Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

"Ата Мекенде" мандат талаш чыкты


"Ата Мекен" партиясынын желеги.
"Ата Мекен" партиясынын желеги.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясында "Аида Салянованын ордуна кимге мандат тиет?" деген талаш чыкты.

БШК 4-апрелде партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү келбегендиктен мандат алыш үчүн кезекте турган айрым адамдарды тизмеден чыгаруу тууралуу арызды кийин карамай болду. Арызда аты аталган талапкерлер баштапкы арыздарын кайтарып алып, партия, фракция лидерлерин күнөөлөп жатат.

БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун маалыматы боюнча, мандат алыш үчүн кезекте турган беш кишини тизмеден чыгаруу тууралуу "Ата Мекен" партиясынын төрагасынын орун басарынын атынан 29-мартта кат келген. Бул арызды кароо 4-апрелге белгиленген, бирок партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү келбей калгандыктан жыйын болбой калды:

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

- Экинчиден, ошол саясий партиядан тизмеден чыгаруу тууралуу катта көрсөтүлгөн талапкерлер өздөрү келип, мурда жазылган арызынан баш тартуу жана арыздарды БШКдан чакыртып алуу жөнүндө бизге арыз жазып берди. Ошондуктан биз арыздарды кийинкиге калтырдык. Тиешелүү кызыкчылыгы болгон талапкерлер келгенден кийин карайбыз. Мандат алыш үчүн кезекте турган талапкерлер тууралуу ТИМ аркылуу жарандуулугу, бул жактагы органдардан соттолгон же соттолбогону жана башка маалыматтарды күтүп жатабыз.

БШК "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыраткандан кийин анын ордуна тизмеде 15-болуп турган Искендербек Гайпкулов келген. Андан кийин кезекте Гүлнара-Клара Самат турат. Ал атын өзгөртүп алган, мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда БШКга төрайымы болгон, кийин анын уулу Максим Бакиев коркутканын айтып чет өлкөгө чыгып кеткен Клара Кабилова экени белгилүү.

"Ата Мекен" партиясынын төрагаcынын орун басарынын катында Гүлнара-Клара Саматты, Ташболот Балтабаевди, Талант Узакбаевди, Рысбек Мирзаматовду, Нургүл Бакированы тизмеден чыгаруу тууралуу жазылган. Мындан улам "тизмеде 21-болуп турган Болот Шерди келишине шарт түзүлүп жатат" деген сөздөр чыккан.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов маселеге БШК чекит коерун айтып жатат.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Булар 2015-жылы "эгер тийиштүү добуш ала албасак тизмеден чыгабыз" деп өз колдору менен арыз жазып берген. Биз ошол арыздарды БШКнын кароосуна жөнөттүк. Эми мыйзамдын чегинде буга чекитти БШК коюшу керек. Ошондуктан бул маселе - БШКнын компетенциясындагы маселе. Алар кандай чечим чыгарса ошондой болот. Мыйзамдын талабы боюнча, бул чечимди сот гана жокко чыгара алат. Өздөрүнүн колу менен жазылган арыз. Эми мындан аркы маселени БШК мыйзамдын негизинде чечиши керек.

Ташболот Балтабаев "Ата Мекендин" тизмесинде 16-орунда турат. Ал "талапкерлер жетиштүү добуш ала албай калса, тизмеден чыгары тууралуу арызды тизмедеги 120 талапкер жазган" деп билдирди. Ал "Ата Мекен" фракциясынын азыркы төрагасы Алмамбет Шыкмаматовду "БШКга кат жазууга укугу жок болчу" деп күнөөлөдү. Ошондой эле партия лидерин "2015-жылы парламенттик шайлоодо берген убадаларды аткарган жок" деп айыптады:

Ташболот Балтабаев.
Ташболот Балтабаев.

- Алмамбет Шыкмаматовдун партиянын атынан сүйлөгөнгө укугу жок, аны лидер кылып эч ким шайлаган эмес. Жетиштүү добуш топтой албай калса тизмеден чыгары тууралуу арызды шайлоого төрт ай калганда 120 адамдын баарынан жаздырып алышкан. Мен ошондо да "бул мыйзамсыз" деп Өмүрбек Текебаевге, Болот Шерге, дагы башкаларга жаңжал кылгам. Бул саясий коррупция. 120 адамдан ушундай арыз жаздырып алышкан. Андан кийин курултайды жабышкан эмес. Мен мисалы добуш алуу боюнча алтынчы көрсөткүчтү көрсөттүм. Мисалы, ошол эч добуш албаган Алмамбет Шыкмаматов отурат. Шайлоо бүткөндөн кийин мен: "Эми качан жыйынды баштайбыз, качан талкуулайбыз, добуш албагандарды тизмеден качан чыгарабыз?" десем, Текебаев: "Ташболот аке, эми биз эч нерсе кылбайбыз, тизме боюнча эле калабыз, көбүрөөк, 30-40 орун алабыз деп ойлодук эле, 11 эле мандат тийди, мурунку планыбыз ишке ашпайт" деп айтты. Эгер убада аткарылганда алтынчы болуп добуш топтогонум үчүн азыр депутат болуп отурушум керек эле да? Ак-Талаада Кылыч деген балабыз баарынан көп добуш жыйнаган, ал да келиши керек эле. Булар саясий коррупциянын көмүскөдөгү схемасын түзгөн.

2015-жылы парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" эң акыркы болуп келген. Лидери Өмүрбек Текебаев коррупция боюнча соттолуп, былтыртан бери камакта отурат. Парламентте мандатка байланыштуу буга чейин да соттошууга чейин жеткен бир катар талаш-тартыш чыккан.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында алты фракция бар. Башкаруучу коалиция КСДП, "Бир Бол" жана "Кыргызстан" фракцияларынан куралган. "Республика-Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс", "Ата-Мекен" оппозициялык азчылыкты түзөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG