Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Ноокаттагы өлүмдүн чоо-жайы толук айтыла элек


Ноокаттагы карантин посту.
Ноокаттагы карантин посту.

Коронавируска каршы республикалык штабдын 3-апрелде түшкө чейин тараткан маалыматында COVID-19 вирусун жуктурган бир киши каза таап, жаңы 14 адамдан коронавирус табылды. Илдет жуккандардын саны өлкө боюнча 130 адамга жетти.

Бирок мамлекет анализдин жыйынтыгы толук чыга электигин белгилеп, маркумду "коронавирустан өлдү" деп айтуудан карманып турат.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 3-апрелде өткөн брифингде маркумдун башка да өнөкөт оорулары болгонун айтты:

«Бул киши өзү ажыга барып келген экен. Коронавирусту жугузуп алганы биринчи анализде ырасталган. Маркумдун кант диабети сыяктуу өнөкөт оорулары да бар экен. Ошонун негизинде кайтыш болду. Анализдерин лабораториялык ыкма менен аныкташыбыз керек. Патологоанатом менен соттук-медициналык эксперттер аныктама берсе, ошонун негизинде гана кайсы оорудан өлгөнүн айта алабыз».

Баштапкы маалыматка караганда, каза тапкан киши Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургуну болгон. Ал 2-апрелде жантаслим болуп, ошол эле күнү жерге берилген.

Ош шаарынын жана Ош облусундагы Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борборунун кызматкери Жеңиш Аширбаев маркумдун сөөгү атайын санитардык талаптар менен жерге берилгенин билдирди:

Жеңиш Аширбаев.
Жеңиш Аширбаев.

«Туугандарынын уруксаты менен көмүлдү. Милиция көзөмөлгө алып турду. Көп адам топтолгон жок. Беш-алты тууганы гана катышты. Алар да сөөккө жакын барган жок. Жууп-тазалоо иши атайын кийимчен медицина кызматкерлери тарабынан жасалып, өздөрү кепиндеп, санитардык-карантиндик эрежелер менен көмүлдү. Ислам шариятынын үрп-адаттары менен жаназа дагы окулду».

Ноокаттын тургуну коронавирус жугузуп каза болгон Кыргызстандагы алгачкы адам болуп калды. Коомчулукта мындай кырдаалда сөөк коюу зыйнаты кандай өтөт деген суроо коюлуп келе жаткан.

Буга чейин 28-мартта Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Саламаттык сактоо министрлигинин сунушу менен коронавирус илдетинен кайтыш болгон адамды акыркы сапарга узатуу боюнча эреже даярдаган. Анда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштары эске алынган.

Муфтияттын чечими тууралуу КМДБнын адиси Бактияр Токтогазы уулу кыскача айтып берди:

«Биринчиси - колдон келишинче белгилүү бир аралыктан суу чачып жууш керек. Экинчиси - эгер дарыгерлер жууп, тиешелүү кепин менен ороп койгон болсо, ошол жетиштүү. Аны кайра жууштун кажети жок. Үчүнчүсү - дарыгерлер «сөөктүн илдети коркунучтуу, тап-такыр жологонго болбойт» дей турган болсо, анда кургак даарат (таяммун) кылган жетиштүү. Төртүнчүсү - жаназа. Сөзсүз түрдө жерге берилиши керек. Жаназа окулушу зарыл. Албетте, көп киши топтолбой, жакын туугандары гана катышуусу абзел».

Токтогазы уулунун айтуусунда, маркумду жерге берүү зыйнатына катышып жаткандар дарыгерлердин ар бир кеңешин эске алыш керек.

Мындан сырткары ал ушу тапта вирус жукпаган адам кайтыш болсо да, аз сандагы элдин катышуусу менен жаназа окулуп жатканын кошумчалады.

Ноокат районунда алгачкы учур Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келген үч аялдан 20-мартта катталып, ошол эле күнү райондо өзгөчө абал киргизилген.

Кыргызстанда жалпысынан коронавирус 130 кишиге жукканы тастыкталган. Алардын ичинен бул илдет Жалал-Абад облусунда – 61, Ош облусунда – 30, Чүй облусунда – 6, Баткен облусунда – 3, Ош шаарында – 10, Бишкек шаарында – 14, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 2 кишиге жуккан.

Булардын ичинен 72си аялдар, 58и эркектер. Ондон ашуун балдар бар. Ошол эле учурда алты адам айыгып чыкты. 1900 киши обсервацияда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG