Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

«Salam»: түзүлө элек оператордун санаасы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүү иштери башталганы кабарланды. Бирок бул милдетти өзүнө алган «Мегаком» компаниясы «КТ-Мобайл» ишканасынын жетекчилери кызматтан кеткендиктен азырынча жылыш жок экенин билдирүүдө.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «КТ-Мобайлдын» айланасындагы иштер саясатташып кетип, долбоордун экономикалык тарабы көз жаздымда калганын айтып жатат. Эми бул долбоордун тагдыры эмне болот, төртүнчү уюктук оператор түзүүнүн зарылчылыгы барбы?

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, Кыргызстанда «Salam» бренди менен виртуалдык оператор түзүү иштери башталды.

Бакыт Шаршембиев.
Бакыт Шаршембиев.

«Виртуалдык операторго көп деле техникалык жумуштар талап кылынбайт. Менин билишимче «Альфа Телекомдо» тарифтик пландар боюнча жумуштар жүрүп жатат. Cим-карталар даяр. Бир айдын ичинде бул долбоорду ишке ашырып, жаңы операторду ишке киргизсе болот».

16-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттө жыйын өткөрүп, Кыргызстандын рыногунда «Salam» бренди менен төртүнчү уюлдук байланыш операторун бир айдын ичинде ишке киргизүү тапшырмасын койгон. Бул милдетти «Мегаком» компаниясы өзүнө алган.

Бирок «Мегаком» брендине ээлик кылган «Альфа Телеком» ишканасынын жетекчиси Акылбек Жамангулов азырынча эч кандай жумуш жасала электигин айтты. Ал муну «КТ-Мобайл» компаниясынын жетекчилери жана айрым кызматкерлери кызматтан кеткени менен байланыштырды.

Жамангулов «Альфа Телеком» жана «КТ Мобайл» компанияларынын ортосундагы келишимдин негизинде виртуалдык оператор түзүүнү колдоп, бирок өз алдынча иш алып барган уюк операторунун пайда болушуна каршы чыккан. Ал жаңы уюк операторду толук кандуу иштетүү үчүн 86 млн. доллар талап кылынганын жарыялады.

Акылбек Жамангулов.
Акылбек Жамангулов.

«Бул чоң чыгымдарды алып келмек. Биз ушуга каршы болуп, чыр ушундан чыккан. Келишимге ылайык виртуалдык оператор түзүшүбүз керек болчу. Ага көп деле акча жумшалбайт. Ал эми биздин компания 86 млн. долларды салып салсак ал эртеңки күнү кайра кайтарылып, киреше алып келиши керек да. Биз жөн эле акчаны салып коё албайбыз».

«Кыргызтелеком» ачык акционердик коому 2018-жылдын 2-ноябрында өзүнө караштуу «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коому менен иштешүү укугу үчүн тендер жарыялап, аны «Альфа Телеком» жеңип алган.

Жыйынтыгында «Альфа Телеком» жана «КТ Мобайл» компаниялары келишим түзгөн. Ага ылайык, «Мегаком» «КТ Мобайл» компаниясы ээлик кылган GSM стандартындагы жыштыктарды пайдалануу укугуна ээ болгон. Бул үчүн «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. «Мегаком» биринчи транш менен 168 млн. сом которгону белгилүү болду.

Ошондой эле аталган ишкана жаңы ачылган «Salam» виртуалдык операторуна Интернетти, мобилдик байланышты дүңүнөн сатат, ал эми «Salam» оператору үстүнө каражат кошуп, кайра аны абоненттерге сатууну көздөп жатат. Түшкөн каражаттын 67 пайызын «Мегаком», калган 33 пайызын «КТ Мобайл» алат деп көрсөтүлгөн.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып экономикалык долбоор саясатташып кеткенин айтты.

«Азыркы биз айтып жаткан «КТ Мобайл» жана «Мегакомдун» ортосундагы долбоор бул мамлекеттик проект. Муну аягына чейин жеткиришибиз керек. Чарбалык, экономикалык маселени саясий маселеге айлантып жатканыбыз туура эмес».

​Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев да «Salam» виртуалдык операторун ишке киргизүүнү колдоп жатат.

«Бул пайдалуу деп эсептейбиз. Анткени уюктук байланышка муктаждык бар. Себеби жылдан жылга Интернетке жана башка кызматтарга болгон муктаждык өсө берет. Ошондуктан колдо турган жыштыктарды колдонуп, компанияларды алдыга жылдырып, андан киреше алыш керек. Анткени бул жыштыктар үчүн «Кыргызтелеком» Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетке жыл сайын каражат төлөп, чыгаша болуп жатат. Анан чыгаша болуп, киреше кирбегени туура эмес».

Учурда Кыргызстанда үч уюк оператор иштейт. Алар: «Мегаком» бренди менен таанымал «Альфа Телеком» компаниясы, «Билайн» аты менен таанылган «Скай Мобайл» ишканасы жана «О!» деген бренд менен чыккан «НУР Телеком» компаниясы.

Кыргызстандагы байланыш операторлорунун ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Күрөңкеев түзүлөт деп жаткан жаңы уюк компаниясы иштеп кетишине көзү жетпей турат.

«Кардарлар үчүн жаңы оператордун пайда болушу жакшы. Анткени атаандаштык күчөйт. Баалар төмөндөп, сапат жакшырат. Бирок жаңы компания үчүн бул чоң жумуш. Анткени ал аз болсо да абонент топтоп, киреше таба алабы деген суроо бар. Демек төртүнчү оператор үчүн оор болот».

«КТ Мобайл» ишканасы «Кыргызтелекомдун» алдында 2003-жылы негизделген. Жыштыктарга лицензияны сатып алган менен каржы жетишсиздигинен улам иштеп кете алган эмес.

Компания жыштыктар үчүн жыл сайын Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигине каражат төлөйт. Маалыматтар боюнча, мамлекетке болгон карызы 170 миллион сомго чыгып кеткен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG