Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:36

ЕККУ берген акчага курал кампалары курулат


Кыргызстан ЕККУнун колдоосу менен 2 млн. евро жардам алып, аны курал сактоочу жаңы кампа курууга жана эскилерин жаңыртууга жумшаганы жатат.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунан (ЕККУ) жардам алууга байланыштуу меморандумга өткөн апта соңунда кол коюлду. Долбоор кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү тарабынан түзүлгөн.

ЕККУ бере турган 2 млн. еврого курал-жарак сактоочу жаңы үч кампа куруу пландалууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Коргоо министрлигинин өкүлү Эрнис Эламанов билдирди.

- Курал сактаган кампалар Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн ичине салынат. Биринчиси - Бишкектин үстүндөгү Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүнө. Экинчиси - Баткендеги Бужум айылындагы аскер бөлүккө, үчүнчүсү - Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө аскер бөлүгүнүн ичине. Алар толугу менен кайтаруу системасы, видеокөзөмөлдөөсү менен чогуу курулганы жатат. Ал эми эски кампалар реконструкцияланат. Анткени алар Союз учурунда салынган.

Буга чейин айрым маалымат булактары бул каражатка курал алынып, эски куралдар жок кылынарын, акчанын бир бөлүгү машыгууга жумшалаарын жазып чыгышкан. Эламанов азырынча эски куралдарды утилизациялоо маселеси жок экенин кошумчалады.

Буга чейин Кыргызстан Орусиядан курал-жарак сураганы белгилүү. Буга байланыштуу сүйлөшүүлөр өткөн жылы активдешип, Орусия бере турган куралдын суммасы да айтыла баштаган.

Маалымат каражаттарында айтылганга караганда, Орусиядан Кыргызстанга 1 млрд. доллардан ашуун каражатка курал-жарак келери белгиленген. Кыргызстан артиллерия, бронетехника, зениттик комплекстерди, автоунаа, тик учак жана башка жабдууларды сурап кат жөнөткөн. Эрнис Эламанов Орусиядан келчү курал-жарак тууралуу азырынча эч нерсе айта албай тургандыгын кошумчалады.

Анткен менен президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн аскердик доктринасын талкуулаган Коргоо кеңешинин жыйынында курал-жарак күздөн тарта келе баштарын билдирген болчу.

- Келишимге ылайык, Орусиянын Коргоо министрлиги ушул жылдын 4-кварталында Кыргызстандын куралдуу күчтөрү үчүн заманбап жаңы курал-жарактарды алып келе баштайт. Алына турган курал-жарактардын түрүн бекитүү боюнча бүгүнкү чечимдер бизге аларды тандоодо жаңылып калбоого жардам берет. Анткени куралдуу күчтөрдүн түзүмдөрүнүн өзгөчөлүгүнө карап, биз курал-жарактардын түрүн да аныктайбыз.

Кыргызстанда Советтер союзу маалында курулган курал-жарак сактоочу кампалар бар. Бирок бул жашыруун сыр болгондуктан алардын саны канча экени белгисиз. Эми ушул кампалардын коргоо системасы да ЕККУ берген каражаттын эсебинен жаңыртылмай болууда.

Анткен менен мурдагы коопсуздук кызматкери, генерал Артур Медетбеков Кыргызстан коопсуздукту бекемдөө маселесинде башка өлкөлөрдүн оозун карабай өзү да ички булактардан каражат бөлүп, аракет кылыш керек деген пикирде:

- Орто Азиядагы, Түндүк Африкадагы болуп жаткан окуяларды эске алганда, дегеле акыркы убактагы диний терроризм, экстремизмдин күчөшүнө каршылык бериши үчүн биздин куралдуу күчтөр жаңыланууга милдеттүү. Ооганстандан НАТОнун армиясы кетип жатат, Американын куралдуу күчтөрү азайып, Кыргызстандан да база чыгып жатат. Ошондуктан ЖККУга, башка чоң мамлекеттердин күчтөрүнө таянбай өзүбүз аракет кылып, куралдуу күчтөрдү бардык жагынан чыңдашыбыз керек.

Ошентип Кыргызстан коопсуздугун чыңдоого белсенип жаткан кез. Буга чейин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынында Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Бузурманкул Табалдиев 2014-жылы Ооганстандан НАТОнун аскерлери чыгарылгандан кийинки кырдаалга даяр болуш керек деп билдирген эле. Эксперттер азыркы курал-жарак алуу жана курал кампаларын бекемдөө, жаңылоо аракеттерди ушуга да байланыштырып жатышат.

XS
SM
MD
LG