Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү энергетикалык абалга токтолуп, калкты энергияны үнөмдөп, сарамжал колдонууга дагы чакырды. Мамлекет башчы бул тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып, учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки миллиард куб метрге аз экенин белгиледи.
“Ошондуктан суунун деңгээлин сактоо үчүн жана электр энергиясына болгон тартыштыкты жоюу үчүн биз электр энергиясын көп көлөмдө импорттогонго аргасызбыз. Биз бүгүн энергияны азыраак импорттош үчүн элди үнөмдөөгө гана чакырып жатабыз. Канчалык үнөмсүз колдонсок, ошончолук акча каражатыбыз сыртка чыгып кетип жатат деп билиңиздер”, - деп жазды Жапаров.
Мамлекет башчы учурда Кыргызстан кышкысын энергияны 3 сомдун тегерегинде импорттоп келип, элге 1 сом 37 тыйындан берип жатканын жазды. Мындан сырткары 2026-жылы 25 чакан ГЭС куруларын, энергетикадагы тартыштык убактылуу көйгөй экенин кошумчалаган.
6-ноябрда электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу чарасы мамлекеттик мекемелерге да киргизилген. Ага ылайык, бул мекемелер саат 18:00дөн 06:00 аралыгында жарыкты жана электр шаймандарын иштетүүнү чектейт.
Маалыматта айтылгандай мындай чектөөлөр стратегиялык объектилерге жана күнү-түнү иштеген, коргоону, коопсуздук, саламаттык сактоо, социалдык мекемелерге жана калктын жашоосун камсыз кылган түйүндөргө тиешеси жок.
Мунун алдында президент Садыр Жапаров "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун калкты электр энергиясына болгон "чектөөсүз тарифке" өтүү чакырыгына байланыштуу энергетика министри Таалайбек Ибраевдин иш-аракеттерине кескин баа берген. Мамлекет башчы электр энергиясынын тартыштыгы шартында мындай демилгелерге жол берилбестигин жана алар коомдо социалдык бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн экенин белгилеген.
Ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда бир нече саат бою электр кубатын берүү чектелген. "Акылдуу эсептегичтерде" эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.
Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашык абонент электр энергиясын колдонот. Анын 1,4 миллиону катардагы калк болсо, калганы өндүрүштүк, бюджеттик жана башка категориядагы керектөөчүлөр. (КЕ)
Шерине