Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Стамбул сүйлөшүүсү: Киев Москвадан украин балдарды кайтарууну талап кылды


Буча кыргынында аман калып, табышкан бир туугандар. Архив
Буча кыргынында аман калып, табышкан бир туугандар. Архив

Дүйшөмбүдө Стамбулда украин-орус тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы өттү. Бир саатка гана созулган кездешүүдө тараптар туткундарды айырбаштоо өңдүү гуманитардык маселелер тууралуу макулдашып, ок атууну токтотуу жаатында эч кандй олуттуу алга жылуу болгон жок.

Маалыматтарга караганда, Москва мурдагыдай эле Киевден оккупацияланган аймактарды Орусияныкы деп таануу өңдүү ири чегинүүлөрдү талап кылууда. Украина андай шарттарды кабыл алынгыс деп атап келет.

Жарадарларды жана курман болгон аскерлердин сөөгүн айырбаштоо

Делегациялар тынчтык орнотуу, жок дегенде убактылуу жарашуу жөнүндө мунасага жакындабаганы менен Киевдин жашоочулары согуш туткундары, курман болгон аскерлердин сөөгү үйүнө кайтарылат деген кабарга сүйүнүп турушту. Башкалары Орусия менен сүйлөшүүлөрдөн майнап чыгарынан күмөн санашат.

Киевдин тургуну Светлана Давыдова Стамбулдагы сүйлөшүүнү жетишкендик катары баалоодо:

"Албетте, биз күткөн же Украина муктаж болгон жыйынтык эмес. Ошентсе да, бул жетишкендик деп ойлойм. Биздин кишилер, каза болгон жоокерлерибиздин сөөгү кайтарылат, жайына берилет. Бул биздин команданын жетишкендиги".

Украин борбор калаасынын дагы бир тургуну, өзүн Сергей деп тааныштырган жаран:

"Алар бир нерсени макулдашабыз деп макулдашыптыр. Сүйлөшүүлөр уланат, орустар украиналыктарды өлтүрө берет. Алар Сумыда алдыга жылып жатат жана фронтто операцияларын улантууда. Эк чим эч нерсени токтоткон жок. Бардыгы Орусия каалагандай жүрүп жатат – алар сүйлөшүү жүргүзүп, ошол эле маалда согуштук аракеттерди күчөтүүдө, эмне кааласа, ошого жетишти", - деген оюн айтты.

Маалыматтарга караганда, бул ирет 25 жашка чейинки, оор жараат алган же катуу ооруган туткундарды алмашуу каралган.

Орус делегациясынын жетекчиси Владимир Мединский бул жараянга бир миңден көп киши камтылышы мүмкүн экенин билдирди.

Украинанын коргоо министри, Стамбулдагы сүйлөшүүлөргө барган топту жетектеген Рустем Умеровдун айтымында, эки тараптан тең курман болгон алты миңден аскердин сөөгүн айырбаштоо тууралуу макулдашылды.

Мединский болсо башкача маалымат берип, украиналык алты миң жоокер менен офицердин сөөгү “адамча көмүү үчүн” өткөрүлүп берилерин айтты.

Эки өлкө тең согуштагы жоготууларын жашырып, каршы тараптыкын көбөйтүп берип жүрөт.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус делегациясынын каза болгондордун сөөгүн жыйноо үчүн 2-3 күнгө ок атышпоо тууралуу берген сунушун сындады:

"Менимче, алар макоолор. Жарашуу режими эң биринчи кезекте курмандыктар болбосун деп киргизилет. Алардын ой жүгүртүүсүн ушундан баамдаса болот – муну согуштагы кыска тыныгуу деп аташат".

Украиналык балдарды мекенине кайтаруу талабы

Кездешүүдө Киев Москва уурдап кеткен деген балдарды мекенине кайтаруу маселеси да козголду. Умеров орус делегациясына Орусияда жана оккупацияланган аймактарда жүргөн бир нече жүз наристенин тизмеси берилгенин билдирди.

Мединский кеп болгон 339 баланы Москва уурдалган деп эсептебей турганын белгиледи:

"Украина Орусия алып кетти деген балдардын тизмесин алдык. Өзүңөр көргөндөй, 1,5 миллион же 20 миң эмес, 339 ысым жазылган. Биз ар бирин карап чыгабыз, себеби бул реалдуу сан. Бирин калтырбай карап чыгабыз".

2023-жылы 17-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путинди жана Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мария Львова-Белованы камоо ордерин чыгарган. Алар оккупацияланган украин аймактарынан балдарды Орусияга мыйзамсыз депортациялоого жооптуу деп айыпталган. Мындай аракет эл аралык мыйзамдарда согуш кылмышы болуп эсептелет. Москва соттун дооматын четке каккан.

Орусиянын бийлиги балдарды уруштан коргоп, курсагын тойгузуп, башкалка берип жатканын, гуманитардык максатты гана көздөгөнүн айтып келет.

"Меморандум Путиндин билдирүүлөрүнүн уландысы"

Ал эми эң негизги маселеде – согушту жөнгө салуу же жок дегенде ок атууну убактылуу токтотуу жаатында тараптар мунасага келе алган жок.

Сүйлөшүүлөр алдында делегациялар тынчтык орнотуунун шарттары камтылган меморандумдар менен алмашышат деп айтылган.

Киев өзүнүн документин бир нече күн мурун Мединскийге тапшырганы менен каршы тараптан кездешүү болгон күнү гана алышканын маалымдады.

Орусиянын медиасы басып чыгарган меморандум, байкоочулар белгилегендей, Украинадан багынып берүүнү талап кылган шарттарды эске салат.

Кремл Киев оккупацияланган 5 аймакты Орусияныкы деп таанууга, аскердик блокторго кошулбоого, армиясынын санын чектөөгө, орус тилине мамлекеттик деген макам берүүгө жана Орусияга салынган санкцияларды алууну колдоого тийиш деп эсептейт.

Ок атууну токтотуу үчүн украин аскерлери Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарында кармаш тилкесинен алынып кетиши керек деген шарт коюлган. Экинчи вариант катары Украина толугу менен чет жактан берилген жардамдан баш тартууга, мобилизацияны токтотууга, демобилизация жарыялоого, согуштук абалды алып салып, шайлоо өткөрүүгө тийиш.

Мындай талаптардын көбү Орусия тараптан буга чейин эле айтылып келген. Украина аларды четке кагууда.

"Бул меморандумдун мааниси тууралуу орус делегациясы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чын ыкластан катышып жатат деп ишенсек сөз кылса болор эле. Балким алар адашып жатат, балким реалдуу эмес талаптарды коюп жатышат, бирок иш жүзүндө согушка чекит коюуну каалашат деп айтмакпыз. Бирок азыркыга чейин уруштун, Путиндин билдирүүлөрүнүн айланасында көрүп жаткандарыбыздан баамдасак, Орусия жеңип жатат деп катуу ишенет, бир аз күтүп, катуураак басым кылып койсок, Украина багынат деп ойлошот. Меморандум ошол жараяндын уландысы гана болуп калды. Ал Орусиянын тынчтык орнотуу ниети деп аталган кадамдарын калган дүйнөгө көргөзүүнү көздөйт. Ал ниети орус аскерлеринин аракеттерине таптакыр төп келбейт. Андыктан, менимче, документтин өзү маанилүү эмес. Анын функциясы жана кандай максатты көздөгөнү маанилүү. Биринчи кезекте Дональд Трампка ал демилгечи болгон сүйлөшүүлөрдү Орусия каалайт деп айткылары келет", - деп эсептейт “Новая газета Европа” басылмасынын башкы редактору Кирилл Мартынов.

Өз кезегинде Киев тынчтык орнотуу сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн ок атууну кеминде 30 күнгө токтотуу, согуш туткундарынын бардыгын айырбаштоо, аймактык талаштарды убактылуу жарашуу жарыяланганда гана талкуулоо шарттарын койгон. Андан тышкары эл аралык коомчулуктун катышуусунда кепилдиктерди иштеп чыгууну сунуш кылып, андан кийин Орусияга каршы санкцияларды баскыч-баскыч менен алууга өбөлгө түзүүгө даяр болорун билдирди.

Украин делегациясы Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин кездешүүсүн уюштурууга кам көрүүнү сунуш кылганы маалымалды.

Ушундай эле демилгени сүйлөшүүлөргө арачы түшкөн Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган көтөрүп, АКШнын президенти Дональд Трамп жана өзү да катышарын айткан.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливиттин айтымында, Трамп Эрдогандын сунушуна макул болду, бирок Зеленский менен Путин бир столго отурууга даяр болушу керек деп билдирди.

Мунун алдында украин лидери түрк президентинин сунушун колдой турганын айткан.

Кан төгүүнү токтотууга багытталган мындай дипломатиялык аракеттер орус армиясы Украинанын жер-жерине жапырт сокку уруп жаткан маалда көрүлүүдө.

Жооп иретинде 1-июнда украин куралдуу күчтөрү Орусиянын стратегиялык авиациясы орун алган авиа базаларды бутага алган.

Иликтөөчү журналисттер менен аналитиктер спутниктерден тартылган сүрөттөргө таянып Орусия кеминде 10 стратегиялык бомба таштоочу учагын жоготконун бышыкташты.

Шерине

XS
SM
MD
LG