Ондогон жарандар туткунда
«Эже, саламатсызбы! Мен аман-эсенмин. Менде баары жакшы. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо, менин үйгө кайтуумду кааласаңар, мени тез арада алмаштыруу үчүн аскер прокуратурасына, адвокатка кайрылгылачы".
Бул Украинада туткунга түшүп калган 28 жаштагы тажик жараны Акрамбек Абдулназаровдун карачечекей эжесине жазган каттарынын бири.
Абдулназаровдун тагдыры Орусияга иштегени кетип, согушка тартылган жүздөгөн эмгек мигранттардыкына окшош.
"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, ал Орусияга 2018-жылы барып, 2022-жылы убактылуу жашап турууга уруксат мөөнөтү бүткөндөн кийин Тажикстанга, Тоолуу Бадахшанга кетем деп жүргөн. Бирок миграциялык эрежелерди бузган деген негизде кармалып, камакка алынган. Темир тор артында орус жарандыгы алуу үчүн Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүүнү сунушташкан.
Абдулназаровдун туткундагы видеосун украиналык «Пленные СВО» долбоору быйыл октябрдын этегинде жарыялады. Ошондон бери тажик бийлиги андан кабар алдыбы, жокпу белгисиз.
Украинанын мамлекеттик «Хочу жить» долбоорунун эсебинде, ушул тапта Орусия согушка тарткан борборазиялык ондогон жарандар туткунда.
Алардын айрымдары үй-бүлө, жакындарына жана өз өлкөсүнүн бийликтерине мекенине кайтарууну өтүнүп видеокайрылуу жолдошкон.
58 жаштагы кыргызстандык Алисир Турсунов былтыр президенти Садыр Жапаровго кайрылып, үйүнө кайтууга көмөктөшүүнү суранган. Алишер Турсунов Орусияга - Раязанга балдарына барганда көчөдө аны полиция кармап, согушка мажбурлап алып кеткенин айтып берген. Өзбек жана орус тилдеринде сүйлөгөн киши Кыргызстандын жараны экенин, Ош шаарынан болорун белгилеген. Андан эки ай өткөндөн кийин Украина туткундарды айырбаштоонун алкагында Алишер Турсуновду Орусияга өткөрүп бергени кабарланган.
Расмий Бишкек анын видеокайрылуусуна комментарий берген эмес.
Жазында украиналык блогер Владимир Золкин туткунга түшкөн казак жарандары Ербол Ордабаев жана Шерхан Егамбердиев менен маекти жарыялаган.
Алар анда согушка кантип барып калганын саймедиреп беришкен. Бири Сибирде вахтада иштеп жүрүп келишимге кол койсо, экинчиси Орусияда эс алып жүргөн учурдагы жоругу үчүн кылмыш жообуна тартылуудан кооптонуп майданга барууга макул болгон экен. Бул маек Орусия Украинага каршы ачкан согушка Казакстандын жарандарын да тартып жатканына айныксыз далил болуп берген.
Ошондон кийин казакстандык дипломаттар Украинанын согуш туткундарынын кайрылуулары менен иштеген координациялык штабынын өкүлдөрү менен жолугушкан.
«Хочу жить» Астана согушка жалдангандарга байланышкан ишти иликтөөгө байкоо саларын айтып, өз жарандарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү убада кылганын кабарлаган.
Алмашуудан кийин кайра согушка
Ушул кабарлардан бир нече жумадан кийин Ордабаев менен Егамбердиев Москва менен Киевдин ортосундагы туткун алмашуунун алкагында Орусияга өткөрүлүп берилген.
20 жаштагы Егамбердиев Орусияга өткөрүлгөндө ФСБнын сурактарынан кийин аны кайрадан согушка салып, алдыңкы катарга жиберип жатканын жакындарына маалымдаган.
«Мени Донецк облусуна жөнөтүп жатышат, байланыш болбойт. Мындан ары эмне болорумду да билбейм. Аскердик тапшырма менен жибериши, башка нерселерди кылышы да мүмкүн. Билбейм... Мыйзам боюнча аскердик тапшырмага жибербеши керек, бирок бул жакта баарыбир. Согушкум келбейт, тынч жашоону каалайм, сүйүктүү кызыма, үй-бүлөмө кайткым келет», - деп видео жиберген ал.
Анын бир тууганы Асел Егамбердиева орусиялык Astra Телеграм каналына иниси алмаштырылган учурда апасы барганын айтып берген.
«Жолугушууга уруксат беришкен эмес, бирок алар Москва облусунун Мосрентген шаарчасындагы № 61899 аскер бөлүгүндө темир тор аркылуу сүйлөшкөн», — деди Асел.
Шерхан Егамбердиев кайда, тагдыры эмне болду, азырынча кабар жок. Эжеси Асел "Азаттыктын" телефон чалууларына жана мессенжердеги кайрылуусуна жооп берген жок.
«Негизинен, баарын [туткундарды] алмашкандан кийин кайра согушка айдашат, эгерде алардык колу-буту жайында болсо... Орусиялык аскерлер үчүн туткунда болуу армиядан кетүүгө шарт түзбөйт», — деп билдиришти "Азаттык Азияга" украиналык «Хочу жить» долбоорунун өкүлдөрү.
Ал эми Ерболат Ордабаев да кайрадан согушка айдалган болушу мүмкүн. Анын аты-жөнүн ачык чыгарбоону суранган тууганы Ерболат маал-маалы менен байланышка чыгып жатканын маалымдады.
Казак бийлиги Ордабаев менен Егамбердиевди өткөрүп алуу боюнча Орусияга кайрылдыбы, жокпу беймаалым.
- Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринде, анын ичинде Казакстанда да чет мамлекеттердеги куралдуу конфликттерге катышкандар, жалдангандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
- Бирок аймактагы өлкөлөрдүн Украинадагы согушка тартылган жарандарын экстрадициялоону талап кылганы тууралуу маалымат жок.
«Алар көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүүгө аракет кылышат, ошол эле маалда орус бийлигинин кыжырына тийгиси келбейт. Алар сындоодон карманып турушат», - деген пикирде саясат таануучу, Лондондогу Central Asia Due Diligence талдоо борборунун директору Алишер Илхамов.
Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын бийликтери Украинага каршы согушка катышкандан кийин өлкөгө кайткан жарандарды кылмыш жообуна тарткан учурлар болду. Мыйзамга ылайык, алар айыптуу деп табылып, беш жылга чейинки мөөнөттө эркинен ажыратылат.
Тажикстан согушка тартылган жарандарга байланыштуу бир дагы кылмыш ичин ача электигин өлкөнүн башкы прокурору билдирген. Байкоочулар муну Орусияда эмгектенген мигранттар которгон акчадан көз каранды болгон Дүйшөмбүнүн азыр согушту улантуу үчүн адам ресурсуна муктаж болуп турган Москвага берилгендигин көрсөтүү аракети катары баалашат.
Борбор Азия мамлекеттери туткундарды өткөрүп алуу тууралуу өтүнүч мындай турсун, Орусиянын жарандарды жапырт согушка азгыруусуна каршы тура албай жатканын Илхамов белгиледи.
Анын баамында, Өзбекстандын атайын кызматы жакында эле чыгарган документалдуу тасманы Орусиянын өзбек жарандарын согушка азгыруусуна карата Ташкенттин кыйыр жообу катары сыпаттаса болот. Тасманцн каармандары Орусияда согушка баруу тууралуу келишимге кол коердон мурда кандай алдамчылыкка, коркутууларга кабылганын айтышат.
«Ал жерде [тасмада] мигранттарды согушка тартуу боюнча максаттуу саясат жүргүзүп жаткан орус бийлигинин дарегине карата бир грамм сын жок. Кимдир бирөөнү алар басым алдында, кылмыш ишин ачам деп же депортация менен коркутуп азгырып жатат. Анда [тасмада] кээ бирлерди алдап же басым жасаганы айтылып атат, бирок, ким тарабынан, артында ким, кандай саясат турганы айтылбайт. Бул тема табу бойдон калууда. Алар эки үстөлдүн ортосунда отурууга умтулууда: бир жагынан Өзбекстан жарандарынын катышуусуна [согушка] жол бербөө, ошол эле кезде Путин менен мамилени бузуп албоо.
Быйыл ноябрда «Хочу жить» Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө Борбор Азия мамлекеттеринен 7,5 миңден ашуун адам тартылганын жазган. Анын бир жарым миңдейи согушта каза тапканын жар салган. Аталган долбоор согушка азгырылган жарандардын тизмесин, аты-жөнүн чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн бийлигине бергенин жарыялаган.
Украиналык бул долбоордун өкүлдөрү Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн кандай жооп болгону, алардан дипломатиялык же башка каналдар аркылуу туткунга түшүп калган жарандарды өткөрүп алуу боюнча өтүнүчтөр түштүбү деген суроого жооп беришкен жок.
«Бул өтө аяр маселе, биз ага комментарий бере албайбыз», — деп билдирди «Хочу жить» долбоору.