Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:43

Президент Жапаров беш жылда мамлекеттик карызды төлөөгө 3,3 млрд доллар жумшалганын айтты


Президент Садыр Жапаров соңку беш жылда мамлекеттик карызды төлөөгө 285,4 млрд сом (3,3 млрд АКШ доллары) кеткенин билдирди. Анын 170,5 млрд сому (1,9 млрд АКШ долл.) тышкы, 114,9 млрд сому (1,4 млрд АКШ долл.) ички карыз. Бул тууралуу мамлекет башчы өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Жапаровдун жазганына караганда, карыздын көп бөлүгү быйыл, 2025-жылы төлөнгөн (79 млрд). Президент алынган карыздын баары экономиканы өнүктүрүүгө, даректүү долбоорлорго жумшалып жатканын белгилеп, мисал катары Камбар-Ата ГЭСин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун белгиледи. Мамлекеттик карыздын ИДПга болгон катышы мурда 68, 84% болсо азыр 42% түзөрүн айтты.

“Төлөнчү убагы келгенде, бүгүнкүдөй бюджеттин эсебинен төлөбөйбүз. Ар бир долбоор өзүн өзү актайт, өзү төлөйт, өзү кутулат. Мисалы Камбар-Ата ГЭСин алалы. 1,5 миллиард долларды 50 жылга алып жатабыз. Үстөгү жок. Жеңилдетилген мезгил 10 жыл. “Камбар-Атанын” курулушу 7-8 жылда бүтөт. Дароо иштеп баштайт. Иштеп баштаган соң, өзүнөн түшкөн киреше менен 50 жылды биякка кой, 15 жылда эле кутулуп коёт”, - деген Жапаров.

Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу тышкы карыз эмес, коммерциялык долбоор экенин кошумчалады. Ушундай ири долбоорлордун дээрлик 90 пайызы бюджетке тиешеси жок экенин айтты.

Жапаров социалдык долбоорлорго, жолго алынып жаткан насыялар келечекте бюджетке сезилбей турганын белгилеген.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан 2030-жылга карата эмиссиялардын деңгээлин 16%, эл аралык колдоо болсо 44% кыскартууну мерчемдеп жатканын быйыл сентябрдын соңунда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын климаттын өзгөрүшү боюнча атайын иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө айткан.

Жапаров мамлекеттик тышкы карызды конкреттүү “жашыл” долбоорлорго алмаштыруу аркылуу реструктуризациялоо мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштаган.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы бир жылда 33 пайызга өсүп, 8 млрд доллардан ашты. Өсүү боюнча Евразия экономикалык биримдикте сап башына чыкты. Статистикага таянсак, карыз соңку бир жыл ичинде 182 млрд сомго же 2 млрд долларга өстү. Анын ичинен ички карыз 71%, тышкы карыз 18% көбөйгөн.

Жалпы көлөмү боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы сентябрдагы маалымат боюнча 732,7 млрд сом же 8,4 млрд долларга жеткен. Түзүмү боюнча мунун 37,5% ички, 62,5% тышкы карыз болуп эсептелет. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG