Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:02

Матраимовдун “жеңиши”, Рысалиевдин кетиши


Узаган апта ичинде Кыргызстанда болгон урунттуу окуяларга сереп.

Жогорку сот 17-майда өкмөт менен соттошуп келе жаткан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун пайдасына чечим чыгарды.

"Соттук актыларды күчүндө калтыруу менен Жогорку сот өкмөт Райымбек Матраимовду иштен алып жатканда мыйзамда көрсөтүлгөн тартипти бузган, себеби "ал ээлеген кызмат тартиптик жаза колдонуу тартиби көрсөтүлбөгөн жогорку административдик кызмат болуп эсептелет" деп туура эмес ойлогон деген буга чейинки тыянактарга макул болду”, – деп кабарлады Жогорку соттун басма сөз кызматынын өкүлү Чынара Мамытканова.

Райымбек Матраимов кызматтан 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен бошотулган. Өкмөт бул чечимге "Матраимовдун иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө келтирген.

Былтыр апрелде Матраимов иштен негизсиз кеткенин айтып, өкмөттү сотко берген. Буга чейинки соттук инстанциялар да “Матраимов иштен мыйзамсыз алынган” деп тапкан.

Жогорку соттун чечими акыркы жана ал Матраимовго кайрадан кызматына келүүгө жол ачат. Жогорку Кеңештин депутаты, Райымбек Матраимовдун бир тууганы Искендер Матраимов анын ишине кайра кайтып келүү ниети жоктугун билдирди:

"Жогорку соттун чечими туура болду. Ушунча жыл бажыда иштеп, бир эле адамдын буйругу менен иштен алынып калбашы керек да. Азырынча жумушка кайтуу тууралуу ойлонгон жок. Биринчи кезекте мыйзамсыз алынганын далилдеш керек болчу".

Коомчулукта Райымбек Матраимовдун байлыгы суроо жаратып, коррупцияга байланыштуу коомчулукта сын күчөгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков былтыр жыл аягында Матраимовдун байлыгын текшерүүнү тапшырган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат анын аягына чыга элек.

Президент Сооронбай Жээнбеков Райымбек Матраимовдун бир туугандары Искендер Матраимов (оңдо) жана Тилек Матраимов менен (солдо).
Президент Сооронбай Жээнбеков Райымбек Матраимовдун бир туугандары Искендер Матраимов (оңдо) жана Тилек Матраимов менен (солдо).

Президент Жээнбеков 16-майда Ысык-Көл облусунун Түп районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда: “Коррупция менен күрөш токтобой уланат. Бул күрөштө бир гана президенттин алы жетпейт. Менде эрк бар — президент катары бул күрөштүн башында мен туруп берем. Бирок муну каалабагандар дагы бар”, — деп билдирди.

49 жаштагы Райымбек Матраимов өлкөдөгү бардар адамдардын бири катары сыпатталып келет. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзү бийликте турганда бажыдагы жооптуу кызматта иштеп кеткен Матраимовду «бажы тармагындагы коррупциялык схемаларды түзгөн» деп айыптап, азыркы бийликти «анын мыйзамсыз иштерине көз жумду» деп сындап чыккан.

13-майда Райымбек Матраимов Интернеттен видео кайрылуу таратып, экс-президент Алмазбек Атамбаев аны жөн жерден каралап жатканын билдирген жана Атамбаевге каршы күрөшүүгө алы жетерин айткан.

«​Сиздин командаңызга кошулганга чейин жөн гана Райымбек болсом, кийин “Райым миллион” атка кондурдуңуз. Алланын колдоосу жана жеке аракетим менен бажы тармагында катардагы инспекторлук кызматтарды басып өтүп, Ош бажысынын башчылыгына чейин жеттим. Кийинчерээк сиздин жеке колдооңузга, ишенимиңизге арзып, жыл сайын мамлекеттик план-тапшырмаларды аткарып, иштеп жүрдүм. Өз кезегинде аткарган ишимди жогору баалап, жеке өзүңүздүн жана жакын кишиңиз Икрам досумдун колдоосу менен Бишкекке которулдум. Борбордо да сизди уят кылбай иштедим. Командаңызда эң ишенимдүү адамдардын бири болуп жүрдүм, дегеле 2010-жылдан тарта сизге жана сиз колдогон партияга ар тараптуу көмөгүмдү берип, колдоо көрсөтүп келдим. Аягында айтарым, мага карата каралоону токтотпосоңуз, мындан ары жөн отурбайм. Сиз менен күрөшүүгө жетиштүү маалыматтарым бар жана күч-кубатым жетишээрлик», - деген Райымбек Матраимов.​

Ал эми коомдук активист Эдил Байсалов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун экс-президент Алмазбек Атамбаевге видео аркылуу кайрылганы анын чоң катачылыгы болду деп эсептейт.

“КТ Мобайл” чатагы

Парламенттеги убактылуу депутаттык комиссия “КТ Мобайл” мамлекеттик компаниясынын тегерегиндеги чатакты териштире баштады. Ал эми 18-майда бул иште аты аталып жаткан негизги адам - Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму каржылаган эл аралык "Ачык өкмөт" уюмунун катчылыгынын башчысы Иманкадыр Рысалиев өз арызы менен кызматтан кеткени белгилүү болду.

“КТ Мобайл” чатагын иликтеген депутаттык комиссиянын 17-майдагы биринчи отурумунда "Мегаком" ишканасынын жетекчиси Акылбек Жамангулов аны “Ачык өкмөт” эл аралык уюмунун катчысы, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы, бийликке жакын адам саналган Иманкадыр Рысалиев коркутканын айтып чыкты.

Иманкадыр Рысалиев Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму каржылаган эл аралык "Ачык өкмөт" уюмунун катчылыгынын башчысы болуп иштеп келген. Ал премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы экенин өкмөттүн маалымат кызматы ырастаган.

Рысалиев президент менен мамилеси жакшы экенин, бирок бажасынын премьерликке келишине анын таасири тийбегенин айтып жатат. Ал “Санарип Кыргызстан” долбооруна мониторинг жүргүзүү жана талдоо боюнча жумушчу топтун да мүчөсү.

Рысалиевдин 24 жаштагы баласы Эрназар Иманкадыр уулу күздөн бери “КТ Мобайл” ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп жаткан. Ал жана жетекчиси Нурбек Мукамбетов чуу чыккандан кийин кызматтарын тапшырып кетишти.

Талашка себеп болгон «КТ Мобайл» - 2003-жылы түзүлүп, бирок ушул күнгө чейин иштебей келген «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана.

Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгону ачыкка чыккан.

Парламентте «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, анын жетекчиси болуп депутат Курманкул Зулушев тандалган.

Комиссиянын алдында "Мегакомдун" "КТ Мобайлга" 345 миллион сом төлөп берүү тууралуу чечими жана ал сумманын жарымы кайда коротулган деген маселени иликтөө милдети турат. Ошондой эле Иманкадыр Рысалиевдин ыйгарым укугу жок болсо да, өкмөттө мамлекеттик компаниялардын жана органдардын жетекчилерин чогултуп, жыйын өткөргөн деген маалыматты изилдеп чыкмакчы. Рысалиевдин “Мегаком" ишканасынын жетекчиси Акылбек Жамангуловго жөнөткөн СМС билдирүүлөрүндө коркутуу бар деген маалыматтарга баа берилиши керек.

Курманкул Зулушев
Курманкул Зулушев

"СМСтерди Кыргызстандын баары эле окуду. Анын мазмунуна карасак, албетте, ал жерде коркутуу түшүнүктөрү бар. Муну тиешелүү укук коргоо органдары аныктайт. Бүгүн биз бирөөнү күнөөлөгөндөн алыспыз. Бирок коомчулукта, бизде коркутуу менен жанагындай аракеттер болгон деген ой калтырып жатат. “Мегаком” башталгандан бери эле анын жетекчилери түрмөдө. Чоң акча айланган жерде таза иштер болбой жатат. Бул мандем да ошондон чыкты", - деди комиссиянын төрагасы Курманкул Зулушев.

Иманкадыр Рысалиев өзү болсо “Мегакомдун” башчысы Акылбек Жамангуловду жалган маалымат таратты деп айыптап жатат:

«​Мени өкмөттүн жыйынына эч ким чакырган жок. Ага катышкан эмесмин. Бирок мен президентке караштуу санариптештирүү боюнча эксперттик топтун мүчөсүмүн. Биз ошонун алкагында атайын жол картаны иштеп чыкканбыз. Ошондо "КТ Мобайл" улуттук уюлдук оператору түзүлүшү керек деп көрсөтүлгөн. Мен Акылбек Жамангуловго ошонун негизинде иш кантип жатканы боюнча эле сурап кайрылгам. Анткени келишим түзүлгөнү менен, иш үзгүлтүккө учурап жаткан. Айтылып жаткан дооматы мени атайылап "ошол иштин артында турат" деп каралап, долбоорду үзгүлтүккө учуратууга жасалган аракет. Эксперттик топтун мүчөсү катары бул жагдайдан кабар алууга укугум бар».

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 18-майда түшкө жуук “КТ Мобайл” чыры боюнча “Азаттыктын” суроосуна жооп берди:

Ушул күнү кечкурун өкмөттүн басма сөз кызматы премьер Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Бишкектеги кеңсесинин башчысы, элчи Пьер фон Арксуга кайрылып, Иманкадыр Рысалиевди "Ачык өкмөт" улуттук форумунун катчылыгынын башчылыгынан чакыртып алууну сунуштаганы тууралуу маалымат таратты.

Өкмөт башчы бул чечимди "Рысалиевдин тегерегинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коомдук резонанстан улам" кабыл алганы айтылды.

Буга удаа эле Иманкадыр Рысалиев өз арызы менен кызматтан кеткени белгилүү болду. Анын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, кызматынан бошотуу тууралуу арызды ЕККУга жана өкмөткө жиберген. Рысалиев бул анын жеке чечими болгонун кошумчалады.

Ага чейин Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов акыркы окуяларга байланыштуу өкмөт башчы Абылгазиевди өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө чакырган.

«Премьер-министрдин бир бажасы санариптештирүү деген тармакты башкарып жатса, саламаттык сактоо министри өзүнүн кара чечекей досу болсо, мамлекеттик «Альфа-Телеком» компаниясы менен премьер-министрдин бир тууган бажасынын уулу жетектеген «КТ Мобайл» компаниясынын ортосунда шектүү келишим ачыкка чыгып жатса, ага олчойгон маяна чегерип беришкени чыкса, анын ал бажасынын уулун кызматтан алып коюу менен эле чектелип калбаш керек. Бул элди дагы бир жолу алдоо болуп калат. «Үй-бүлөлүк, кландык башкаруу болбойт» деп президент баш болуп, премьер-министр төш болуп айтып жатканда мындай көрүнүштөрдүн ачыкка чыгып жатканы туура эмес. Премьер-министр өз ыктыяры менен кызматтан кетип, элден кечирим сурап койсо туура болмок. Анткени "сунулган башты суурулган кылыч кеспейт" дейт элибизде. Бирок көгөрүп эле «жок, бул эч нерсе болбойт, ушундай боло берет, мунун баары өтүп кетти» дей бере турган болсо анда элдин бийликке болгон ишеними кетет».

Батукаевдин иши, камалган жетекчилер

Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча камакка алынды. Алардан тышкары да бул иш боюнча беш дарыгер кармалган. Эки дарыгер тергөө менен кызматташуу боюнча тил кат жазып бергенден кийин үй камагына чыгарылды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков иш калыс тергелсе, ошол кезде жогорку кызматта отурган бир топ жооптуу адам жоопко тартылат деп эсептейт:

​«Бул иш жакшы тергелсе, башкы прокурор баш болгон эки-үч киши, ЖАМКтын жетекчиси баш болгон үч-төрт киши жана саламаттык сактоо министри - бардыгы жоопко тартылышы керек деп ойлойм. Ишти президент, Жогорку Кеңеш көзөмөлгө алса, булардын баары жооп берет деген ишеним бар».

Азиз Батукаевдин абактан бошотулганы боюнча мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун 16-майда экинчи ирет сурак берди. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосуна өзү ырастап, тергөөчүлөр аны эки саат сураганын билдирди.

"Биринчи жолу беш саат сурак бергем. Мен Нарымбаев, Таабалдиев жөнүндө айттым. Жаңы фигуралар чыгып жатпайбы. Экс-президент Атамбаев баштап түздөн түз катыштыгы бар экенин, алар мага кандай кайрылганы боюнча ачыкка чыгарып жатам", - деди Акун.

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Турсунбек Акун ошол кезде акыйкатчы катары иштеп жаткан.

Ал эми ошол кезде башкы прокурор болуп иштеген Аида Салянова Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип, бул иште мыйзам жагынан мүчүлүштүк кетпегенин белгиледи.

Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев Азиз Батукаев бошотулган кезде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы болуп турган. Айрымдар анын да жоопкерчилиги каралышы керек деп ойлошот. Депутат өзү да Батукаевдин ишин кайра кароону талап кылууда.

​«Мени "Рысалиев кызыл килем төшөп, Батукаевди узатты" деп күнөөлөшпөдүбү. Өздөрүнүн күнөөсүн жабуу үчүн мени таза жеримден күнөөлөштү. Эгер мен аны аэропортко узатып барсам, анда ошол сүрөттөрдү, видеолорду көрсөтпөйсүңөрбү?" дегем. Башкы прокуратурага барып, УКМКга айтып жатып, өзүм көрсөтмө берип, депутат болуп келгенден кийин Батукаевдин ишин атайлап козготтум. "Ак ийилет, бирок сынбайт" дегендей бүгүнкү күндө Батукаевди кимдер бошотуп, кимдер узатканы белгилүү болуп жатат. Мен Батукаевге килем төшөп аэропортко чейин узатып, Чеченстанга чейин жеткирип барганым чын болсо Текебаев мени ошондо эле каматып салмак».

Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгып кеткенин териштирүү үчүн убагында Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия ошол кездеги жооптуу бир топ адамдардын жоопкерчилиги каралышы керек деген корутунду чыгарган. Бирок ал аткарылган эмес.

Ошол кезде вице-премьер-министр кызматын аркалаган Шамил Атаханов жергиликтүү 24.kg маалымат агенттигине кенен интервью берип, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча дооматтарга жооп берди.

Ал өзүнө карата айтылып жаткан сөздөрдү төгүндөп, Азиз Батукаев учуп кеткен «Kyrgyz Handling Company- APR» компаниясына баласы Данияр Атахановдун эч кандай тиешеси жок экенин айтып берген. Батукаевди бошотуу боюнча коррупциялык схема Атаханов кызматка келгенге чейин башталганын белгилеп, кримтөбөлдүн жакындары менен эч качан жолукпаганын билдирген.

Украина: Зеленский менен парламенттин "оюну"

Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский кызматына 20-майда киришет. Ант берүү аземи украин парламенти - Жогорку Радада өтөт. Азыр эң башкы талкуу кызматына киришкен Зеленский парламентти таркатып, жаңы шайлоо жарыялайбы же добуш берүү күздө өз мөөнөтүндө өтөбү деген суроо чыгууда.

Жаңы шайланган Зеленскийдин Жогорку Радада өз партиясы жок болгондуктан шайлоо өнөктүгү учурунда берген убадаларын аткаруу үчүн парламентте колдоочулары аз.

Экинчиден, кезексиз шайлоо жарыяланып калса, ал июлдун акырында өтүп калышы мүмкүн. Бул азыркы учурда эл арасында кадыры бийик Зеленскийге али жакшы түптөлө элек “Эл кызматчысы” партиясын парламентке алып келгенге мүмкүнчүлүк берет:

“Украин маалымат каражаттарында жарыяланган социологиялык сурамжылоодо эгер бүгүн шайлоо өтө турган болсо, “Эл кызматчысы” партиясы 40 пайыз добуш алмак. Украина парламенттик - президенттик өлкө экенин эскерте кетейин. Ошондуктан президентке дайыма шайлоодо убада берген мыйзамдарын ишке ашыруу үчүн парламент менен тил табышууга туура келет. Зеленскийге жана анын саясий күчтөрүнө шайлоонун мөөнөтүнөн мурда өткөнү пайдалуу болмок”, - деди украиналык саясий талдоочу Александр Харебин.

Бирок ал Зеленскийдин партиясы азыр шайлоого даяр эмес деп эсептейт.

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Бирок депутаттар парламентти таркатууга тоскоол болгон биринчи кадамды 17-майда жасашты. Парламенттеги экинчи ири фракциянын лидери Максим Бурбак анын "Элдик фронт" партиясы башкаруудагы “Европалык Украина” коалициясынан чыгып жатканын жарыялап, ушул күнү коалиция расмий ыдырады:

"Биз коалициядан чыгып жатканыбызды жана ал өз ишин 2019-жылдын 17-майынан тарта токтото турганын жарыялайбыз. Ошондой эле жаңы программа менен жаңы коалициялык көпчүлүктү түзүүнү сунуштайбыз".

Көпчүлүк талдоочулар парламенттик коалиция жок кезде президент Жогорку Раданы тарата албай турганын айтышууда.

Ал эми 27-майда парламентти таратууга экинчи тоскоолдук күчүнө кирет.

Украин мыйзамдарына ылайык, президент Жогорку Раданы анын ыйгарым укуктары аяктаганга жарым жыл калганга чейин гана таркатууга укуктуу. Учурдагы украин парламентинин ыйгарым укугу быйыл 27-ноябрда аяктайт.

Ал арада мурдагы президент Петро Порошенконун адамдары отставкага кете баштады. Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин 17-майда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Ал өз чечимин быйыл боло турган парламенттик шайлоого катыша турганы менен түшүндүрдү.

Ошондой эле 2014-жылдан бери Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын аркалап келген Александр Турчинов да кызматтан кетти.

“Мени кызматка койгон президенттин ыйгарым укуктары аяктап жатканына байланыштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы катары ыйгарым укуктарымды токтотуу маселесин карап көрүүнү сурайм” деп жазды Турчинов.

41 жаштагы актер жана куудул Зеленский 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда Украинаны соңку беш жылдан бери башкарып келген Петро Порошенкону жеңип алган. Ал жалпы добуштардын 73 пайызын, атаандашы 25 пайызын алган. Актер жана куудул Владимир Зеленский азырынча парламентти таркатуу боюнча пикирин ачык айта элек. Бирок командасындагы айрым өкүлдөр азыркы парламент элдин ишениминен чыкканын, андыктан жаңы депутаттарды шайлоо керектигин айтып жүрүшөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG