Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

Кыргыз-тажик чек арасын тактоодо жылыш бар


Кыргызстан менен Тажикстан жалпысынан 970 чакырым чектешип турса, анын 520 чакырымы эки тараптуу такталган.
Кыргызстан менен Тажикстан жалпысынан 970 чакырым чектешип турса, анын 520 чакырымы эки тараптуу такталган.

Жума соңунда Тажикстандын Исфара шаарында кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча эки тараптуу жолугушуу өттү. Расмийлер эки өлкө чек арасын тактоо боюнча да кадамдар байкалып жатканын айтышууда.

Жума соңунда Кыргызстан жана Тажикстандын расмийлери коңшу өлкөнүн Исфара шаарында жолукту. Анда жазгы талаа жумуштары башталар алдында чек арадагы жол, суу, жер жана жайыт талашка бөгөт коюп, жаңжалдын алдын алуу маселелери каралды.

Эки тараптын жолугушуусуна өкмөт өкүлдөрү менен чек арадагы жергиликтүү бийликтен өкүлдөр катышып, жаз алды менен чек арада жашаган элдин көйгөйүн жөнгө салып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аракетин жасоо үчүн атайын тапшырмалар берилип, иш пландар кабыл алынды.

Ушул ай соңуна белгиленген жолугушууда аткарылган иштер боюнча кайрадан маселелер каралат. Эки тараптуу бийликтин аракетине жараша кыргыз-тажик чек арасындагы абал да улам жакшы жагына өзгөрүп жатканын айтат өкмөттүн Чек ара аймактарды өнүктүрүү жана чек араларды тактоо бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров.

- Жазгы талаа жумуштары башталар алдында чек арада жашаган калктын суу, жол сыяктуу күнүмдүк талаш-тартышын чечүү максатында кеңешме курдук. Суу баарына бир мезгилде жете бербейт. Ошондуктан кезметтерди уюштуруу, калк арасында түшүндүрүү чараларын көрүү үчүн айыл аймак башчыларына, акимдерге тиешелүү тапшырмалар берилди. Эки тарап чек арадагы чыңалуунун алдын алуу боюнча бир пикирге келдик. Албетте мындай чечимдер чек арадагы чырлардын кыскарышын шарттайт. Буга мисал, өткөн жылы чек арада чыр-чатактар кыйла кыскарды.

Курбанбай Искандаров мындан тышкары Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча орток пикирге келип, акыркы жолугушууларда эле 15 чакырым чек ара такталып, жалпысынан эки өлкөнүн такталган 520 чакырым чек ара сызыгы жакын арада эки өлкө жетекчилеринин кол коюусу менен бектилерин кошумчалады.

- Эки тараптуу макулдашылган чек ара боюнча өлкө жетекчилеринин демилгеси менен ички макулдашуулардан өткөрүп, бекитип коёлу деген демилге болгон. Азыр биз ички макулдашуудан өткөрүп, ал Жогорку Кеңештин кароосунда турат. Ал эми Тажикстан тарап макулдашуулардан өткөрүп бүткөнүн кабарлады. Жакында биздин президенттин Тажикстанга сапары күтүлүп жатат. Мен ойлойм ошол сапар учурунда кол коюлушу керек. Бул чоң резонанс. Мындайга жетишүү үчүн бир топ жумуштар жасалды. Алдыда дагы мурда бектилигендей эле калган чек араларды тактоо боюнча жумуш жүрө берет.

2014-жылы кыргыз-тажик чек арасында жалпысынан 30дай чыр-чатак катталып, анын ичинде адам өмүрүн алган учурлар болгон. Өткөн жылы жаңжалдар кыйла кыскарып, 10 чатак орун алган. Бийлик өкүлдөрү качан гана чек арада тирешүү болуп, жаңжал чыкканда аскерлер менен маселени чечпей, тынымсыз сүйлөшүү жолу менен алдын ала аракеттенсе жакшы натыйжа болот дейт чек арага жакын жашаган Тойчуалы ​аттуу тургун.

- Баарыбыздын, элдин мүдөөсү ушундай. Качан чыр чыкканда аракет кылып курал менен же аскерлер менен маселе чечпей, ар бир иштин алдын алып сүйлөшүүлөр менен маселе чечилсе жакшы. Тиешелүү кызматтар качан маселе жаралганда кыймылдабай ушинтип алдын алып, системалуу түрдө иш алып барууга көнүш керек.

Кыргызстан менен Тажикстан жалпысынан 970 чакырым чектешип турса, анын 520 чакырымы эки тараптуу такталган. Жакын айларда эки тараптуу такталган чек ара ратификацияланып, өлкө жетекчилеринин кол коёру күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG