Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:39

Күзүндө Орусиядан курал келе баштайт


Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн жаңылоо үчүн Орусиядан курал-жарак жана техника ушул жылы келе баштайт.

Бул тууралуу өлкөнүн аскердик доктринасын талкуулаган Коргоо кеңешинин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Аталган жыйында ошондой эле чукул кырдаалда аракеттенүүчү күч түзүмдөрүнүн бирдиктүү борборун түзүү талкууланып, акырында Кыргызстандын аскерий доктринасы кабыл алынды.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн Коргоо кеңешинин жыйынын ачып жатып, президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан ушул жылдын акыркы кварталында курал-жарактар жана техникалар келе баштай турганын айтты.

- Келишимге ылайык, Орусиянын Коргоо министрлиги ушул жылдын 4-кварталында Кыргызстандын куралдуу күчтөрү үчүн заманбап жаңы курал-жарактарды алып келе баштайт. Алына турган курал-жарактардын түрүн бекитүү боюнча бүгүнкү чечимдер бизге аларды тандоодо жаңылып калбоого жардам берет. Анткени куралдуу күчтөрдүн түзүмдөрүнүн өзгөчөлүгүнө карап, биз курал-жарактардын түрүн да аныктайбыз.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу да 25-июнда Бишкекте Алмазбек Атамбаев менен жолукканда жаңы жылдан тарта курал-жарактар бериле баштарын убада кылган.

Ал эми Коргоо кеңеши жыйындын күн тартибине 3 маселени, атап айтканда Кыргызстандын аскерий доктринасы, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн реформалоо жана өлкөдөгү стратегиялык имараттардын тизмесин киргизип, талкуулады.

Куралдуу күчтөрдүн кол башчысы, президент Алмазбек Атамбаев кабыл алынган аскерий доктрина коргоо жана коопсуздук багытындагы мамлекеттин саясатын аныктаган документ деген ишенимде.

- Бул документ Кыргызстандын аскердик коопсуздугун жана мамлекеттик коргоону камсыз кылуу үчүн зор мааниге ээ. Аскердик доктрина мамлекеттин коргоо саясатын, аны ишке ашыруу принциптерин жана формаларын аныктайт. Жаңы аскердик доктринада куралдуу күчтөрдүн башкаруу системасын түп-тамырынан өзгөртүү каралган.

Мындан тышкары аскерий доктринанын алкагында күч түзүмдөрүнүн башын кошкон бирдиктүү борбор түзүлөрү, ал кандайдыр бир чукул кырдаал жарыяланып калса, аскерий да, жарандык да максатта колдонулары айтылды.

Ал эми Орусиядан курал алуу боюнча Кыргызстан орус өкмөтү менен былтыр сентябрда келишимге кол койгон. Орусия Кыргызстанды жалпы суммасы 1 млрд. доллардан ашык бааланган курал-жарак менен камсыздай турганы да айтылып келатат. Бул сумма ири болгону менен, Орусиядан жаңы жана заманбап курал-жарактар келеби, же эски техникаларбы, деп маселе койгондор бар.

Коопсуздук маселелери боюнча талдоочу Имамберди Жалиловдун пикиринде, Кыргызстан бронетехника, БТР, БМПнын жаңыланган түрлөрүнө жана башка куралдарга муктаж.

- Бизге тактикалык, стратегиялык курал-жарактар, атуучу куралдар керек. Калашников автоматынын, минаметтердун жаңыланган түрлөрү зарыл. Мен айткан курал-жарактарсыз коопсуздукту сактоо кыйын.

Чек арага жакын аймактарга кошуна мамлекеттер оор аскердик теникага каршы багытталган миналарды жайгаштырган учурлар бар экенин эске салган Жалилов аларды издеп табуучу аппараттар, чалгын жүргүзүүдө колдонулуучу жеңил жана оор техникалар да зарыл деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG