"Эзгулик" укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, Орусиянын абактарында жазасын өтөп жаткан ондогон өзбек аялдардын туугандары ушундай маселе менен кайрылышкан.
"Биздин кыздардын көбүн Украинадагы согушка жиберүү үчүн кысым болуп атат. Аларга "санитар болуп барасыңар" дешет экен, — деди Өзбекстандын жараны Умида (ысымы өзүнүн суранычы менен өзгөртүлдү). Ал Орусиянын түрмөсүнө түшкөн мекендештеринин кейиштүү тагдыры тагдыры тууралуу айтып отурду.
Умиданын уулу баңгизатка байланыштуу айыпталып Орусиянын түрмөсүндө отурат. Уулунун укугун коргоо үчүн күрөшүп жүргөн маалда Умида жакындары орус абактарында отурган ондогон өзбек жарандары менен таанышкан.
Умиданын айтымында, анын тааныштарынын арасында абакта кармалган кыз-келиндердин ата-энелери да бар. Алар кыздарына кысым акыркы учурда күчөгөнүн айтып беришкен. Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын 22-февралынан бери абактагы кыз-келиндер согушка кыйыр аралашкан. Тактап айтканда, жоокерлерге күрмө жана төшөнчү тиккен. Эми болсо аларды согушка барып, тазалоочу, кир жуугуч, ашпозчу болуп иштөөнү сунуштап жатышыптыр.
"ОН КҮН ТАМАК БЕРГЕН ЭМЕС"
"Алар кармалгандарды эркин сындырып, согушка барууга көндүрүү максатында 10 күн бою тамак берген эмес. Ата-энелеринин айтымында, айрым кыздар согушка алып кетпесин деп өз жанына кол салмак болгон", - дейт Умида.
Кармалгандардын үй-бүлөлөрү журналисттер менен сүйлөшүүдөн жазганат. Анткени алар Өзбекстанда бийликтин көңүлүн бул маселеге бурууга аракет кылган учурда кысымга кабылышкан.
"Алар жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары тарабынан катуу кысым кабылган. Алгач алар өз аймактарынын акимдерине, андан кийин Ташкентке кайрылып, Башкы прокуратурага, акыйкатчыга жана парламентке кайрылууга аракеттенген. Бирок көпчүлүгүн бир нече күнгө камап коюшкан. Кыздары тууралуу эч кандай маек бербейбиз, эч кайда жарыялабайбыз деген кагазга кол коюп чыгышкан. Ошондуктан катуу коркушат", - дейт Умида.
Орусия Украинадагы согушка эркектерди гана эмес, камактагы мигрант аялдарды да тартып жатканы ырас экенин Ташкенттеги "Эзгулик" укук коргоо уюмунун төрагасы Абдурахмон Ташанов билдирди. Бул уюмга Орусияда соттолгон өзбекстандык кыз-келиндердин жакындарынан ондон ашык арыз түшкөн.
«Мурда биздин коом согушка өзбекстандык эркектер тартылып жатканы жөнүндө гана маалымат алчу. Азыр болсо Орусиянын түрмөлөрүндөгү өзбек аялдары көбүрөөк тартылып жатканы тууралуу даттануулар түшө баштады. Негизинен, булар курьер болуп иштеген же башка оор, кара жумуштарга ылайыкташкан аялдар. Бизге келген маалымат боюнча, алардын көбү чагым менен соттолгон. Аларга атайылап баңгизат берилген».
Ташановдун айтымында, Украинадагы согуш башталгандан бери Орусияга иштегени кеткен жакындары бейкүнөө жерден баңгизат менен кармалганы тууралуу арыздар көбөйүүдө. Тыюу салынган заттар менен кармалгандар Орусияда Кылмыш-жаза кодексинин 228-4-беренеси ("Баңгизаттарды, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз сатып алуу, сактоо, ташуу, өндүрүү, кайра иштетүү, ошондой эле курамында баңгизат же психотроптук заттар бар өсүмдүктөрдү же алардын бөлүктөрүн мыйзамсыз сатып алуу, сактоо, ташуу") боюнча жоопко тартылат.
Укук коргоочу Ташанов кошумчалагандай, соттун чечими менен камалган мигранттар Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, согушка барууга аргасыз болууда.
Анын колунда Орусияда маңзат кылмыштары үчүн соттолгон мигранттардын саны боюнча маалымат жок.
Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоору Борбор Азия чөлкөмүнөн миңдеген адамдар орус армиясынын катарында согушуп жатканын жарыялап келет. Долбоордун маалыматына ылайык, Өзбекстандын жарандары Орусия азгырган чет элдик жалданма аскерлердин, согуш туткундарынын жана курман болгондордун саны боюнча биринчи орунду ээлейт.
Ташанов өзбекстандык мигранттардын согушка мажбурланып жатканына өзбек бийлиги реакция кылбай жатат деп сынга алды. Анын пикиринде, бийлик жетиштүү аракет көрбөйт. Тышкы иштер министрлигинде Украинадагы согушка азгырылып жаткан өзбек жарандарынын маселеси боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн, бирок анын ишинде кандай жыйынтык бар экени беймаалым.
"Биз бул маселе боюнча бийликке кайрылдык. Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы түзөтүү колонияларына айына эки жолу барып турарын билдирди. Министрликтин басма сөз катчысы: "Көпчүлүк учурда эл өзү күнөөлүү, оңой акча табууга кызыгат. Ал эми биз колонияларда кысым көрдү деген адамдарга жардам беребиз" деген билдирүү менен чектелди. Өзбек бийлиги бул көйгөйдөн кабардар, бирок аны чечүүгө саясий эрки жетпей жаткан өңдүү. Биз бийлик тарабынан эч кандай конкреттүү аракеттерди көргөн жокпуз", - дейт Ташанов.
Укук коргоочу түрмөдөн согушка борбор азиялык канча аял кеткенин так билбейт. Азырынча анын колунда алардын ата-эне, жакындарынын кайрылуулары гана бар.
Расмий Ташкент Украинадагы согушка байланыштуу бейтарап турумду кармоого аракеттенип келатат. Бийлик Орусиянын Украинага негизсиз басып киргенин да, жарандарынын согушка тартылып жатканын да ачык сындабайт.
ТҮРМӨДӨГҮ АЯЛДАР СОГУШКА КАНТИП ЖӨНӨТҮЛӨТ?
Укук коргоочулардын айтымында, мигрант аялдар, айрыкча темир тор артындагылар социалдык жана укуктук жактан колу-буту байлануу экени маалым. Андыктан аларды коркутуу жана алдоо менен согушка барууга көндүрүү оңой.
Орусиянын түрмөлөрүнөн аялдардын согушка жөнөтүлүп жатканы тууралуу маалыматтар 2022-жылдын аягынан бери тарай баштады. Москва "жарым-жартылай мобилизация" жарыялап, келишимдин негизинде армияга баргандарга жогорку айлык акы убада кылган. Согушта орус армиясы чоң жоготууларга учуроодо.
Укук коргоо уюмдары түзөтүү колонияларынан миңге жакын аял түз эле согушка жөнөтүлгөнүн билдиришти. Алардын бир тобу каза болгон, бир тобу мунапыс менен үйлөрүнө кайткан.
Телеграм каналдарында түрмөдө отурганда Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн 37 жаштагы Елена Пимоненкова жөнүндө кеңири маалымат берилген. Аял мурда уурулук, каракчылык жана өлтүрөм деп коркуткан деген айыптар менен соттолгон. Согуш учурунда Пимоненкова взводдо "аткыч-санитар" болуп кызмат өтөгөн. Анын өлүмү тууралуу 2024-жылдын август айында белгилүү болгон, айрым маалыматтарга караганда, ал согушта эмес, взводдун аймагында каза болгон.
2024-жылы соттолгондорго жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам берген "Русь Сидящая" фондунун аткаруучу директору Ольга Романова абактардан аялдарды согушка жөнөтүү токтогонун билдирген. Ал "моралды жана тартипти күчөтүү" деген шылтоо менен согушка аялдарды жөнөтүү эксперименти ийгиликсиз болгонун айткан.
Ошол эле маалда Украинанын куралдуу күчтөрү орус армиясы жана ага байланыштуу жеке аскердик түзүмдөр согушка абактардагы аялдарды тартууну улантып жатканын билдирүүдө.
Украин тарап: "Орусиянын бийлиги чыгымдардын көптүгүнөн улам жаза аткаруу колонияларында аялдарды да кыйнап жатат", - деп билдирген.
Бирок анда Орусиянын колонияларынан согушка жөнөтүлгөн борбор азиялык мигрант аялдар жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Мигранттарга жардам берген укук коргоочу Валентина Чупиктин билдирүүсүндө, Украинадагы согушка Борбор Азия өлкөлөрүнөн камактагы мигрант аялдардын азгырылып жатышы жаңы көрүнүш.
"Орусиянын түрмөлөрүндө 2022-2023-жылдары мигрант эркектерди согушка тарткан көптөгөн учур болгон. Алар массалык түрдө болгон деп айтсак болот. Мигрант аялдар тууралуу менде так маалымат жок. 2023-жылы бир гана учур болгон: орус тектүү казакстандык аял согушка өз ыктыяры менен барган. Ал мындай кадамга билип эле барган. Баңгизат ташууга айыпталып соттолгон. Башкача айтканда, ал өзү маңзат менен алектенип жатканын билген. Түрмөгө түшкөндөн кийин согушка ыктыяры менен барарын айтып, ал жакта "ашпозчу болуп иштейм" деген. "Сени ашпозчу эмес, "полктун жарпын жазуучу" катары жалдап жатышканын түшүнөсүңбү?" деп суроо бергем. Албетте, ал тамак жасайт, ошол эле маалда колдон колго өтүп, зордукталуу коркунучу да жогору болчу. Бирок ал ишенген жок, андай болушу мүмкүн эмес деп, артка кайтпады. Мен ага Казакстан элчилигинин телефон номерин бердим. Анын тагдыры эмне болгону мага белгисиз", - дейт укук коргоочу.
Эч кандай кылмышка аралашпаган, боштондуктагы борбор азиялык аялдардын арасында да Украинадагы согушка баргандар болгон. 2024-жылдын ноябрында орусиялык маалымат каражаттары 43 жаштагы Хулкар Ойдинова жөнүндө көп жазды. Самарканддын тургуну, алты баланын энеси Хулкар алгач күйөөсү менен Орусияга иштөө үчүн барган, 2022-жылы экөө тең согушка кеткен. Жубайлар майданда, аскердик бөлүктө ашпозчу болуп иштеген. Азыр алардын кайда экени тууралуу маалымат жок.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтери чет өлкөлөрдөгү куралдуу кагылышууларга катышуу кылмыш экенин байма-бай эскертип келет. Казакстанда, Кыргызстанда, Өзбекстанда Украинадагы согушка катышкандарга кылмыш иштери козголгон. Согушка жалданып, өз өлкөлөрүнө кайтып келгендердин айрымдары соттолуп, беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылган учурлар да бар. Аймактан чыккан миңдеген адамдар дале Орусиянын армиясынын катарында согушуп жатышат.