Сүттү кайра иштетүүчүлөр учурда Кыргызстандын базарлары Орусия менен Беларустан келген арзан сүт азыктарына толуп калганын, депутаттардын талабын аткаруу дээрлик мүмкүн эместигин, антпесе жабылууга аргасыз болорун айтып жатат.
Жогорку Кеңеш былтыр сүттүн баасын жөнгө салууга байланыштуу атайын мыйзам кабыл алган, бирок ага президент Садыр Жапаров каршы пикирин билдирип, кол койбой артка кайтарган.
Документтин автору, депутат Акылбек Түмөнбаев быйыл апрель айында аны токтом кылып кайра даярдап, документ парламентте колдоо тапкан. Анда сүттүн бир литринин баасы 40 сомдон кем болбосун деген шарт жазылган.
Түмөнбаев 8-майда парламентте бул токтом үч айдан бери аткарылбай жатканын айтып, буга байланыштуу өкмөт өкүлдөрүн келерки аптада чакырып маалымат алууну сунуштады:
"Жогорку Кеңеште "Сүттү сатып алуудагы бааны жөнгө салуу жөнүндө" токтом кабыл алып бергенбиз. Мына үч айдын жүзү болду. Жүздөгөн, миңдеген фермерлер "токтом чыгардыңар эле, күтүп отурабыз" дейт. Сокулукта, Беловодскиде эл митинг кылып, кайрылып жатат. Бүгүн дагы алар Жогорку Кеңешке келип, "токтомуңар ишке ашабы же жокпу" деп сурашты. Урматтуу төрага, Нурлан Тургунбекович, протоколдук тапшырма берип, ошол токтомду ишке ашыруу боюнча өкмөткө катуураак айтыш керек го. Кийинки жумага өкмөттү, тиешелүү министрликтин өкүлдөрүн чакырып, күн тартибине киргизип, кандай иштеп жатканына жооп берсин".
Бул жыйында депутат Аманкан Кенжебаев сүт баасынан чыккан жагдайга Монополияга каршы агенттик кийлигишүүсү керектигин билдирди. Ал парламенттеги президенттин жана өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, элдин талабын талкуулоого чакырды:
"Сүттүн баасы аймактарда 25-29 сомго чейин түшүп кетти. Эл азыр "эмне үчүн сүттүн баасы бизде түшөт, бирок дүкөндөрдө ошол эле бойдон турат?" деп сурап жатат. Монополияга каршы агенттикке тапшырма берсек, ушуну алар карап чыкса. Элдин баары бизге кайрылып жатат. Бул негизи Жогорку Кеңештин маселеси эмес болчу. Бул өкмөттүн маселеси. Бирок элдин баары бизге кайрылып жатат. Алмазбек Акунжанович, тапшырма берип, ушул сүттүн баасын караттырсаңар".
Аманкан Кенжебаев кийинчерээк "Азаттыкка" комментарий берип, 40 сом деген талапты ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин мойнуна алды. Ал өкмөт аркылуу сүткө эки мезгилде эки башка баа киргизүү жагы каралып жатканын билдирди:
"Биз сүттүн баасы 40 сомдон кем болбосун деген токтом чыгарбадык беле. Ошол бир аз реалдуу эмес болуп калыптыр. Менимче, эки башка баа койсок болмок экен. Жайында сүт көбөйөт, баасы түшөт, биз аны билебиз. Ошондуктан жайкысын бир баа, кышкысын бир баа болсун деп өкмөткө сунуш кылганбыз. Экономика министрлиги бизге реалдуу сунуш бере алган жок. Ошону менен туруп калып жатат. Эми муну өкмөт карайт го. Эл бизден бардык жерде эле суранып жатат. Биз мыйзам чыгаруу органыбыз. Аткаруу бийлиги караш керек. Бул тапшырманы өкмөт Экономика министрлигине берген. Алар азырынча чечим чыгара элек".
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда бир жылдык сүт өндүрүү болжол менен 1,6-1,8 миллион тоннаны түзөт. Анын 2,5% гана өнөр жайлык кайра иштетүүгө кетет.
Сүттү кайра иштеткен "Талас даамы" фирмасынын директору Бактыбек Тууганбаев комментарий берип жатып, "сүттүн бир литринин баасы 40 сомдон кем болбосун" деген талапты ишке ашыруу азыркы шартта такыр мүмкүн эместигин айтты.
Ал Кыргызстандын базары учурда Орусиядан, Беларустан келген арзан сүт азыктарына толуп калганын белгиледи. Эгер ишкерлерди мажбурлай берсе ишканалар токтоп каларын, же болбосо сырттан келген кургак сүттү иштетүүгө өтөрүн белгиледи:
"Баары келип-келип эле Кыргызстандагы экспорттун токтоп калганына такалып жатат. Маселе Орусиянын согушунан башталды. Орусия менен Беларус санкцияга илинди. Буга чейин Кыргызстанда чыгарылган өнүмдү Орусия алчу. Азыр Европа Орусияга жабылгандан кийин продукция өздөрүндө көбөйүп кеткен. Аларда экспорт токтоп, эч жакка сата албай калды. Азыр Орусияда сүттүн баасы 20-25 эле сом, интернетке кирсеңер. Казакстанда болсо заводдорго 30 сомдон сүт келип жатат. Азыр Орусиянын товарлары Кыргызстан менен Казакстанда толуп калды. Кыргызстан менен Казакстандагы заводдорунун логистикасын төлөп берип жатат. Базар деген бар да. Базарда кайсы жакта кымбат болсо, ошол жактан кетет. Бизде азыр Орусиядан, Беларустан келген товарлар толуп кетти. Ушунун айынан Казакстанда көп заводдор токтоп калды. Беларустан келген кургак сүттү деле кайра калыбына келтирип, сүт, сыр жасаса болот. Кээ бир, мисалы, балмуздак чыгарган заводдор ошол кургак сүткө өтүп алган. Эгер бизде сүт 40 сом болсо, ошол кургак сүткө биз дагы өтөбүз. Бул жерде ким утулат, мен түшүнбөйм. Сүттүн баасы 40 сом болсун деген - бүгүнкү күндө жомок. Биз азыр сүттү 25 сомдон 35 сомго чейин алып жатабыз. Фермерлерден кымбат алабыз. Сүттүн 1,2,3 деген сорттору бар да. Элдики болсо арзан. Анткени элден алынган сүттө сапат, майлуулугу жок. Анын сапатка алып келүү өтө кыйын. Азыр эми бизди 40 сом болсун деп кыйнап жатат. Эгер анте берсе, заводдордун баары жабылат. Бул жөн гана популисттик талап, элге жагынгылары келип жатат. 40 сом деген баа азыр жок. Евразиялык экономикалык биримдиктин бизде базары бар. Биз аны жаап коё албайбыз. Биз Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевге чыкканбыз, "бизге анда ошол базарды жаап бергиле, биз кымбат алалы" дегенбиз. Ал болсо биз анте албайбыз деген".
Бактыбек Тууганбаев сүттү кайра иштетүү заводдорунун маселелерине дагы токтолду. Ал бул тармакка, ишкерлерге мамлекеттен колдоо керектигин билдирди.
"Бардык эле жерде мамлекет жардам берет. Ошол эле Казакстанда өкмөт жардам берет. Биз өкмөт менен эки-үч жолу жолукканбыз, биздин шартыбызды айтканбыз. Биз аларда сатуудан түшкөн 4% салыкты 1% түшүрүп бергиле деп сунуштадык. Бул кайра иштетүүчүлөргө бир аз дагы болсо жардам. Кирешеден түшкөн салык 10%, аны убактылуу алып тургула деп жатабыз. Жок дегенде заводдор иштесин, Казакстанга теңелели дейбиз. Билбейм, болот деп жатышат. Ошону күтүп жатабыз. Биз ошондой эле дүкөндөрдөгү текчелерге дагы бөлүп бергиле деп дагы суранганбыз. Накта азыктан, Кыргызстанда жасалган азыктар өзүнчө турсун дегенбиз. Башка өлкөлөрдө деле таза азыктан өндүрүлгөн товарлар өзүнчө турат. Бизде азыр 6% менен жеңилдетилген насыя берет. Эгер кайра иштетүүчүлөрдү колдойбуз десе, анын пайызын дагы төмөндөтүп берсе жакшы болмок. Биздин заводдо, мисалы, 80-85% чийки затка, калган 15% гана өзүбүзгө иштейбиз".
Кыргызстанда сүт багытында жалпысынан 85 ири жана чакан кайра иштетүүчү заводдор бар. Анын ичинен 42си Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) бирдиктүү реестрине кирген жана алар уюм ичиндеги өлкөлөргө сүттү экспорттой алат.
Ушул кезге чейин кайра иштетүү үчүн чийки заттын дээрлик баары, же 98% ашыгы калктын жеке чарбаларында өндүрүлөт. Алар чийки затты майда дүң сатуучулар же болбосо түз эле завод аркылуу сатышат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков сүттүн баасын бычуудагы жагдайларга токтолду:
"Жогорку Кеңештин токтому сунуш гана катары каралат. Сүттүн баасын коюш үчүн атайын методология болушу керек. Андан сырткары нормага ылайык, өкмөттүн токтому менен 3,4% майлуулук бекиген. Бааны ошол нормадан чыгарышат. Эгер 3,1 же 3,3% майлуу сүт алып келе турган болсо, албетте, анда баасы төмөндөйт. Эгер 10 литр сүттөн бир литр гана каймак чыга турган болсо, анда бул заводдорго пайдалуу эмес да. Мындайча айтканда, завод сууну эле алып жатат да, аны кантип кайра иштетет? Экинчиден, мезгилдик фактор да бар. Мисалы, уйлар жазында көк чөпкө чыкканда сүттүн майлуулугу түшөт. Анан июнь айларында кайра калыбына келет. Биз азыр кайра иштетүүчү ишканалар менен иш алып барып жатабыз. Өткөн аптада Москва, Сокулук райондорунда эл менен жолугушуулар өттү. Ишканалар, сүт ташуучулар менен келишим түзүлүп, сүттүн майлуулугуна жараша 34-35 сомго алып жатышат. Бул жерде тоют маселеси бар. Эгер ал чечилсе, мындай көйгөйлөр азаят".
Кыргызстанда сүттүн баасына байланыштуу маселе дээрдик жылда жаралат. Мындан улам Таласта жергиликтүү тургундар нааразылык акцияларын өткөргөн, тонналаган сүт төгүлгөн учурлар катталган.