Кыргызстандын бийлиги Украинадагы согушка нейтралдуу позицияда экенин белгилеп, башка жердеги куралдуу кагылыштарга катышкан өз жарандарына мыйзам чегинде кылмыш жообуна тартыларын эскертет. "Азаттык" тизмедегилердин жакындарын издеп, анын согушка качан, кандай жагдайда барган чоо-жайын сураштырды.
Аты жөнү А.А. (Абдырайым деп өзгөртүп айталы) деп белгиленген кыргызстандыктын сөөгү бир ай мурда мекенине жеткирилип, жерге берилгенин жакындары ырастады. 21 жаштагы Абдырайым Украинадагы согушта орусиялык күчтөрдүн катарында жүрүп каза тапкан.
Атасы уулу согушка кантип барып калганын айтып берүүнү каалаган жок. Болгону баласы согушка кеткенинен кабардар болушканын гана тактады. "Баламдын сөөгүн алып келип, жерге бердик. Кыркын дагы өткөрдүк. Анын согушка кеткенинен кабарыбыз жок болчу", - деди маркумдун атасы.
Бизге белгилүү болгондой маркумдун сөөгү Москвадагы тааныштар аркылуу табылган. Алар канча убакытта, кантип издеп тапканы беймаалым.
31-октябрда Украинанын "Хочу жить" долбоору майданда каза болгон делген 143 кыргызстандыктын тизмесин жарыялады. Адатта украиндер тизмени түзгөндө өлгөн же колго түшкөн аскерлердин туулган жерине басым жасайт.
Бирок алардын канчасы кыргыз жараны экени, канчасы орус паспортун алганын тактоо азырынча мүмкүн эмес. Тизмедегилердин баары орус армиясынын катарында салгылашкандар. Алардын аскердик наамын, качан туулгандыгын, кайсы аскердик бөлүктө кызмат кылганын, жетон номурун жана каза болгону тастыкталган датасын көрүүгө болот.
Биз тизмедеги Т.Р. деген 44 жаштагы кыргызстандыктын дагы жакындарын таптык. Каза болду делген жарандын атасы уулунун өлүмү тууралуу укпагынын айтып, бирок кагаздагы маалыматтар баласынын туулган жылына, айына дал келип турганын кошумчалады. Ал баласы акыркы учурда Кыргызстанда эле иштеп жүргөнүн, офицер экенин белгиледи. Т.Р. анын биринчи никеден төрөлгөн уулу экен. "Хочу жить" долбоору аны ушул жылдын июль айында каза болгонун көрсөткөн.
Долбоор белгилегендей, бул сан эң кеминдегиси, Орусиянын Куралдуу күчтөрүндөгү булактар аркылуу так аныкталганы гана.
Тизмедеги 93 адам быйыл өлгөнү көрсөтүлгөн. Калган 56 кишинин көбү былтыр, бир нече адам 2023-жылы каза болгон. “Хочу жить” тизмедеги адам расмий түрдө өлгөн деп айтылганы жана алардын арасында узактан бери дайынсыз болгондор бар экенин белгилейт.
Долбоор жарыялаган тизмедеги адамдардын аты-жөнүн салыштырганда алардын көбү Орусияда, Москвада иштегенин, айрымдарына буга чейин Орусияда административдик укук бузуулар боюнча чечим чыккан маалыматтарды таптык.
Тизмедеги кыргызстандык деген 143 адамдын басымдуу бөлүгү соңку эки жылда каза болгондор. Алардын эң кенжеси 19 жашта, улуусу 62де.
Август айында аталган долбоор Орусия Украинадагы согушуна жалдап алып кеткен делген 687 кыргызстандыктын тизмесин жарыялаган.
Тизменин түзүүчүлөрү Москва Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын өз согушуна тартууну улам күчөткөнүн белгилейт. Жалдангандар арасынан аты-жөнү такталгандардын 135и Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишимге 2023-жылы кол койсо, былтыр 326 киши, ал эми быйыл сегиз айда эле 400ү майданга жөнөгөнүн белгилешкен.
"Хочу жить" кошумчалагандай, Орусия адатта чет элдик жалданма аскерлерди эки аптадай убакыт гана машыктырып, дароо кан майдандын кармаш жүрүп жаткан алдыңкы тилкесине жөнөтөт, ошондуктан алардын көбү согуш талаасында окко учат.
Муркум Эрмек (аты өзгөртүлдү) дагы өз ыктыяры менен келишимге кол койду дегендердин катарында болчу. Эки ай мурда сөөгү Кара-Кулжа районунда жерге берилиптир. Орусиянын талабы менен жакындары табытты ачпай көмүптүр.
"Кара-Кулжада бир бала өлүп келди. Биринчи жолу барганда аман-эсен келген экен, экинчисинде бир айга жетпей эле каза болуптур. Табытты ачтырбады, айылда бош жашикти эле коюшту деп ызылдап жатышат", - деди маркумдун жакындарынын бири Турсунай.
Кыргызстандын расмий органдары бул тизме боюнча комментарий бере элек. Бирок кыргыз бийлиги Украинадагы согушка нейтралдуу позицияда экенин белгилеп, башка өлкөдөгү куралдуу кагылыштарга катышкан кыргыз жарандары мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертип жүрөт. Украинада согуш башталгандан бери орус күчтөрүнүн катарында согушкан кеминде эки кыргыз жараны сот жообуна тартылган.
"Кооптуу коңгуроо"
Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык жаштарды Украинадагы согушка мажбурлап тартуу аракети жүрүп жатканы тууралуу маселе буга чейин Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Депутат Эрнис Айдаралиев Орусияда орусча сүйлөй албаган уландарды да согушка айдап жатышканын айткан:
"Орусча жакшы билбеген жаш жигиттерибизди кыйнап кол койдуруп, согушка алып кетип жатышат. Алар өздөрү деле билишпейт, эмнеге кол коюп беришкенин. Эки-үч баланы мен элчилик менен сүйлөшүп алып калдым. Буга чейин ушундай эле жол менен 50-60тай баланы согушка алып кетишкен".
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги айрымдар өз ыктыяры менен эч кимге кабар бербестен кетип жатканы тууралуу маалыматтар бар экенин ырасташкан.
Буга чейин кыргыз жарандары Украинадагы согуштун эки тарабында тең согушуп жүргөнү утур кабарланганы менен алардын так саны жана маселенин масштабы белгисиз болуп келген. "Хочу жить" долбоорунун тизмеси согушка катышкан кыргыз жарандары буга чейин маалымат каражаттарында айтылгандай кыйла көп экенин көрсөттү.
Жакында Украинага барып, ал жакта туткунга түшкөн борборазиялыктар менен жолугуп келген журналист Адил Турдукулов украин өкмөтү жарыялаган тизмелерге Кыргызстан көңүл бурушу керек деп эсептейт.
"Тизмедегилер бир чети гана, алардын саны мындан алда канча көп деп ойлойм. Украина бул тизмени деле жөн жерден чыгарган жок. Бул чара көргүлө деген кулак кагыштын уландысы. Мамлекеттик мекемелер, биринчи кезекте УКМК, күч түзүмдөрү, керек болсо президент бул маселени жок дегенде айтып, бул Кыргызстандагы чоң көйгөй экенин жана аны болтурбоо үчүн көрүлгөн чараларды дагы жарыялашы керек. Болгон маалымат каражаттардан, ошол эле УТРКдан анын кесепеттери тууралуу айтып, маалымат жеткирип туруш керек. Канча адамдар өлүп, жарадар болуп жатышат, бул абдан чоң трагедия. Канчалары согуштан кайтып келип бул жакта дагы анын уландысы болуп кетиши ыктымал, ошону алдын алыш керек. Балдарыбызды башка согушка жөнөтүү элибиз үчүн дагы уят. Каза болгондордун санын Украинадан алып жатканыбыз деле Кыргызстан маалыматты изилдебей, топтобой жатканынын белгиси. Биринчи кезекте ал тизмени биз өзүбүз чыгарышыбыз керек эле".
Мигранттар менен иштеген юрист Мирлан Токтобеков бул тизмени кыргыз өкмөтүнө кооптуу коңгуроо деп атап, согушка тартылган кыргызстандыктардын көбөйүп жаткан себептерин атады:
"Бул балдардын көпчүлүгү Орусияга жумушу жок жүргөндүктөн барып жатышат. Ошондой эле тизмедегилердин 60-70% түрмөдөн же сот жообунан качкандар болушу мүмкүн. Былтыр күзүндө "Орусияда кылмыш иши козголгондор Украинадагы согушка катышып келсе иши кыскарат" деген жарлык чыккан. Көп учурда ошого таяп эле согушка жөнөтүп жатышат. Ал тургай полицияга бир айда канча бир адамды согушка даярдап берүү тууралуу тапшырма берилгени тууралуу маалыматтар бар. Бизде азыр ошондой эки-үч ишибиз бар. "Хочу жить" тастыкталгандардын гана тизмесин чыгарды. Дайыны чыкпай жаткан дагы канчалар бар".
Украинанын согуш туткундары менен иштеген кеңешинин өкүлү Богдан Охрименко дагы буга чейин орус армиясынын катарында согушкан борборазиялыктардын саны көрсөтүлгөн тизмеден алда канча көп болушу ыктымал экенин айткан. Азырынча кыргыз өкмөтү бул багытта маалымат бере элек. Ошондой эле бул тизмеге согуш башталган 2022-жылы каза болгондордун аты-жөнү кошулган эмес.
"Азаттык" буга чейин Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары. Арасында кыргыз атуулдугунан тышкары орус паспортун алып жүргөндөр же Кыргызстанда туулуп-өсүп, кийин Орусиянын жарандыгын алгандар бар.
Соңку бир жылдан ашык убакытта Украинанын “Хочу жить” долбооруна 100дөн ашуун кыргызстандык согушка кеткен жакынын издеп кайрылган.
Буга чейин долбоор Украинада каза болгон казакстандык 270, тажикстандык 446, өзбекстандык 481 кишинин тизмесин жарыялаган.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.
Шерине