Сот чечими Борбордук шайлоо комиссиясын Салянованы депутаттык мандатынан ажыратууга милдеттендирет. БШК депутаттын ыйгарым укуктарын токтотуу маселеси жакын арада караларын маалымдады.
Салянованын айрым кесиптештери кандай гана болбосун сот чечимин аткарууга чакырып, аны саясатташтырууга каршы.
“Калп айтуу бүгүн Кыргызстанда расмий идеология болуп калды" деди парламентте сүйлөп жатып “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова. Ал муну мамлекеттик илдет деп баалап, өзүнө карата чыккан сот өкүмү мыйзамсыз экенин, коррупцияга каршы күрөш натыйжа бербегенин айтып, анын себеби катары "айып койгон адамдар өздөрү таза эмес" деген көз карашын билдирди.
Депутаттын айтымында, “саясий оппоненттер менен күрөшүүдө калп бийликтин негизги куралы” болууда, ошондуктан “калпты жакшы өздөштүргөндөргө мамлекеттик сыйлык бербестен, тескерисинче алар менен адам саламдашкыс кылыш керек":
- Коррупциялашкан, өз позициясы жок, күн карама соттор менен өлкөнүн келечеги жок. Мыйзам да, күбөлөрдүн да баары мен тарапта болгонуна карабастан сот укуктук эмес, саясий чечим чыгарды. Бүгүн прокуратура, сот жана УКМК уюшуп алып иш алып барууда. Сот системасы менен прокуратура уюшуп иштеп жатканы – бул саясий бандитизм. Мага карата чыккан өкүмгө ылайык, ЦАРИИ "элдин алдында өзүн өзү компрометация кылган орган" деп таанылды. Демек анда иштегендер - кыргыз мамлекетин уят кылган адамдар деп расмий таанылды, өкүм мага эмес, ошондо иштеген бардык адамдарга чыкты. Алар – азыркы премьер-министр Сапар Исаков, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев жана башкалар. Мен буларды жаман дебейм, бирок кош стандарттуулуктун чеги болуш керек. Кеп ЦАРИИ жөнүндө эле эмес, ошол кездеги президент Бакиевдин аппараты жөнүндө болуп жатат. Президенттик институтка секретариат, ЦАРИИ, президенттик аппарат кирчү. Ошол жерде жетекчи кызматта иштеген Жолдубаева өзүнүн ичкен кудугуна түкүрүп, өзү иштеген мекемени “кыргыз элинин алдында абийири кеткен институт” деп тааныды. Мындай кишиден жакшылык күтсө болобу?
Ошону менен катар Салянова депутаттарга “өзүм үчүн эмес, жалпы укук системасынын келечеги үчүн сот жана тартип коргоо органдары тарабынан мыйзам талаптары аткарылышын көзөмөлдөөнү өтүнөм. Бул көзөмөл парламенттин колунда” деп кайрылды.
Салянова сөзүнүн акырында кесиптештерин өзү демилгечи болгон мыйзам долбоорлорун ара жолдо калтырбай, ал жок болсо да колдоп берүүгө чакырды.
Бишкек шаардык соту 7-февралда Саляновага козголгон кылмыш иши боюнча Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Бирок мыйзам боюнча шаардык соттун чечиминен кийин эл өкүлүнүн мандаты алынат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Бишкек шаардык сотунун чечими аларга келгенин, депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси жакында карала турганын айтты:
- Бишкек шаардык соту Борбордук шайлоо комиссиясына Салянованын өкүмү күчүндө калганы тууралуу маалымат берди. Эми БШК ал маселени өзүнүн кароосуна даярдап алып чыгып, депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карайт. Ошол эле убакта БШК тизмеде кийинки болуп турган талапкерге мандат берүүдөгү тиешелүү процедуралык иштерди жүргүзө баштады. Башкача айтканда, соттуулугу, жарандыгы боюнча расмий маалыматтар мамлекеттик органдардан келип түшкөндөн кийин ал боюнча маселени карайбыз.
Салянова өз билдирүүсүндө атын атаган мамлекеттик органдар же расмий кызмат адамдары азырынча комментарий бере элек.
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Бакыт Жетигенов кесиптеши Аида Салянованын парламенттеги билдирүүсү боюнча буларга токтолду:
- Ушундай сот маселеси болгон ар бир адам өз оюн айтат, өзүн коргойт. Сот ушундай чечим чыгарды, ал туурабы, туура эмеспи, убакыт көрсөтөт. Азырынча ушундай чечим чыкты. Ага баарыбыз баш ийишибиз керек.
Аида Саляновага кылмыш иши былтыр жазында ачылган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталган.
Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Саляновага чыккан өкүм терс өнөкөттү жаратат деген ойдо:
- Бул туура эмес чечим. Бул жаман жосун болду. Эми мындан кийин кайсы гана министрди же чоңду болбосун, "комиссиянын туура эмес чечимине кол койгонсуң, лицензияны туура эмес бергенсиң" деп, алты жылга соттосо болот. Бүгүнкү күндө коррупцияга каршы күрөш боюнча сөз көп, бирок аракеттер ишке ашпай жатат. Акыркы коррупциялык иштердин баары эле жемкорлукка байланыштуу деп айта албайм. Мисалы, Текебаевдин ишин алсак, бирөөнүн эле сөзү үчүн камап койгон туура эмес.
Аида Салянова мүчө болгон "Ата Мекен" Жогорку Кеңеште оппозициялык фракция болуп эсептелет. Анын лидери, экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду да сот былтыр сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен.
Фракциянын азыркы лидери Алмамбет Шыкмаматовго да кылмыш иши козголуп, анын иши учурда Бишкек шаардык сотунда каралууда. Партиянын дагы бир мүчөсү, мурдагы депутат Райкан Төлөгөновду да былтыр Бишкектин Биринчи май райондук соту 15 жылга эркинен ажыраткан.
"Атамекенчилер" кылмыш иштеринин козголушун "саясий куугунтук" деп баалап келишет.