Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:35

Сууга төгүлгөн сүт: баадан чыккан нааразылык


Сүт тапшыруу учуру. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)
Сүт тапшыруу учуру. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)

Чүй облусунундагы ишкерлер элден чогулткан сүтүн сата албай, сууга төгүп жатканы тартылган тасмалар социалдык тармактарга чыкты. Алар "Үмүт" жана "Кант сүт" заводдору сүттү түрдүү шылтоолор менен алуудан баш тартып, сууга төгүүгө аргасыз болушканын жүйө келтирүүдө. Экинчи тарап болсо чогулган сүттүн сапатына нааразы.

Сапатына сын, баага нааразылык

Фермер Бекжан Турганбаев Чүйдүн Ысык-Ата районунда 30 уй саап, күнүнө жарым тоннага чейин сүт тапшырат. Апрель айынан баштап анын уйлары сүттү арбытты. Бирок фермер аны кайда өткөрөрүн билбей турган кези. Бекжандын айтымында, жыл сайын ушул маалда сүттү кайра иштетүүчүлөр менен маселе жаралат.

“Быйыл кышында сүттүн баасы 40-45 сомго чейин көтөрүлдү. Буга чейин мындай болгон эмес. Бааны сүттү кайра иштеткен компаниялар бири-бирине атаандашып көтөрүп жиберген. Баага фермерлер эч кандай таасир эте албайт. Эми бааны кайра түшүргөнгө аракет кылып жатышат. Эл буга каршы чыгууда. Бул жерде мага окшоп уй баккандар эле чыгым тартат”.

Бекжан Тургунбаев жана ага окшогон фермерлер компаниялар менен түз иштешет. Ал эми бирин-серин уй саагандардын сүтүн жеке ишкерлер чогултуп кетет.

Сүттү элден алып, сууга төккөндөрдүн бири "Азаттыкка" өз кадамын минтип түшүндүрдү.

"Мына бүгүн эле тогуз тонна сүт сууга төгүлдү. "Кычкылы көп, ирип кетти, тиги-бу" деген шылтоо менен албай коюшту. Кечээ алты тонна, мурдагы күнү үч тонна сүттү сууга төккөнбүз. Сүттүн майлуулугун төмөндөтүп, 32-33 сомдон гана алып жатышат, 40 сомдук баа жок азыр".

Фермерлер доомат арткан "Кант сүт" менен "Үмүт и Ко" - Кыргызстандагы сүттү кайра иштетүүчү ири заводдордун бири. Алардын продукциялары чет өлкөгө чейин сатылат. "Үмүт и Ко" компаниясы соңку окуяларга байланыштуу билдирүү таратты.

“Биздин компания мурдагыдай эле сүттү 40-42 сомдон сатып алууда. Ал эми арыкка төгүлгөн сүт боюнча айта турган болсок: эгер сүт сапаттуу болсо, анда ишкерлер өзүлөрү иштетмек. Бирок анын сапаты начар. Сүт ирип кетпесин деп ар кандай химикаттарды, акиташ, кээде май да кошуп атышат”.

Ал эми фермерлер сүттүн сапаты жаз келгенде өзгөрө турганын айтышууда. Көк жаңы чыкканда саалган сүттүн майлуулугу төмөндөйт. Экинчиден, күн ысыганда бат эле ирип кетет.

Фермер Виталий Какштыкс Сокулук районунда жүзгө жакын уй саап, күнүнө эки тоннадай сүт алат. Ал башкалардан айырмаланып уйларын жайытка чыгарбай турганын айтты.

“Менин уйларым жазында көк тиштебейт. Жайы-кышы бир тоютту берем. Мындан улам сүттүн майлуулугу өйдө-төмөн болбойт. Бирок сүттү кайра иштеткен компаниялар сүттүн сапаты начарлап кеткенин айтып жатышат. Бул бааны төмөндөтүүгө болгон аракет деп ойлойм. Эгер ушундай боло берсе, анда саан уйлардын саны азая баштайт. Кышка жакын сүт тартыш болгондо эмне кылышат?”

Фермер соңку жылдары сүт багытындагы уй багуу өзүн актабай баратканын да кошумчалады. Анткени акыркы жылдары жем, чөп кымбаттаган. Былтыркы кургакчылыкта сугат суу тартыш болуп, эгин талааларынын күйүп кеткени да тоюттун баасын көтөргөн.

Жаз келгенде көтөрүлүп, күзүндө көмүскөдө калган көйгөй

Сүттүн баасынан улам чыккан нааразылык биринчи жолу болгон жок. Жыл сайын жазында сүт багытындагы уй баккан Талас, Ысык-Көл жана Чүй облусунун фермерлери бул маселени көтөрүшөт. Буга чейин 29-мартта сүттүн баасын көтөрүүнү талап кылган элүү чакты таластык фермер акцияга чыгып, алар менен президенттин Талас облусундагы өкүлү Бакытбек Нарбеков жолуккан эле.

Ошол акцияга катышкандардын бири, Талды-Булак айылынын тургуну Гүлжамал Эңкилбаева мындай деди:

"Кышында сүттүн баасын 30 сомго көтөрүп коюшат. Азыр болсо 24 сомдон өткөрүп жатабыз. Азык-түлүк кымбат. Айылда уйдун көзүн карагандар көп да. Сүт арзандаганы менен андан жасалган быштак, кефир жана майлар кымбат сатылып жатат. Булар Таласта монополист болуп алышты. Кандай баа койбосун, ошол баага сатканга макул болобуз. Башка айлабыз жок".

3-майда Чүй облусунун дыйкандары жана сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү катышкан жыйын өттү. Сүт маселесин чечүү үчүн эки жумушчу топ түзүлдү. Биринчи топ сүттү кабыл алуу тартиби менен сапатын аныктоо боюнча стандарттарды иштеп чыгат. Экинчи топ фермерлер менен сүттү кабыл алгандардын өз ара иштөө эрежелерин аныктайт.

Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев “Азаттыкка” тонналаган сүт сууга төгүлгөн окуя иликтенип жатканын айтты:

Азамат Мукашев.
Азамат Мукашев.

“Сүттү төгүп жаткан видео интернетке тарап кетти. Биз бул окуяны териштирип чыктык. Жыйынтыгында, сапаты начар сүт төгүлүп жатканы билинди. Заводдор азык-түлүк коопсуздугуна жооптуу. Алардын ар биринде лаборатория бар. Эки жумушчу топ сүт тармагындагы көйгөйлөрдү толугу менен чечет деп турабыз”.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жылына 1,7 млн. тонна сүт алынат. Анын 3000-4000 тоннасы кайра иштетилип, андан алынган сүт азыктарынын жарымы экспорттолот.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG