууну сырткы баалоо деп эсептесек болот. Адам салыштыруу аркылуу кризисти чечүү жолдорун, ыкмаларын издейт. Орто жашка келгенде көп адамдар өзүн өзү кайра баалоо сезимине кабылат. Бул кризис кээде адамдын жашоосундагы жаңы барактарды ачат. Бирөөлөр ишин алмаштырат. Мындай учурда үй-бүлөдөгү мамилелер дагы, инсандын өзүнө карата мамилеси дагы өзгөрүп кетиши мүмкүн. Балким, баалуулуктар дагы алмашат. Мисалы динге берилип, өзүн издеши ыктымал. Ар кандай. Биз сырткы гана өзгөрүүлөрдү байкайбыз. Ал эми ички себептерин аныктай келсек, бул абалды кризис деп эсептесек болот.

- Ал эми кечээ маанилүү деп эсептеген нерселердин бүгүн мааниси жоголсочу? Мисалы, жаны тынбаган шайдоот адамдын кыска убакытта эле ишке, үй тиричиликке көңүлү чаппай калганын кандай түшүнсөк болот?

- Керектөөлөрдүн тепкичтерин карап келсек, тамак жана уйку адамдын негизги муктаждыгы. Андан кийин керектөөлөр өсө баштайт. Бизди бирөө сыйласа деп ойлойбуз. Эң негизи керектөө - жашоодо эмнелерди багындыра аларыбызды текшерүү же орусча айтканда “самореализация”. Ошол керектөө канааттандырылбаган учурда адам изденүүдө болот. Балким, жашоосунда ошол керектөө жок болгону үчүн өзүн издөөнүн, табуунун аракетинин негизинде адам өзүн таштап коюшу ыктымал.

- Жашоосуна канааттанбай калган адамда жашоого таарынычтар козголушу мүмкүнбү? Мисалы, “Ата-энем убагында окутуп койсо, бул жерде жүрбөйт элем” же “Ошол учурда туура чечим жасасам, тагдырым башкача болмок” деген сыяктуу ойлор келип...

- Андай дагы болушу мүмкүн. Адамды экстроверт жана интроверт деп эки типке бөлүп койсо болот. Көп учурда экстроверттер жашоосундагы бардык көйгөйлөрдү башкалардан көрөт. Күнөөнү же жоопкерчиликти башка бирөөгө оодарууга стресстен чыгуу жолун издөө катары карасак болот. Бирөөлөргө бул ыңгайлуу, анткени ошого көнүп калган. Бул тарбияга да байланыштуу болушу мүмкүн.

Интроверттер болсо тескерсинче күнөөнү өзүнөн издеп, ага башка адамды кийлигиштирбейт.

- Жоопкерчиликтен качкандарды чоңойбой калган адамдар десек болобу?

- Инфантилдүү адамдар десек болот, жоопкерчилик, чечим кабыл алгандан коркушат. Кайсы бир деңгээлде бала бойдон калгандар.

- Өзүн гана күнөөлөп, ичинен сыза берүү зыян эмеспи, адам чөгүп кетиши мүмкүн да?

- Баарына өзүн гана айыптап, ичинен сыза берүү адамды депрессияга, өзүнө кол салууга жеткириши ыктымал. Эгер адам өзү, келечеги же башкалар жөнүндө жаман ойлой баштаса, бул депрессиянын белгилери. Бул көйгөйлөр айланып келип эле жогоруда айтып кеткен стресстен, эмоционалдык күйүп кетүүдөн пайда болот. Этаптары менен айта кетсек, биринчи эмоционалдык күйүү болот, анан ал депрессияга алып келет.

Эмнеге адамдар аракка же динге берилет?

- Кээде адам жакшынакай эле жүрөт, үй-жайлуу, сыртынан караганда баары жакшы көрүнөт. Бирок кырктан өткөндөн кийин ал ичип же динге берилип кеткен учурларды көрүп жүрөбүз.

- “Копинг механизм” деген термин бар. Бул адамдын көйгөлөрдү чечүү жолун тандоосу. Кээ бир адамдар көйгөлөрдөн качат. Ошол качуунун бир жолу - аракечтик. Биздин коомдо гендердик стереотиптер көп да. Ошол бекем орноп калган стереотиптердин айынан эркек чөйрөнүн сын пикиринен коркот. Эгер анын үй-бүлөсү менен мамилеси начар болсо, көйгөйдү арак менен чечүү жолун тандайт.

Негизи маселени чечүүнүн эң туура жолу - бул ошол маселенин бар экенин моюнга алуу. Көпчүлүгү ага даабайт.

Дин тууралуу айта кетсем, кээ бир адамдарга ал жардам берет. Анткени жашоого, адамдарга болгон мамиленин баары динде түшүнүктүү жана жеткиликтүү жазылган. Адам изденгенде, диндеги өзү үчүн маанилүү нерселерди алып, ошол жашоону туура көрөт. Дин адамдын көз карашын дагы өзгөртөт. Мисалы, адам стресске батканда дин жол көрсөтүп, жашоонун жаңы барагын ачкандай болот. Бирок мунун дагы терс жагы болушу мүмкүн. Карайлап турганда адам туура эмес агымдарга, секталарга кошулуп кетиши ыктымал.

- Үй кожойкелери дагы эмоционалдык жактан чарчашы мүмкүнбү? Төрөттөн кийин аял өзгөрөт эмеспи...

- Төрөттөн кийинки депрессияга кабылышы мүмкүн. Бул абалга эмне түрткү болушу мүмкүн? Аял бала төрөөгө эмоционалдык жактан даяр болбошу ыктымал. Үй-бүлөнү пландоого даяр болбогону үчүн дагы ушундай көйгөйгө дуушар болот. Бизде улан-кыздар үй-бүлө курууга физикалык, психикалык жактан канчалык даяр экенин эч ким менен талкуулабайт. Ата-энеси, туугандары же түгөйү менен дагы талкуулабашы мүмкүн. Бул өтө маанилүү этап. Канчалык даяр экенин билгенде гана турмушка чыгып балалуу болсо, ошончолук жакшы болот. Мунун баарын кылып, бирок болбой эле төрөттөн кийин депрессия болуп жатса, анда сөзсүз адиске кайрылуу абзел.

- Мисалы күйөөсү кызыл камчы, кайненеси жемекор чыккан келинди алалы. Ал өз таламын талашып, укугун коргой албайт. Анткени коркот. Ажырашып кетейин дейт, бирок алдыдагы белгисиздиктен коркот. Ошол абал деле эмоционалдык жактан чарчоого алып келет да?

- Эки адамдын мамилесинде стресс болсо, ал сөзсүз эмоционалдык чарчоого алып келет. Стресс үстү-үстүнө кошулуп, топтоло берет. Келин аны кайненесине да, күйөөсүнө да айтпай ичине сакташы мүмкүн. Ошол эле маалда мамилени өзгөртүүгө да аракет кылбайт. Бара-бара бул нерсе кадыресе көрүнүш катары кабыл алынып калат. Бирок эки же беш жыл аралыгында топтолгон стресс чыгуу жолун издей баштайт. Ал ар кандай белги бериши мүмкүн: психикалык оорулардын пайда болушу, депрессия, өзүнө өзү кол салуу. Адам өкүнүп, жашоосун өзгөртүүгө аракет кылат, ажырашып кетет балким. Эгер ушул учурда адистерге кайрылса, биринчи андагы коркуу сезимдерин жоюуга туура келет. Экинчиден, депрессия өрчүп кетпеши үчүн эмоционалдык абалын текшерүү керек.

- Адиске кайрылбагандар көзү ачыктарга, бүбү-бакшыга кайрылып же молдого барып дем салдыргандарын угуп калабыз.

- Бул эми ишенимге жараша болот. Эгер адам молдого ишенбесе, барган күндө деле ал жардам бербейт. Психологго ишенбесе, консультацияга келгенден жыйынтык болбойт. Ар бир адамдын ар кандай жагдайдан чыгууда өзүнчө рецепти бар. Эгер динге ишенсе, анда чыгуу жолун ошол жактан көрөт. Адам эмнеге ишенсе, ошол нерсе жардам бере алат. Бул жерде кайра эле компетенттүүлүк маанилүү. Кээ бир молдолор психологго же психиатрга барууну сунуштайт. Демек, бейтапта психикалык жактан көйгөй бар экендигин түшүнөт. “Молдодон келдик” деген бейтаптарыбыз бар. Мындай учурларда аларга алкыш гана айтабыз. Кээ бир молдолор болсо "жин кирип кеткен" деп адамдын абалын ого бетер оорлотуп жиберишет.

- Аң-сезимде болуп жаткан өзгөрүүнү адистер менен талкуулап, чечүүгө аракет кылыш керек тура. Бул үчүн коом дагы билимдүү болуп, бышып-жетилиши керек экен да?

- Коом дагы даяр болуш керек. Бул тарбиядан башталат. Эмоционалдык жактан өзүн таануу үчүн эмоционалдык интеллект болушу керек. Элге маалымат жетсе, адамдар психологго чейин деле өз көйгөйлөрүн чечип, эмоционалдык көйгөйлөрүн курчутпаганга аракет кылса болот.

- Эмоционалдык чарчоонун же күйүп кетүүнүн белгилери кандай?

- Адам эмоционалдык жактан туруктуу эмес болуп калат. Мисалы, дароо ыйлап жибериши же бат жинденип, капа болушу мүмкүн. Бул өзгөрүү башкаларга да сезиле баштайт. Көп адамдар ызы-чууну каалабай, социалдык байланышты чектейт. Тынчысызданып, уйкусу бузулуп, табит качат. Эгер мурда башка адамдар менен мамилеси жакшы болсо, эмоционалдык чарчоодон кийин чөйрө менен тил табышуу кыйындайт.

- Эмоционалдык жактан күйүп баратканын сезген адам эмне кылышы керек? Кантип өзүн сактап калат?

- Психологго кайрылса, адис эмоционалдык чарчоонун деңгээлин аныктап, себептерин изилдеп, жардам бергенге аракет кылат. Эгерде симптомдору оор эмес болсо, кайсы ыкма өзүнө жардам берерин аныктоо керек. Балким, үй-бүлө, мамиле, эс алуу, спорт аркылуу эмоционалдык күйүп кетүүнү алдын алса болот.

XS
SM
MD
LG