Кытайдын Weibo социалдык түйүнүндө жарыяланган жарнамада эркектер күнүмдүк жумуштарын таштап, Украинага Орусия үчүн согушууга кетип жатканы тартылган.
Орус тилиндеги видео, кытайча субтитр менен берилген.
Ал "Сен эркексиң. Эркек бол!" деген ураан менен аяктайт.
Андан соң, катталган жоокерлерге 7 миңден 21 миң долларга чейин бир жолку бонус берилери, андан тышкары айлык акысы болжол менен 2 400 доллар болору айтылат.
Кийинчерээк Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияны Кытай жарандарынын катарынан аскер жалдоону "атайын кампанияга" айландырды деп айыптап чыкты.
Анын айтуусуна караганда, жакында эле Донецк облусунда туткунга түшкөн эки кытай жаранынан тышкары Орусия үчүн согушуп жаткан кеминде 155тей кытайлык бар.
Кытай жарандарынын Украина же Орусия үчүн согушуп жатканы тууралуу маалыматтар согуштун алгачкы күндөрүнөн бери тараса да, Зеленскийдин акыркы билдирүүсү дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурду.
Украин президентинин сөздөрү "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун буга чейин эле жарыялаган чет элдик жалданма аскерлер тууралуу иликтөөдө айтылгандарды бышыктайт. Ал маалыматтардын катарында буга чейин ооруканада дарыланып жаткан кытай жараны тууралуу эксклюзивдүү документтер болгон.
Ал киши өзү да Кытай жараны экенин ырастап, орус армиясынын катарында согушканын мойнуна алган, бирок кошумча маалымат берүүдөн баш тарткан.
Кытай жарандары эмнеге Орусия үчүн согушуп жатат?
Эң чоң себеп – каржылык кызыкчылык. Кытайдагы социалдык тармактарга жайгаштырылган жарнамаларда маяна бул өлкөнүн чакан шаарларындагы орточо кирешеден кыйла жогору экени белгиленет. Ал жарнамалардын астындагы комментарийлерде көбүнчө акча тууралуу жана канчалык деңгээлде орус тилин билүү керек деген сыяктуу суроолор көп берилгенин байкоого болот.
Бирок бул кытай жарандарынын мамлекеттик тапшырма менен жөнөтүлүп жатышынын эч кандай далили жок.
Орус армиясынын катарында согушуп жүргөндөрдүн көбүнүн аскердик тажрыйбасы да жок. Зеленскийдин 9-апрелде жарыялаган видеосунда кармалган кытай жараны курал кармап көрбөгөнүн жана согуштук даярдыктан Орусияга барганда гана өткөнүн айткан.
Башкалары болсо согуш талаасында тажрыйба топтоо максатында катталганын билдиришет.
Жакында YouTube’да жарыяланган маекте кытайлык журналист Чай Цзин согуш майданында жүргөн кытай жараны менен баарлашкан. Ал адам өзүнүн каймана аты менен тааныштырып, кантип жана эмне себептен Орусия тарапка өткөнүн түшүндүргөн. Ал 2023-жылдын аягында туристтик виза менен Орусияга учуп келип, орус армиясына кошулганын, учурда Украинанын чыгышындагы согуш талаасындагы "чабуул тобунун" мүчөсү экенин айткан. Ал өзү тарткан видеолорду көрсөтүп, алардын бири Бахмут шаарындагы салгылашууларда тартылганын айткан.
Ал ошондой эле орус армиясында кызмат өтөп жаткан чет элдик жоокерлердин алдында турган кыйынчылыктар жөнүндө айтып берген. Алардын арасында тил тоскоолдуктары жана расалык дискриминация бар экенин белгилеген.
Ал өзү мурда Кытай армиясында кызмат өтөгөнүн, согушка кошулуу чечимине акча да таасир эткенин, бирок негизги себептердин бири согуш тажрыйбасын топтоону каалагынын айтты.
Андан тышкары Украинадагы согушта башынан өткөргөндөрүн кытайлык социалдык тармактарда бөлүшүп, таасирлерин айтып келген.
“Бир күнү бул жакта каза болуп калышым мүмкүн экенин түшүндүм, ошондуктан Кытай эли көптөн бери согуш көрбөгөнүн эске алып, чыныгы тажрыйбаларым менен бөлүшүүнү чечтим”, — деди ал.
Бээжиндин реакциясы
Кытай — Орусиянын эң жакын өнөктөшү катары саналат.
Батыш өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрү Кытай согуш учурунда Орусияны экономикалык жактан колдоп келгенин белгилеп келишет.
Ошол эле маалда, Бээжин Москвага аскердик жардам жөнөтүүдөн карманып келет. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги да өз жарандарын согуштан оолак болууга чакырып, "кытай жарандары согушка жапырт катышып жатат"деген маалыматтар негизсиз экенин билдирген.
Зеленский өзү кытай өкмөтү жарандарынын Украинадагы жалданма аскер катары катышуусуна уруксат берген деп ачык айткан жок.
Бирок ал Бээжинди Орусиянын аракеттерине көз жумуп койду деп айыптады.
Кытайдын интернети катуу көзөмөлдө, социалдык тармактар катуу цензурадан өтөт, бирок ошого карабай, айрымдарында бир нече айдан бери аскерге жалдоо тууралуу жарыялар дагы деле интернетте бар жана эл арасында таратылып жатат.
Шерине