Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:49

Негизги тогуз азык: Кыргызстан үчөө менен гана өзүн камсыздайт


Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн аныкталган эң керектүү тамак-аштын тогуз түрү.
Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн аныкталган эң керектүү тамак-аштын тогуз түрү.

Украинадагы Орусия баштаган согуш дүйнө экономикасын бир топ өзгөрүүлөргө учуратты. Санкциялар мунай, күйүүчү май, жер семирткичтерди кымбаттатып жатса, экспортко кирген чектөөлөр дан азыктары сыяктуу бир нече товардын баасына таасир этти. Ушундан улам азык-түлүк коопсуздугу көп өлкөлөрдө бир топ актуалдашты.

Кыргызстанда бул жагынан узактан бери көйгөй бар. Өлкө маанилүү азык-түлүктөрдүн көпчүлүгүн сырттан ташыйт. “Элдик экономика” түрмөгүнүн жаңы чыгарылышында мына ушул тема талданды.

Негизи тогуз азык

Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн тамак-аштын эң керектүү тогуз түрү аныкталган. Алар:

  1. Нан азыктары;
  2. Картошка;
  3. Мөмө жана жер-жемиштер;
  4. Жашылча жана бакча өсүмдүктөрү;
  5. Кумшекер;
  6. Өсүмдүк майы;
  7. Сүт азыктары;
  8. Эт азыктары;
  9. Жумуртка;

Эгер бул азыктарды саны жагынан карасак, Кыргызстан анын үчөөсүн – картошка, сүт жана жашылча менен гана өзүн толук камсыздай алат. Калгандарынын көбүн сырттан ташыйт. Эгер пайыздык көрсөткүчтөр менен карасак, аталган маанилүү товарлардын 70% башка өлкөлөрдөн сатылып келет.

Биз баяныбызда ушул позициялар боюнча керектөөнү жана өндүрүштү салыштырып көрөбүз. Адатта керектөө калктын санына жараша, ал эми өндүрүш айдоо аянтынын көлөмүнө жараша өсүп же кемип турары белгилүү. Ошол себептүү биз негизинен өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө карап иш тутабыз.

Буудай

Алгач тизменин башындагы азыктан – нандан баштайлы. Бул – биринчи кезекте буудай. Кыргызстандыктар иш жүзүндө буудайды жылына дээрлик 1 миллион тоннага жакын керектейт. Бирок, расмий органдар аны киши башына 115,3 килограммдан эсептеп, андан чыккан санды база катары пайдаланышат.

Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн санагында, Кыргызстан 2021-жылы 769 миң тонна буудай керектеди. Ушул эле жылы өлкө болгону 393 миң тонна өндүрдү. Башкача айтканда, өзүн-өзү 51,1% гана камсыздады. Калганынын баарын сырттан алган.

Кыргызстандын буудайды керектөөсү жана өндүрүшү. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салыштыруу.
Кыргызстандын буудайды керектөөсү жана өндүрүшү. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салыштыруу.

Айрым адистер кыргыз дыйкандары былтыр ушунча буудай өндүргөнүнөн күмөн санашат. Себеби, айдоо аянттары азайып кеткен жана кургакчылыктан катуу жабыр тартты. Ошентсе да эксперттер бул жаатта Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү абдан чоң экенин белгилешет.

Мурдагы айыл чарба министри, академик Жамин Акималиев СССРдин тушунда Кыргызстандын аймагында 1,5 млн. тонна, айрым учурларда 1,7 млн. тоннага чейин буудай өндүрүлгөнүн эске салууда. Анын айтымында, эгемендик учурунда деле кээ бир жылдары өлкө өз талааларынан 1 млн. тоннадай буудай алган экен.

Кийин Орусия менен Казакстандан арзан буудай алынып келип, саясат ушул жакка оогондон кийин буудай аянттары кескин кыскарып кеткен. Акималиев Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин бул дагы да күчөгөнүн, бирок өнөктөш өлкөлөр эки жолу чек араны жаап койгон учурда буудай кадимкидей тартыш болуп калганын эске салды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2001-жылы буудай аянттары 505 миң гектарды түзсө, 2011-жылы ал 377 миң гектар болуп калган. Эгер жаңы көрсөткүчтөргө үңүлсөк, 2021-жылы 250 миң гектар жерге буудай айдалган. Мындан биз тиешелүү аянттар 20 жылда 255 миң гектарга, 10 жылда 127 миң гектарга азайганын көрүп жатабыз.

Айыл чарба министрлиги 2022-жылга Кыргызстанда 256 миң гектар жерге буудай айдап-себүү планы коюлганын, бул былтыркыга салыштырмалуу алты миң гектарга көп экенин кабарлоодо. Орган “түшүмдүүлүктү көбөйтүү менен фермерлер быйылкыга 650 миң тонна буудай даярдашат” деп болжолдоп жатат.

Мекеменин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бексултан Арзыбаевдин айтымында, андай шартта Кыргызстан өз керектөөсүн 85% камсыздап калат. Бирок эми бул - план жана болжол. Ал канчалык аткарыларын жайкы аба ырайы менен күзгү түшүм көрсөтөт. Реалдуулукта өлкө буудайдын теңине импортко көз каранды бойдон калууда.

Украинадагы согушка байланыштуу дүйнөдөгү эң ири экспортёрлордун бири саналган Орусия марттын башында ЕАЭБге кирген өлкөлөргө дан азыктарын экспорттоого тыюу салып, апрелдин башында анысын кайра алды.

Аталган өлкөдөн буудайдын негизги бөлүгүн ташып келген Кыргызстан бул арада бир сыйра дүрбөлөңгө түшүп алды. Улам-улам ушундай абалга түшпөш үчүн балким, өлкө өзүн толук камсыз кылууга өткөнү оңдур.

Картошка

Буудайдан кийинки эле тоюмдуу азык катары картошка - Кыргызстанда маанилүү азыктардын экинчи сабында. Эл өзү да аны көп жейт, бирок тоолуу өлкө түшүмүн өзү жегенден ашыкча жыйнайт.

Жан башына 98,6 килограммдык норма менен санаганда калкка 657 миң тонна картошка зарыл болсо, өткөн жылдын жыйынтыгында республикада бул продукт 1 млн. 396 миң тоннадай казылган. Бул өзүн-өзү 155% камсыздоо дегендик.

Кыргызстандын картошканы керектөөсү жана өндүрүшү. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салыштыруу.
Кыргызстандын картошканы керектөөсү жана өндүрүшү. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салыштыруу.

Бул–жакшы көрүнүш. Логикага салсак, ашыкчасын сыртка экспорттоп, же кампаларда сактап жатабыз деп түшүнүшүбүз керек. Бирок мунун экөөндө тең көйгөй бар сыяктуу.

Дегенибиз, өзүбүз керектегенден калган картошка 700 миң тоннадан ашык болуп жатат. Эгер анын 100-200 миң тоннасы үрөн катары пайдаланылды деп бааласак, жок дегенде 500-600 миң тоннадай картошканы чет жакка экспорттошубуз керек эле. Расмий эсепте, былтыр кыргыз фермерлери сыртка болгону 52 миң тонна эле сатыптыр.

Калганы кайда калды? Кампаларда сакталып жатабы? Академик Жамин Акималиев мындан күмөн санайт. Анткени, өлкөдө эл аралык талапка жооп берген 10 чакты гана ири логистикалык борборлор бар жана алар бардык азыктарды батыра албайт. Калгандары майдараак, көпчүлүк дыйкандар түшүмдөрүн атүгүл үйлөрүндөгү жертөлөлөрдө деле сакташы мүмкүн. Бирок алар стандартка туура келбейт. Ошол себептүү адис “картошканын негизги запасы бузулуп кетип жатканын” белгилейт.

Кыргызстанда картошканын аянты былтыр 75 миң гектар болсо, быйыл 77 миң гектарга айдалганы жатат. Түшүмдүүлүк мурдагыдай эле болот деп күтүлүүдө. Ошондо дүң жыйым деле жылдагыдай пландалууда.

Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев жергиликтүү басылмаларга курган маегинде, буудай, ун жана башка нан азыктары кымбаттагандыктан, Кыргызстанда калк картошкага көп басым жасай турганын, натыйжада анын баасы да көтөрүлөрүн эскертти.

Мөмө жана жер-жемиш

Кыргыз өкмөтүнүн тамак-аш коопсуздугу тууралуу токтомундагы тизмеде, мөмө-жемиштер жана жер-жемиштер үчүнчү сапка коюлган. Бул өсүмдүктөрдүн биринчи тобуна алма, алмурут, өрүк, шабдалы, кайналы, алча, гилас, жүзүм, анар сыяктуулар кирсе, экинчи тобуна кулпунай, бүлдүркөн, малина, чычырканак, карагат сыяктуулар кошулат.

Айыл чарба министрлигинин тиешелүү бөлүмү жемиштердин ар бирин өз-өзүнчө эмес, баарын чогуу карап, керектөө менен өндүрүштүн эсебин жалпылап алып барат.

Алардын маалыматына таянсак, жогорудагы азыктарды кыргызстандыктар жылына 825 миң тонна керектейт экен. Ошол эле маалда былтыр 12 айда жергиликтүү ишкерлер 289 миң тонна гана мөмө жана жер-жемиштерди өндүрүптүр. Ошондо өздүк камсыздоо болгону 31% түзөт экен.

Кыргызстандын мөмө жана жер-жемишти керектөөсү жана өндүрүшү. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салыштыруу.
Кыргызстандын мөмө жана жер-жемишти керектөөсү жана өндүрүшү. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салыштыруу.

Балким, кеп кылып жаткан позиция боюнча керектөө быйыл өсөт. Бирок түшүм азыркыдан ашык болжолдонгон эмес. Азыктардын бул түрүн эмне үчүн аз өндүрөбүз? Себеби, алардын аянттары аз.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, Кыргызстандын мөмө жана жер-жемиштеринин аянты (жүзүм талаасын кошкондо) 50-60 миң гектар. Бул көрсөткүч эгемендик алгандан бери эки-үч миң гектарга эле өйдө-төмөн болбосо, дээрлик ушунун тегерегинде кармалып келиптир.

Мунун көбөйбөй жатканына аталган багыттар боюнча фермерлик менен багбанчылыктын анча өнүкпөгөнү себеп болуп жатканы түшүнүктүү. Ошол эле маалда бак тигүүгө, дегеле башка өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жарактуу сугат талаалардын жетишсиз экени да бир фактор. Тагыраагы, жер бар, бирок ал ыңгайлаштырылган эмес.

Мурдагы айыл чарба министри Төрөгул Беков анча жарактуу эмес жайыттарды трансформациялоо менен айдоо аянттарынын санын көбөйтсө болорун белгилейт. Мисал катары Ысык-Көл облусундагы көлдүн айланасын курчаган дөңсөөлөрдү, Баткен облусундагы бопбоз талааларды атап өттү. Бул аймактар таштуу болгондуктан, андагы чөптөр тез эле куурап калат, иш жүзүндө эрте жаздан башка мезгилде дээрлик пайдасыз турат. Бирок, ал аймактарга ар кайсы технологиялар менен суу жеткирилсе кадимкидей түшүм бергенге жарактуу болуп калат.

Бековдун пикиринде, мындай жол менен мөмө жана жер-жемиштеринин аянтын азыркы 50 миң гектардан 500 миң гектарга көбөйтүп, 300 миң тонналык түшүмдү 3 млн. тоннага чейин жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар экен. Андай болсо Кыргызстан өз керектөөсүн үч-төрт эсе артыкча камсыздап, ашканын сыртка сатмак окшойт.

Жашылча жана бакча өсүмдүктөрү

Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмү жогоруда айтылган принцип менен жашылча жана бакча өсүмдүктөрүнүн эсебин да чогуу жүргүзөт. Мындагылардын биринчи түрүндө капуста, калемпир, пияз, сарымсак, сабиз, түрп, кызылча, бадыраң, баклажан сыяктуулар, экинчи түрүндө дарбыз, коон, ашкабак сыяктуу нерселер каралары белгилүү.

Эгер аларды жалпы алсак, Кыргызстандын жылдык керектөөсү 762 миң тоннаны түзөт экен. Ошол эле маалда өлкөнүн өткөн жылкы дүң жыйымы 1 млн. 450 миң тоннага жетиптир. Быйылкынын болжолу да ушундай. Иш жүзүндө өндүрүш керектөөдөн дээрлик эки эсе ашыкча, же дагы да тагыраак айтсак өздүк камсыздоо 193% болду.

Кыргызстандын жашылча жана бакча өсүмдүктөрүн керектөөсү жана өндүрүшү. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салыштыруу.
Кыргызстандын жашылча жана бакча өсүмдүктөрүн керектөөсү жана өндүрүшү. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салыштыруу.

Мөмө жана жер-жемиштер сыяктуу эле жашылча жана бакча өсүмдүктөрүнүн аянты да Кыргызстанда акыркы жылдары 40-50 миң гектардан ашкан эмес. Экөөнүн аянттары бирдей болгону менен спецификасына байланыштуу экинчи түркүмдөрдүн түшүмү чоң болот тура.

Эгер экс-министр Төрөгул Беков айткан идея менен талдасак, Кыргызстанда келечекте жашылчанын да, бакча өсүмдүктөрүнүн да аянттарын он эселеп кеңейтсе болчудай.

Ушундай эле идеяны маселен айыл чарба боюнча адис Манас Саматов да кубаттап, тамчылатып суугаруу системасы менен эле бул азыктардын аянтын 1 млн. гектарга чейин көбөйтсө болорун белгилейт. Албетте, анда түшүм азыркыдан он эсе мол болмок.

Башка маселе, эрте бузулуучу топко киргендиктен, азыктын бул түрлөрү сезондо гана ашыкча же жетиштүү болуп турат. Узакка сактоо үчүн кайра эле логистикалык борборлор же жөнөкөй тилге салганда муздаткычы бар кампалар тартыштык кылат.

Натыйжада, экспортко кетсе көбүнчө жай айларында кетет, бирок кышкысын калк кайра сырттан импорттоого аргасыз экенин билебиз. Маселен, коңшу турган Өзбекстандан эрте жазда көптөгөн жашылчалар Кыргызстанга ташылат. Анүстүнө, жашылча жана бакча жемиштерин өндүрүү үчүн орусча айтканда “теплица”, кыргызча айтканда күнөсканалар аздык кылат.

Кумшекер

Кийинки кезек кумшекерде. Муну бир киши жылына 25,6 килограмм жеш керек деген норма бар. Аны менен эсептегенде Кыргызстандын керектөөсү 170,8 миң тоннаны түзөт. Такталган эсепте, өлкөдө былтыркы жылы 64 миң тонна кумшекер өндүрүлгөн. Ошондо өзү жеген көлөмдүн 40,2% өзү чыгарган болот.

Эгер андан мурдагы беш жылдын көрсөткүчтөрүн карасак, Кыргызстан жылына 120 миң тоннага чейин кумшекер өндүргөн учурлары катталган. Бирок, акыркы эки-үч жылда кант кызылчасынын аянттары азайып кеткенден улам жергиликтүү заводдордон чыккан кумшекер да кыскарыптыр.

Кыргызстандын кумшекерди керектөөсү жана өндүрүшү. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салыштыруу.
Кыргызстандын кумшекерди керектөөсү жана өндүрүшү. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салыштыруу.

Кыргызстандын кумшекер керектөөсү жана өндүрүшү. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салыштыруу. Кайрадан эле Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянсак, кант кызылчасы 2010-2015-жылдары 5-8 миң гектар жерге эгилсе, 2016-2020-жылдары бул жашылча айдалган жерлер 10 миң гектардан 17 миң гектарга чейин көбөйгөн. 2021-жылы кайрадан 10 миң гектарга азайып калган.

Айыл чарба боюнча адис, кант кызылчасы менен алектенген ишкер Манас Саматов айрым жылдардагы өндүрүш кумшекер боюнча ички керектөөнү толук камсыздаганга жеткенин билдирет. Анын айтымында, дүң соодагерлер кумшекерди сырттан көп импорттоп келип, анын баасы түшүп кеткен. Натыйжада дыйкандардын көбү банкрот болуп, кант кызылчасын айдабай коюшуптур.

Кыргыз өкмөтү болсо кант кызылчасын айдаган дыйкандарга мындан ары колдоо боло турганын билдирүүдө. Анын эффекти быйылкы жылдан баштап сезиле баштайт экен. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, былтыр 10 миң гектар аянттан 364 миң тонна кант кызылчасы алынган. Быйыл 15 миң гектарга эгилсе, андан 726 миң тонна кызылча алынат деген план бар. Аянт 5 миң гектарга көбөйүп жатса, кызылчанын көлөмү дээрлик эки эсе арбыйт экен.

Мына ушул себептен улам быйыл канттын өзү да көп өндүрүлөт деген план коюлуп жатыптыр. Министрликтин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бексултан Арзыбаев 2022-жылкыга жергиликтүү өндүрүшчүлөр 124,8 миң тонна кумшекер даярдай турганын маалымдады. Андай болсо өзүн-өзүн камсыздоонун деңгээли 70% ашмак.

Мурдараак айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков парламенттин тармактык комитетинин жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстан 2024-жылдарга барып кумшекер менен өзүн-өзү толук камсыздай баштай турганын айткан эле.

Өсүмдүк майы

Эми өсүмдүк майына келели. Муну үчүн алгач союз мезгилиндеги өндүрүштү учкай эстеп көрөлү.

“Легендарлуу парламенттин” депутаты Жамин Акималиев күн караманы, пахтаны, сафлорду, зыгырды, рапсты кошо санаганда май алынчу азыктар Кыргыз ССРнин аймагында 100 миң гектарга чейин жеткенин маалымдайт. Өлкө эгемендик алгандан кийин мунун бардыгынын аянты азайды.

Кыргызстанда азыр азык-түлүк коопсуздугунун тизмесиндеги майдын планын күн карама менен сафлор гана толтурат. Экөөнүн ичинен өлкөдө күн карама көбүрөөк экенин билебиз.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 1990-жылдардын аягында, 2000-жылдардын башында май өсүмдүктөрүнүн аянты Кыргызстанда 60 миңден 90 миң гектарга чейин жетчү экен.

Буудай, ун сыяктуу эле майды дагы Орусия менен Казакстандан импорттоо күчөгөндөн улам өлкөдө май өсүмдүктөрүн эккендер азайып кеткен. Өзгөчө Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин кескин кыскарган.

Май өсүмдүктөрүнүн аянты 2015-жылы 40 миң гектардан ашык болсо, 2020-жылы ал 20 миң гектарга жетпей калган. 2021-жылы болгону 17 миң гектар жерге май алынчу өсүмдүктөр айдалган. Анан жергиликтүү май азайбаганда эмне азаят?

Маселен, былтыркы жылдын эсебинде Кыргызстандын өзүндө болгону 5,4 миң тонна өсүмдүк майы өндүрүлгөн. Ошол эле маалда өлкөдө тамак-ашка бул продукту жылына 60 миң тонна керектелет. Эгер жалпы керектөөнү 100% деп эсептесек, анда атамекендик өндүрүштүн жылдык өндүрүмү анын 9%ын гана түзүп калат.

Кыргызстандын өсүмдүк майын керектөөсү жана өндүрүшү. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салыштыруу.
Кыргызстандын өсүмдүк майын керектөөсү жана өндүрүшү. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салыштыруу.

Айыл чарба министрлигинин өкүлү Бексултан Арзыбаев “жылдык өндүрүш өтмө калдыктар менен кошо саналат” деп билдирди. Ал мурдагы жылы күзүндө өндүрүлгөн өсүмдүк майынын бир бөлүгү былтыр базарга чыкканын, ошол себептүү ал дагы кириш катары караларын белгиледи. Аны кошкондо өздүк керектөөнү камсыздоо 15,1% жетип калат экен. Ошентсе да, жегенибиз менен өндүргөнүбүздү гана бири-бирине чагуу реалдуу картинаны көрсөтөт деп ойлойбуз.

Аталган министрликтин эсебинде, быйыл кыргыз дыйкандары май берчү өсүмдүктөрдү 25 миң гектарга эгип жатышат. Бул былтыркыдан 7-8 миң гектарга көбүрөөк болуп калат. Ошондо быйылкыга 8,3 миң тонна май өндүрүү пландалып жатат.

Канткен күндө дагы Кыргызстан өзү керектеген өсүмдүк майынын 85-90% башка өлкөлөрдөн көз каранды экенин байкап жатабыз. Башкача айтканда, жылына 50 миң тоннадай майды сырттан ташыйт. Бул жагынан алганда Кыргызстандын майга болгон коопсуздугу таптакыр сакталган эмес деп бүтүм чыгарса болот.

Жумуртка

Орточо физиологиялык норма боюнча алганда, бир киши жылына 182,5 даана жумуртка жеши керек экен. Мына ушул эсеп менен алсак, Кыргызстандын калкына жылына 1 млрд. 217 млн. даана жумуртка керек болот.

Статистикалык мекеменин маалыматтарына ылайык, өлкөдө акыркы жылдары жылына 500-550 млн. даананын тегерегинде жумуртка өндүрүлүп жатат. 2021-жылы болсо жергиликтүү тоок заводдору жана фермерлер 611 млн. даана жумуртка даярдашкан. Так мына ушул санды керектөөгө чаксак анда өзүн-өзү камсыздоо 51% түзүп жатат.

Кыргызстандын жумуртканы керектөөсү жана өндүрүшү. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салыштыруу.
Кыргызстандын жумуртканы керектөөсү жана өндүрүшү. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салыштыруу.

Иш жүзүндө алатоолуктар өз керектөөсүнүн жарымын сырттан алып келип жатат. Ошол эле маалда өлкөдө үй канаттууларынын саны 6 миллион деп саналат.

Кыргызстандагы Тоок чарбалар ассоциациясынын төрагасы Рустам Осмоналиев Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин Орусиядан жана Казакстандан жумурткаларды ташып келүү күч алып, жергиликтүү тоок фермалар чекеден банкрот болуп жатканын улам-улам айтып келет. Ал ошол себептүү жумуртканы импорттоого чектөө киргизүүнү, тоокко жем алып келүүгө жеңилдиктерди берүүгө чакырып жүрөт.

Чет элдик тоок заводдору жергиликтүү чарбаларды товарынын арзандыгы менен басып кетишет. Айталы, кыргызстандык фермерлер чыгаша-кирешесин эске алуу менен жумуртканы дүңүнөн 7-8 сомдон сатса, казакстандык фермерлер кыргыз базарына жумуртканы 5-6 сомдон, болбосо 4-5 сомдон киргизип жиберишет.

Муну экономиканын тилинде “демпинг” деп атап коёт. Бул инструмент адатта бааларды атайылап түшүрүп, жергиликтүү атаандаштарды жок кылууга багытталат. Алар банкрот болгондон кийин гана товарын өз баасында сата баштайт. Кыргыз фермерлери буга канчага чейин туруштук берет белгисиз.

Эт

Кыргызстандын этке болгон керектөөсү айрым эсептерде 500 миң тоннага чейин, кээ бир эсептерде 700 миң тоннага чейин деп айтылып жүрөт. Бирок биз расмий санак менен сөзүбүздү улантып туралы.

Физиологиялык норма менен караганда бир адам жылына 61,3 кг эт жана эт азыктарын жеш керек деп эсептелет. Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков мына ушул норма менен алганда, Кыргызстандын калкынын керектөөсү 408,9 миң тоннаны түзөрүн маалымдайт.

Ал эми өндүрүштү сөз кылганда, анын да эсептөө ыкмасын тактап коюш керек. Улуттук статистика комитети эки типте санак жүргүзөт. Биринчиси, союла турган мал жана канаттуулар тирүү салмакта тартылат. Экинчиси, таза эттин өзүн эсептейт.

Эгерде таза эттин салмагын алсак, акыркы жылдары 200 миң тоннадан араң ашып келген. Ал эми былтыркы жылы анын көлөмү 302 миң тоннаны түзгөн.

Керектөө жана өндүрүштүн катышын салыштырган ыкмабызга салсак, анда эт менен өзүн-өзү камсыздоо 65% түзүүдө. Калган 25% керектөөнү сырттан алып келет. Бир чети кейий турган көрсөткүч эмес десе болот. Ошол эле кезде мурдатан мал чарбасы менен алектенген, жеринин көбү тоолуу өлкө үчүн бул кабыл алгыстай сезилет.

Кыргызстандын этти керектөөсү жана өндүрүшү. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салыштыруу.
Кыргызстандын этти керектөөсү жана өндүрүшү. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салыштыруу.

Данияр Жанузаков “Азаттыктын” “Биз жана дүйнө” программасына курган маегинде, мунун себебин акыркы жылдары өлкөдө тоок этин жегендер арбыганын, мына ошонун айынан этке болгон керектөө менен өндүрүш дал келбей калып жатканын белгилейт. Ал өлкөдө тоок этин өндүрүү тармагы анча жолго коюлбаганын, саналуу заводдор түрдүү көйгөйлөргө туш болорун моюнга алат.

Жанузаков өз сөзүнө: “Эгер эт өзүбүзгө жетишпесе, араб мамлекеттерине жана башка өлкөлөргө экспорт кылбайт элек да?”,-деген риторикалык суроону аргумент катары колдонот.

Ооба, балким өзүбүзгө жетпесе 40-50 миң тоннадай эт сыртка сатылбас эле? Мындан сырткары жылына 10 миңдей жылкы, 15-20 миңдей бодо мал, 20-30 миңдей кой-эчки сыртка кетпес эле?

Деген менен экспорт көбөйсө, бул кайра жакшы көрүнүш деп баалайбыз. Бирок анүчүн мал чарбачылыгы дагы өнүгүш керек. Айыл чарба боюнча эксперт Бакыт Мамытканов Кыргызстан союз учурунда өзүн, кошумча Орусиянын Ленинград облусун кошо эт менен камсыздап турганын, азыр деле ошондой мүмкүнчүлүк бар экенин белгилейт.

Мамытканов адатта Кыргызстанды Ирландия менен көп салыштырат. Анын айтымында 2 млн. гектар жайыты бар Ирландия 7 миллион бодо мал багат экен. Ал эми 10 млн. гектар жайыт бар Кыргызстанда 1 млн. 750 миң гана ири мүйүздүү мал бар.

Эксперт Жамин Акималиев да ушул ойго кошулуп, жайыттар туура эмес пайдаланылгандыктан, асыл тукумдуу жандыктар көбөйтүлбөгөндүктөн Кыргызстан эт менен өзүн араң камсыздап жатканын белгилейт. Акималиевдин айтымында, союз учурунда кыргыз жергесинде малдын 95% асыл тукум болсо, азыр 5% мал асыл-тукум деп эсептелет экен.

Улуттук статистика комитетинин 2021-жылкы эсебинде, Кыргызстанда 6 млн. 266 миңден ашык кой-эчки, 522 миңден ашык жылкы бар. Ири мүйүздүү мал менен үй канаттууларынын санын жогоруда келтирдик.

Сүт

Мал чарбачылыгы жөнүндө сөз кылганда анын артынан сөзсүз сүт темасы кеп болот. Сүт - тамак-аш коопсуздугунун кластериндеги азыктардын бири жана Кыргызстан аны өзүнө жетиштүү көлөмдөн көбүрөөк даярдоого мүмкүнчүлүгү бар. Ошентсе да анын жагдайын айтпай кетпесе болбос.

Кайра эле нормага кайрылсак, эреже боюнча сүт азыктарын бир киши жылына 200 килограммдай керектеши экен. Кыргызстан калкынын санына чакканда, жалпы керектөө 1 млн. 334 миң тонна чыгып калат.

Статистика комитетинин эсебинде, акыркы беш жылда Кыргызстан жылына 1 млн. 500 миң тоннадан 1 млн. 600 миң тоннага чейин сүт өндүрүп келген. 2021-жылдын такталган эсебинде өндүрүштүн көлөмү 1 млн. 806 миң тоннаны түзгөн.

Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бексултан Арзыбаевдин белгилешинче, бул өзүн-өзү 121% камсыздоо дегенди түшүндүрөт. Артканы сыртка сатылат.

Кыргызстандын сүттү керектөөсү жана өндүрүшү. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салыштыруу.
Кыргызстандын сүттү керектөөсү жана өндүрүшү. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салыштыруу.

Сөз жок, жетип турганы жакшы деңизчи. Ашыкчасы менен болгону андан да жакшы. Бирок ушул чекпи? Же өндүрүштү дагы көбөйтүп, экспортту өстүрсөк болобу?

Экс-министр Төрөгул Беков “өндүрүштү көбөйтүү толук мүмкүн” деп эсептейт. Муну үчүн ал кайрадан эле бодо малдын асыл тукумдуулугун арттыруу зарыл экен.

Беков СССР учурунда бир уй жылына 3 миң литр бергенин белгилеп, азыр Кыргызстанда бир уй жылына 1,8-2 миң литр гана сүт берерин билдирет. Ошол эле маалда асыл тукумдуулукту өнүктүргөн Орусияда бир уй 5-5,5 миң литр сүт берсе, Европада жылына 9-10 миң литр, Израилде 11-13 миң литр сүт алынат экен.

Эгер кыргыз фермелери да так ушундай асыл тукум уйларды багууга өтсө, анда сүт өндүрүштү кеминде 3-4 млн. тоннага чейин, болбосо 5-6 млн. тоннага чейин көбөйтүүгө болот экен.

Төрөгул Беков бул жааттагы экинчи көйгөй катары кайра иштетүү маселесин атайт. Ал Европа мамлекеттеринде өндүрүлгөн сүттүн 90% кайра иштетүүгө кетсе, Кыргызстанда бул азыктын 10% гана кайра иштетилерин белгилейт. Ошол себептүү өзүн-өзү камсыздоо ашыкча болгонуна карабай сырттан да сүт сатып алып келинерин кошумчалайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG