Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу өлкөдөгү айрым маселелер боюнча элге кайрылып, энергетика, тышкы карыз жана айдоочулук күбөлүк берүүдөгү реформаларга байланыштуу пикирин билдирди. Мамлекет башчы "элди козуткан топтор бар" экенин белгиледи. Алардын арасында ири коррупциялык иштерге аралашып, ачылган кылмыш иштеринин негизинде камалып, уурдалган ири суммадагы каражат же обьектилерди мамлекеттик бюджетке өткөрүп бергендер бар экенин белгилеген. Жапаров сөз ким жөнүндө болуп жатканын ачыктаган эмес.
Президент өлкөдө төңкөрүшкө жол берилбей турганын, азыр мамлекет күчтүү экенин жазды.
"Төңкөрүшкө жол берилбейт. Себеби, биринчиден, төңкөрүшкө шылтоо бербейбиз. Экинчиден, мурдагы алсыз мамлекет жок. Мамлекет азыр күчтүү. Үчүнчүдөн, элдин баары кимдерди кубалаш керек, кимдер бийликте олтуруш керек экенин жакшы билип калышты. Мындан ары төңкөрүштү түшүңөрдө гана көрөсүңөр. Төңкөрүштөн пайдаланып мародерчулук, алдым-жуттумдуулук, төңкөрүштөн кийин мурдагыдай бир кызматты мыкчый калып байыганды түшүңөрдө көрө бергиле", - деп жазган.
Айдоочулук күбөлүк берүүдөгү реформаларга токтолгон Жапаров өлкө боюнча бардык мектептерге жол кыймылынын эрежелери боюнча кошумча сабак кирерин, бул багытта ИИМдин Жол коопсуздугу башкармалыгынын адистери жана Билим берүү министрлиги иштеп жатканын кошумчалады. Президенттин айтымында, ноябрдын соңуна чейин коомчулукка деталдуу маалымат берилет.
"Эмнеге 14 ай? Анткени биринчиден 11-12-класстын окуучулары сентябрдан окуп баштап, жаш өзгөчөлүгүнө жараша маалыматты бир жыл арасы өздөштүрүшөт.
Практикалык окуулар жаан, кыш мезгилине, аба ырайына жараша дагы окутулат. Муз жолдордо, карда кантип айдоо керек, караңгыда эмнеге көңүл буруу керек, жолдордо унааң бузулган учурдагы биринчи аракеттериң кандай болот деген өңдүү практикалык сабактар кирери күтүлүүдө. 14 ай дегени сынактарды тапшырганда өтпөй калгандар кайра даярданып келгиче дагы убакыт керек болорун эске алуу менен белгиленди", - деп жазды Жапаров.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 5-ноябрда маалымат жыйынын өткөрүп, унааларды каттоодогу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдөгү реформалар жөнүндө маалымат берген.Анын айтымында, 2026-жылдын башынан тартып бардык жеке менчик автомектептер мамлекетке өтөөрүн айткан. Ал мамлекеттик автомектептерде окуу 14 ай жүрөт.
Расмий маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылы 10 айдын ичинде 568 миңден ашык жаран айдоочулук күбөлүк алуу үчүн теориялык сынак тапшырган. Алардын ичинен 83 миңи гана өтүп, 319 миңи кулап калган. Ал эми практикалык сынакка 210 миң жаран катталып, 96 миңге жетпегени өтүп, калган 115 миңден ашууну тапшыра албай калган. (КЕ)
Шерине