Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:02

"Көчүп келгендер көбөйдү": кайрылманга каралашкан Зайнидин


Зайнидин Тагаев Тажикстандан көчүп келген кыргыздар менен.
Зайнидин Тагаев Тажикстандан көчүп келген кыргыздар менен.

Зайнидин Тагаев 1990-жылдары Тажикстандагы жарандык согуш учурунда Кыргызстанга көчүп келгендердин бири. Ал учурда Өзбекстандан жана Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздарга жарандык алууга көмөктөшкөн коомдук фондду жетектейт.

Жарандык ала албай жүргөндөр кайрылмандар

Көп кыйынчылыктар менен жарандык алган этникалык кыргыздар менен катар эле бүгүнкү күнгө чейин жарандык ала албай жүргөндөрү да бар. Кайрылман Тагаев аларга кеңеш берип, жол көрсөтүүнү негизги милдети деп эсептейт.

"Мен Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулуп-өскөм. Дүйшөмбүдөгү политехникалык институттун курулуш факультетин аяктап, ал жактагы долборлоо институтунда иштеп жүрдүм. Ошол мезгилде эле Тажикстанда башка улуттарга кысым бар эле. Экинчиден, жарандык согуш чыгып кетти. Менин тун балам колубузда, үй-бүлөмдү алып, Кыргызстанга качып келдим. Бул жакта же жарандыгыбыз жок, же паспортубуз жок, иш таппай кыйналдым. Ошентип жүрүп, долбоорго иштегенге адис издеп жатышканын көзүм чалып калды. БУУнун Качкындар комитети ошол кезде мендей качкындар менен иштеп жаткан экен. Мен да качкын элем. Качкын макамы бар болчу. "Каунтерпарт консорциум" деген уюмга иштеп калдым. Ал долбоордун алкагында качкындардын чыныгы абалын иликтеген учурда мага коомдук уюм түзүп, иштөө тууралуу ой келди".

Чүйдөгү кайрылмандардын жер көйгөйү
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:12 0:00

Каарманыбыз андан аркы кебин башынан кечирген кыйынчылыктарды эскерүү менен улады.

"Ошол 90-жылдары Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын (ПРООН) долбоорунда Тажикстандан качып келген качкындар менен иштеп калдым. Алардын чыныгы муктаждыгын ачык көрдүм. Ошол убакта этникалык кыргыздардын 90% батирде жашашчу. Үйлөрү жок болчу, эски клубдарда, кароосуз калган жайларда, негизинен Чүйдүн айылдарында баш калкалады. Орусча билишпейт. Мүлк же башка нерсе алууга кайрылайын десе, жарандыгы жок. Качкын макамы да убактылуу болчу, ошондуктан, жарандык аба менен суудай керек эле. Биз ойлонуп отуруп Жогорку Кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаевге (ред. мурдагы депутат, кинорежиссер, коомдук ишмер. 2008-жылы 82 жашында дүйнөдөн кайткан ) кайрылдык. Ал бизди жакшы угуп, маселебизди чечүүгө жардам берди. 1997-жылы этникалык кыргыздарга президент Аскар Акаев өз колу менен алгачкы паспортторду тапшырды. Бул башка келгин кыргыздарга да стимул болуп, жарандык алууну каалагандардын саны көбөйдү".

Зайнидин Тагаев.
Зайнидин Тагаев.

Зайнидин Тагаевдин айтуусунда, жарандык алууга шашпаган кыргыздардын көпчүлүгү - болжолдуу түрдө 6 миңдей киши Тажикстанда оппозиция менен бийлик элдешип, согуш токтогондон кийин кайра көчүп кетишкен. Бирок аларды ал жакта мурункудан башкача жашоо күтүп тургандыктан, айрымдары Кыргызстанга кайтууга мажбур болушкан.

"Жарандык согуш аяктап, тажикстандык качкындар репатриация болгондо кыргыздар да Тажикстандагы үйлөрүнө кайта башташты. Анткени бул жакта деле жумуш жок, экономикалык кырдаал оор эле. Ошого аргасыздан кетишкен. Тажикстандагы кыргыздар отурукташкан тоолуу аймактарды негизинен бириккен оппозиция көзөмөлүнө алган эле. Алар мурдагы союз мезгилинде активист болуп иштегендерди, мугалим, дарыгер жана башка кызматкерлерди катуу куугунтукташты. Ошондон улам, кайтып кеткен кыргыздар кайра эле аргасыздан Кыргызстанга келе башташты. Ошол 2000-жылдары башталган агым бүгүнкүгө чейин токтобой келе жатат. Акыркы жылдары Кыргызстан менен Тажикстандын мамилеси катаалдаша баштагандан улам көчүп келүүнү каалагандардын саны дагы өстү. Анын үстүнө тажиктердин өздөрүнүн да ички миграциясы күчөп, мурда кыргыздар жашаган жерлерге отурукташа башташкан. Ушундан улам мамлекеттик саясат да өзгөрүп, аймактарда кыргыз мектептердин саны азайып, жабыла баштаган. Мурда Жерге-Талда он чакты кыргыз мектеп болуп, тажик, орус жана дагы бир чет тили окутулуп келсе, эми мектептер толугу менен тажик тилине өткөрүлүп, кыргыз балдар да тажикче окууга мажбур болушту. Андан тышкары жер салыгы да көп. Ушул сыяктуу көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн кысымдардан улам Кыргызстанга көчүүнү көздөгөн кыргыздардын саны дагы деле көп болууда".

Топоз саап жаткан мургабдык кыргыз келин. Тажикстан.
Топоз саап жаткан мургабдык кыргыз келин. Тажикстан.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстанда 360 миң чамалуу кыргыз жашайт. Учурда алардын 50 миңге жакыны гана Кыргызстанга келип, жарандык алууга жетишкен. Калганы дагы деле Тажикстандын Шаар-Туз, Гисар, Исфара, Мургаб, Жерге-Тал райондорунда жана Ким поселогунда жашашат. Кыргыздардын эң көбү Жерге-Тал районунда - 84 миңдей.

Ишке ашпаган программа

2006-жылы тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздар үчүн кайрылман макамын берүү боюнча атайын программа кабыл алынган. Бул программа дүйнө жүзүндөгү этникалык кыргыздардын мекенине кайтып келип, отурукташуусун жеңилдетүүнү максат кылганы менен иш жүзүндө ага жетишкен эмес. Зайнидин Тагаевдин баамында, болгону "кайрылман" деген күбөлүк берүү менен чектелген макамды берүү Миграция министрлигине жүктөлүп, көбүнчө ыңгайсыздыктары менен этникалык кыргыздардын эсинде калган.

Зайнидин Тагаев.
Зайнидин Тагаев.

"Кыргызстан бул макамды киргизип, жеңилдик берүүнү максат кылганда Казакстандын "Оралман" программасын кандайдыр бир деңгээлде туураганы менен, "Оралман" сыяктуу иштей алган жок. Мыйзам, программа бар болгону менен аны аткаруучу механизм жок. Көчүп келген эл айылдарда жашайт, бирок айыл өкмөттүн, атүгүл райондун, жада калса облустун деңгээлинде кайрылмандар менен иштөөчү түзүм же орган жок. Республикалык деңгээлде Миграция министрлигинде бир "Кайрылман" бөлүмү бар. Алар болгону "Кайрылман" деген макамга ээ деген күбөлүк берет. Бул макам анын ээсине эч кандай жеңилдик бербейт. Медициналык, юридикалык же билим алуу, социалдык колдоо сыяктуу жеңилдиктер жок. Жарандык берүүдө Ооганстандан келген кыргыздарга берилгендей артыкчылыктар каралган эмес. Экономика багытында айыл чарба же башка бир тармакта жеңилдетилген насыялар берилбейт. Ошондуктан, кайрылман макамын албай туруп эле жарандык алууга арыз берсе тез жана ыңгайлуу болот".

Жарандык демекчи, кайрылмандар үчүн кыргыз жараны болуп, Кыргызстандын паспортун алуу да оңой эмес. Айрымдарынын арызы мыйзамда жазылгандай, 6-8 айдан 1,5 жылга чейинки аралыкта каралып, жарандык тууралуу паспортко ээ болсо, кээ бирлери жарандык берүү тууралуу президенттин жарлыгын бир нече жылдап күтүшөт.

"Буга бир канча себептер бар. Мисалы, жарандык алуу тууралуу мыйзамда бир канча карама-каршылыктар бар. Биринчиден, Тажикстанда туулуп, бирок ата-энеси менен 20-30 жыл мурун Кыргызстанга көчүп келгендер. Алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү Тажикстандыкы. Бала 16 жашка толгондо паспорт менен кошо жарандык алышы керек. Бирок Кыргызстандан ала албайт. Мыйзам боюнча ал Тажикстанга барып, паспорт алып, кайра жарандыгын тапшырууга тийиш. 2013-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча "16 жашка чыккан адамдын туулган жери чет өлкөдө болсо, сөзсүз ошол жердин тастыктоосу керек" деп жазылган. Жарандыгы болбогон соң, ал кантип Тажикстанга кирет? Ошол кыйынчылыктын негизинде паспорт ала албай, мөөнөтүп өткөрүп, жарандыкка жетпей, 20-25 жашка чыгып калган мекендештерибиз дагы бар. Экинчи маселе - тажик жана кыргыз алфавитиндеги, орфографиясындагы айырмачылыктардан улам жарандык алуу маселеси созулуп келе жаткан жарандар бар. Мисалы, тажик алвафитинде Ж тамгасы жок. Ошондуктан, Журабек же Жалил деген ысымдар Ч менен жазылып калган. Тажикстанда алган документинде Кидиратилла деп жазылып калган аты үчүн эле жарандык берилбей келе жаткан мекендештер дагы тилекке каршы көп болууда".

Президент Садыр Жапаров былтыр июлда этникалык кыргыздарга жана жарандыгы жок кыргыз тектүү адамдарга жарандык берүүнү жөнөкөйлөштүрүлгөн убактылуу жобо тууралуу буйрукка кол койгон. Анда документ топтоп, толтурууда түйшүк жана талап азайган, мындай норма ушул жылдын аягына чейин иштейт.

"Ата-эне, туугандар менен катташка тыюу болбосо.."

Зайнидин Тагаевдин айтуусунда, бул жобонун негизинде былтыр жыл аягына чейин жарандык алууга жетишкен кыргыздардын саны өстү. Бир нече жылдап жарандык берүү боюнча президенттин жарлыгын күтүп жүргөн ондогон адамдар паспорт алышты. Ошол эле учурда жогорудагы себептер менен документ чогулта албай, паспорт ала албай жүргөн этникалык кыргыздардын саны азайган жок.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамиле былтыр апрелдеги куралдуу жаңжалдан кийин катаалдашып, Кыргызстан чек араны бир тараптуу жапкан. Бул дагы тажикстандык кыргыздардын бул жактагы тууган-тушкандары менен катташына залакасын тийгизди. Мындай көрүнүш ансыз деле пандемияга байланыштуу чек арадан өтө албай келген кайрылмандар үчүн да чоң тоскоол болууда.

"Эки мамлекеттин чек арасы жабылып, бир тараптуу болуп калганынан кайрылмандар көп эле запкы чегишти. Анткени, эки баласы Чүйдө жашаса, ата-энеси Тажикстанда, же балдары Жерге-Тал, Мургабда болсо, ата-энелери бул жакта жашагандар бири-бири менен, жакшылык-жамандыкта катташа албай калышты. Туугандары ооруса көргөн мындай турсун, көз жумса топурак сала албай калышты. Күзүндө эле бир окуя болду, Чүйдө жашаган ата-энеси менен көрүшкөнү Орусиядан учуп келген баланы аэропортто үч сутка кармашты. Анткени анын паспорту Тажикстандыкы. Аягында кире албай, кайра Москвага учуп кетти. Менимче, бул туура эмес. Мейли жүктү кийирбесин, бирок адам катышын тыюу туура эмес. Беш күндүк жашоодо карым-катнаш болушу керек".

Тажикстандан жана Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын басымдуу бөлүгү Баткенде, Ошто жана Чүй облустарында жашашат. Негизинен Чүйдүн беш районунда: Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Панфилов жана Жайыл райондорунда. Алардын басымдуу бөлүгү өздөрү жашаган аймактарда айдоо жерлерин ижарага алып, дыйканчылык менен алектенсе, айрымдары курулушта иштешет. Дагы бир бөлүгү Орусияга миграцияга кетишкен.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанга четтен келип, жарандык алган этникалык кыргыздардын саны 50 миңге чукул. Басымдуу бөлүгү Тажикстандан көчүп келишкен. Алардан тышкары түрдүү себептер менен бүгүнкү күнгө чейин жарандык ала албай жүргөндөрү да бар.

Союз жаңыдан кулап, мурдагы советтик республикалар эгемендикке ээ болгон жылдары Өзбекстандан жана Тажикстандан көчүп келген кыргыздар көбөйгөн. Алардын көбү Тажикстандагы жарандык согуш учурунда аргасыз жер которгондор. Кийинки жылдары чек ара маселесинен улам кыргыз-тажик мамилесинин солгундашы да көптөгөн кыргыздарды Кыргызстанга жер которууга мажбур кылууда.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстандын аймагында өзүнүн тек-жайын тастыктаган документтери жок беш миңден ашуун этникалык кыргыз бар.

Баткен: Тажикстандан көчүп келген кыргыздар
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:02 0:00

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG