Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Аксы: каргаша экиден баланы энесиз калтырды


Кырсыкта каза тапкан Айчүрөк Исманова (солдо) жана Гүлазим Сармырзаева
Кырсыкта каза тапкан Айчүрөк Исманова (солдо) жана Гүлазим Сармырзаева

Аксыда мугалимдерди автоунаа менен сүзүп кетүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, ага күнөөлүү катары шек саналган милиционер камакка алынды.

Кырсыктан каза болгон эки мугалим жерге берилип, ооруканада жаткан үчүнчү мугалимдин абалы оор бойдон турат. Кырсыкка төрт мугалим кабылып, алардын бири жеңил жараат алган.

Аксы районунун Кербен шаарында милиция кызматкери машинеси менен сүзүп кеткен мугалимдердин бири эсин жоготкон абалда жатат. Ал эми дагы бир жабырланган мугалим аял үйүнө чыгарылган.

Аксы райондук клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Медербек Осмонов алардын абалы тууралуу буларга токтолду:

- Азыр бизде жандандыруу бөлүмүндө жаткан аялдын абалы оор. Баш сөөгү менен мээси катуу жабыркап, сол акыреги сынган. Кечээ күнү Оштон нейрохирургдар келип операция жасашты. Бирок азыркыга чейин абалы өзгөрө элек. Кырсыктан кийин бейтапканага түшкөн дагы бир мугалим бутунан анча оор эмес жараат алгандыктан ошол эле күнү медициналык жардам алып, үйүнө чыгарылган.

Жол кырсыгы болгон жер. 10-февраль, 2018-жыл.
Жол кырсыгы болгон жер. 10-февраль, 2018-жыл.

10-февраль күнү Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери рулду башкара албай, Кербен шаарында жолдун четинде бараткан төрт мугалимди койдуруп кеткен. Натыйжада 30 жаштагы эки мугалим кырсык болгон жерде мүрт кеткен. Калган экөө ооруканага жеткирилген.

Облустук милициянын басма сөз кызматкери Мыктыбек Турдубековдун ​айтымында, окуяга күнөөлүү адам камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат:

- Аксы районунун Кербен шаарындагы Ниязалиев жана Шатманов көчөлөрүнүн кесилишинде райондук милициянын кызматкери өзүнүн “ВАЗ 2107” автоунаасы менен төрт мугалимди койдуруп кеткен. Натыйжада экөө каза болгон. Кырсык болгон жерге облустук ИИБнын атайын кызматкери барып, териштирүү иштерин жүргүзгөн. Айдоочуну наркология бөлүмүндө текшергенде соо экени аныкталган. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси ("Транспорт каражаттарынын жүрүшүнө жолтоо кылуу жана техникалык коопсуздук эрежесин бузуу") менен кылмыш иши козголуп, айдоочу эки айга камакка алынды. Баштапкы маалыматтарга караганда, айдоочу алдыдагы автоунаадан качмак болгондо рулду башкара албай калган.

Кырсыкка кабылгандар Аксы районунун Өзбекстан менен чектеш аймагында жайгашкан Мамай айылындагы №52 тогуз жылдык мектептин мугалимдери болгон. Алар ошол күнү мугалимдердин аймактык спартакиадасына катышуу үчүн райондун борборуна келишкен.

Мектеп директору Тажимырза Умаркулов кайтыш болгон мугалимдер тууралуу айтып берди.

- Мугалимдердин спорттук оюндар боюнча спартакиадасы 40 жылдан бери өтүп келатат. Биздин мектептен жалпысынан тогуз мугалим ошого катышканы Кербенге барган. Анан кырсык болуп ушул окуяга кабылышты. Каза болгон Гүлазим Сармырзаева эки жылдан бери башталгыч класстардын мугалими эле, ал эми Айчүрөк Исманова быйыл гана мектепке кирип, информатикадан сабак берчү. Комада жаткан Мукадас Ажыбаева сегиз жылдан бери орус тилинен, Гүлмира Таштанова англис тилинен алты жылдан бери окуучуларга сабак берип келатышат.

Чек арадагы №52 Мамай негизги мектебинде 59 окуучуга 13 мугалим билим берет. Мектептин тогуз мугалими атайын буйрук менен Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошууну уюштурган спартакиадага катышуу үчүн сабактардан бошотулуп жөнөтүлгөн.

Укук коргоочу Абдуназар Маматисламов жагдайды бардык тараптан изилдеп чыгыш керек деген пикирде.

- Мугалимдерди кээде тиешеси жок эле иш-чараларга зордоп жөнөтүп катыштырган учурлар бар. Маркум мугалимдер катышкан спартакиада мугалимдердин милдетине киреби же жокпу? Жумуш учурунда өндүрүштүк кырсык болду десек, ошол мугалимдер эреже бузган эмеспи? Ошол маселени да тактап чыгуу зарыл. Мектептен аларды сапарга деп атайын иш-чарага жөнөтүп жаткан соң эмне себептен автоунаа берилген эмес? Ушул ж.б. жагдайларды тиешелүү кызматтар терең изилдеп чыгышы керек.

Каза болгон Гүлазим Сармырзаеванын сөөгү 11-февралда, Айчүрөк Исманованын сөөгү бүгүн жерге берилди. Алардын артында экиден балдары жетим калды.

Жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө мектеп администрациясы жана билим берүү кызматкерлеринин облустук профсоюз комитети акчалай жардам берди. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери бир күндүк эмгек маянасын которушары айтылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG