Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Коронавирус табиятты сергитти


Нью-Делидеги адатта кымгуут болуп турган көчөлөрдүн бири, 31-март 2020-жыл.
Нью-Делидеги адатта кымгуут болуп турган көчөлөрдүн бири, 31-март 2020-жыл.

Дүйнө өлкөлөрүндө COVID-19 вирусуна байланыштуу жарыяланган карантин экологиянын жакшырышына өбөлгө түзүүдө. Изилдөөлөр элдин жана транспорттун каттамына чектөө коюлгандан бери Европада, Кытайда, Индияда жана АКШда аба тазарып жатканын көрсөттү.

COVID-19 вирусунан улам Европанын ондогон шаарларында карантин жарыяланып, элдин көбү үйүндө отурат.

Автоунаалар гана эмес, жүздөгөн учак каттамдары да токтотулду. Италия баштаган өлкөлөр өндүрүштү кыскартууга аргасыз болду. Мындай чаралар адамдардын күнүмдүк турмуш-тиричилигин түп-тамырынан өзгөртүп, бизнеске сокку урса да айлана-чөйрөнүн тазарышына шарт түзгөнүн жаңы изилдөөлөр биринен сала бири ырастай баштады.​

Европада аба тазарууда

Европанын космостук агенттигинин спутнигинен алынган бул сүрөттөн Батыш Европада аба канчалык тазарганын салыштырып көрсө болот.
Европанын космостук агенттигинин спутнигинен алынган бул сүрөттөн Батыш Европада аба канчалык тазарганын салыштырып көрсө болот.

Маселен, Европадагы коомдук саламаттык альянсы спутниктен алынган сүрөттөрдү талдап чыгып, анын жыйынтыгын бул аптада жарыялады. Алар Европанын космостук агенттиги көзөмөлдөгөн "Sentinel-5P" спутниги 5-марттан 25-мартка чейин тарткан сүрөттөрдү былтыркы жылдын ушул маалына салыштырышкан.

Натыйжада карантин киргизилгенден бери Брюссел, Париж, Мадрид, Милан жана Франкфурт шаарларында азот диоксидинин абадагы көлөмү кыйла азая түшкөнү аныкталды. Абаны булгаган бул газ көбүнчө автоунаалардан жана жылуулук борборлорунан чыгат. Өпкө жана рак ооруларына жол ачкан себептердин бири катары каралып келет.

"Картаны карасаңыз, калк өтө жыш жайгашкан жана кара май менен иштеген автоунаалар кеңири колдонулган аймактарда көбүрөөк өзгөрүү болгон. Алар көбүнесе баш калаалардын айлана-тегереги. Бул карталар транспорт азайса, аба тазара турганын көрсөттү", - деди Европадагы коомдук саламаттык альянсынын өкүлү Золтан Массай-Касубек.

Аба тазарганы өзгөчө Италиянын түндүгүндө байкалган. Коронавирустан катуу жабыркаган бул аймакта март айынын башынан бери катаал карантин өкүм сүрүп жатат.

Европанын айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги да бул өрөөндөгү негизги шаарлардын бири Миланда өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу аба 21 пайызга тазараак экенин билдирди. Ошондой эле агенттиктин маалыматына ылайык, Испаниянын өкмөтү 14-мартта өтө зарыл эмес транспорт каттамдарына тыюу салгандан тарта Мадрид шаарында да азот диоксидинин көлөмү орточо 56 пайызга азайган.

Милан шаарындагы азот диоксидинин деңгээли (солдо - 2019-жыл, оңдо - 2020-жыл). Европадагы коомдук саламаттык альянсы анализдеген спутниктен алынган сүрөттөр.
Милан шаарындагы азот диоксидинин деңгээли (солдо - 2019-жыл, оңдо - 2020-жыл). Европадагы коомдук саламаттык альянсы анализдеген спутниктен алынган сүрөттөр.

Европанын космостук агенттигинин Жерди байкоо программасынын директору Жозеф Ашбахердин айтымында, алгачкы изилдөөлөр Франция, Испания жана Италияда абаны булгаган айрым бөлүкчөлөр дээрлик 40 пайызга азайганын көрсөттү.

"40 пайыздык төмөндөө - бул чоң өзгөрүү. Бул маалыматты бышыктоого дагы бир аз убакыт керек. Мындан тышкары спутник сүрөттөрүнөн сырткары кошумча далилдер да зарыл", - деди Ашбахер.

Индия чаңдан арылууда

Коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам экологиялык абал жакшырып бара жатканын адеп Кытай бийлиги билдирген. Кытайдын Экология министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл январь айынан мартка чейин 337 шаарда аба тазарганы өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 11,4 пайызга көбөйгөн.

Абасы булганган өлкөлөрдүн башкы саптарында турган Кытайда жыл башында экологиялык абал жакшырганын АКШнын космостук агенттиги - НАСАнын сүрөттөрү да күбөлөгөн.

Эми 1,3 миллиард калкын үйдөн чыкпоого милдеттендирген Индия чаңдан арыла баштады. Индиянын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, баш калаа Нью-Делиде бир жумага жетпеген убакыт ичинде абадагы зыяндуу PM 2.5 бөлүкчөсүнүн орточо көлөмү 71 пайызга азайган.

Маселен, 20-мартта бир куб метрлик мейкиндикте PM 2.5 бөлүкчөсүнөн 91 микрограмм табылса, 27-мартта бул сан 26га түшкөн. Мумбай, Ченнаи, Калькутта жана Бангалор шаарларында да азот диоксидинин көлөмү 71 пайызга азайган.

Индиянын Калькута шаарындагы карантин маалындагы кырдаал, 30-март 2020-жыл.
Индиянын Калькута шаарындагы карантин маалындагы кырдаал, 30-март 2020-жыл.

"Делиде мындай көк асманды 10 жылдан бери көрө элек болчумун. Коркунучтуу кризистин оң тарабы ушул болду. Биз сыртка чыгып, дем алып калдык", - деп билдирди "CNN" телеканалына Индиянын "Абага кам көр" аттуу экологиялык уюмунун негиздөөчүсү Жйоти Панде Лавакаре.

Ал арада АКШдагы Колумбия университетинин изилдөөчүлөрү COVID-19 вирусуна байланыштуу чектөөлөрдөн улам Кошмо Штаттарда да аба тазара баштаганын маалымдашты. Алардын изилдөөсүнө ылайык, Нью-Йорк шаарында транспорт кыймылы бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 35 пайызга кыскарса, абадагы ис газы 50 пайызга азайган. Андыктан окумуштуулар автоунаа, учак каттамдарынын азайышын, өндүрүштүн кыскарышын жаратылышты сергиткен негизги факторлор катары атап жатышат.

Мындай изилдөөлөрдү катардагы тургундардын да байкоолору ырастап турат. Маселен, Венециянын тургундары кеме, кайыктар токтоп, шаар каналдарындагы суу тазарганын, керек болсо жээкке дельфиндер келип жатканын айтышууда. Ал эми Францияда кубулжутуп сайраган куштардын үнүн көптөн бери биринчи жолу укканына, Британияда көчөгө түлкүлөр чыкканына, Жапонияда бугулар метрого чейин келгенине сүйүнгөндөр бар. Ошентсе да коронавирус пандемиясы канчага созуларын, аба канчага чейин таза бойдон турарын окумуштуулар да так айта албай жаткан чак.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG