Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

Авиа тармагы көйгөйдөн арыла элек


Кыргызстандык авиакомпаниялар 13 жылга чукул убакыттан бери Эл аралык жарандык авиация уюмунун "кара тизмесинен" чыга албай келет.

Өкмөт 2019-жылы кыргызстандык жүргүнчүлөр арасында аба каттамына артыкчылык бергендер көбөйүп, учак менен жол жүрүүнү тандагандар 1 миллион 600 миңге жакындайт деп ишендирип жатат.

Ал тапта жергиликтүү авиакомпанияларга тиешелүү учактар улам бузулуп, Европанын “кара тизмесинде” кала берүүдө. Учурда Кыргызстанда каттоодон өткөн 32 учактын жарымынан көбү жараксыз абалда турат.

Бузулган учактардын убарасы

2018-жылы Кыргызстанда учактар бузулган бир канча учур катталды. Март айында “Тез жет” компаниясынын учагынын бир мотору асманда иштен чыгып, конууга мажбур болсо, августта "Авиа Траффиктин" Бишкек-Анталия багытындагы учагы да дарегине жетпей артка кайткан.

"Эйр Манас" компаниясы чет элдик талаптардан улам октябрда эл аралык каттамдарды токтоткон.

Жаңы жылдын алдында Кыргызстандагы ички каттамды тейлеген авиакомпаниялар учактарын ремонтко токтотуп, ал өз кезегинде рейстердин санын азайтты.

Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев билдиргендей, ремонттоо иши эки жумага созулган:

- Азыр жүргүнчүлөрдү үч авиакомпания тейлеп жатат, алар: “Авиа Траффик”, “Эйр Манас” жана “Тез жет”. Баарынын бирден учагы чет өлкөдө ремонттон өтүп, азыр келип кайра иштеп жатышат.

Акышевдин айтымында, “Авиа Траффикте” беш, “Тез жет” менен “Эйр Манаста” экиден учак бар. Жалпысынан Кыргызстанда 32 учак каттоодон өткөн, бирок, алардын он беши гана жарактуу. Арасында тогуз учак менен жогорудагы авиакомпаниялар эл ташыса, бирөө президентке кызмат кылат, калганы жүргүнчү ташыбаган атайын иштер үчүн колдонулат.

"Учакты тандагандар көбөйөт"

Каржы министрлиги 2018-жылдын 31-декабрында жарыялаган Жарандык бюджеттин көрсөткүчтөрүнө ылайык, 2019-жылы 1 миллион 548 миң кыргызстандык жаран учак кызматын пайдаланат деп божомолдонууда.

Бул көрсөткүч былтыр 1 миллион 503 миң болгон. Аталган министрликтин адистери Транспорт министрлигинин маалыматтарына таянуу менен кыргызстандыктар учакты колдонууга көбүрөөк ыктай баштаганын айтып жатат.

Ал эми Жарандык авиация агенттигинин, "Манас" эл аралык аэропортунун эсебинде, Кыргызстанда жыл сайын нары-бери каттагандар үч миллиондон ашат. Анын тең жарымы кыргызстандыктар, калганы конокко келип-кеткен же транзит менен учкан чет элдиктер. Бул соңку жылдардагы туруктуу эсеп экенин эске алганда аба каттамына ыктагандар быйыл жылдагыдан көбөйөт деген божомол - олуттуу өзгөрүү деле эместей.

Адистер болсо жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүүнүн жолун жергиликтүү авиакомпанияларга таандык учактардын коопсуздугун кепилдөөдөн көрүшөт.

"Кара тизме" түйшүгү

Ушул тапта Кыргызстанга Кытайдын, Орусиянын, Түркиянын, Бириккен Араб Эмирликтеринин, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын учактары каттайт. Кыргыз авиакомпаниялары да ушул мамлекеттерге уча алат.

Кыргызстандагы авиакомпаниялар учактардын сапаты, учуу коопсуздугунан улам 2006-жылы Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) “кара тизмесине” кирген. Андан чыгуу аракети азырынча оң натыйжа бере элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова мамлекет жетиштүү көңүл бурбай жаткандыктан, авиа тармак кейиштүү абалды баштан кечирүүдө деп эсептейт:

Махабат Мавлянова.
Махабат Мавлянова.

- Алыс барбайлы,"Өзбекстан аба жолдору", "Эйр Астана" кандай деңгээлге чыкты. Дуйнөнүн чар тарабына учат. Багыттары абдан кенен. Биз мамлекет тараптан шарт түзө албадык.

2018-жылдын аягында Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын Аба кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырышкан.

Анда “Ачык асман” долбоорун ишке ашыруу сунуш кылынган. Мыйзамга ылайык, бардык чет элдик авиакомпанияларга эч кандай чектөөсүз Кыргызстандын аэропортторуна учуп келип-кетишине, жүргүнчү жана жүк ташып келип, кайра үчүнчү мамлекеттерге учууга жол ачылат. Ага карабай, жергиликтүү авиакомпаниялардын деңгээлин көтөрүү, коопсуздук маселесин жакшыртуу көйгөй бойдон калууда.

Жарандык авиация агенттигинин жетекчилиги "кара тизмеден" 2019-жылдын экинчи кварталында чыгып калуу ыктымалдыгы бар экенин билдирген. Былтыр бул жатта бир катар сүйлөшүүлөр жана тажрыйба алмашуулар болгон.

Коопсуздук маселеси орчундуу

Авиа тармагын өз алдынча изилдеп жүргөн, жылына чет элдик жана жергиликтүү ондогон авикомпаниялардын кызматын пайдаланган Бакыт Азимканов кыргыз авиа тармагында тейлөө сапаты кыйла төмөн экенине карабай, жылыш бар экенин айтты:

Бакыт Азимканов.
Бакыт Азимканов.

- Кыргызстандагы авиациянын бүгүнкү абалы жалпысынан алганда канааттандырарлык. Бирок кемчилиги - акыркы маалымат технологияларын киргизүү солгун. Башкы маселе - учуулардын коопсуздугу жана тейлөө сапатын жогорулатуу.

Азимканов башка мамлекеттер сыяктуу ички каттамдарды салык төлөмдөрүнөн бошотуу керектигин, мындай жеңилдик алардын сапаттуу тейлөөсүнө шарт түзүшү мүмкүндүгүн кошумчалады.

Кыргызстанда жүргүнчү тейлеген учактардын жаңысы 2008-жылы өндүрүштөн чыккан, ал "Тез жет" компаниясында. Эскиси 1991-жылы жасалган, аны “Авиа Траффик” колдонот.

Кыргыз авиациясынын түптөлгөнүнө быйыл 86 жыл толот. Былтыр "Эйр Кыргызстан" улуттук авиакомпаниясын сатуу демилгеси көтөрүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт

XS
SM
MD
LG