Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Он алты баланы жетим калтырган кырсык


6-ноябрга караган түнү Ош-Бишкек жолунун Таш-Көмүр участогунда ири жол кырсыгында "Honda Stepwgn" жеңил унаасы менен MAN газ ташуучу автоунаасы бетме-бет сүзүшкөн.
6-ноябрга караган түнү Ош-Бишкек жолунун Таш-Көмүр участогунда ири жол кырсыгында "Honda Stepwgn" жеңил унаасы менен MAN газ ташуучу автоунаасы бетме-бет сүзүшкөн.

Ош-Бишкек жолунун Таш-Көмүр аймагындагы жол кырсыгында каза болгон он кишинин артында 16 бала жетим калды. 6-ноябрга караган түнү Ош-Бишкек жолунун Таш-Көмүр участогунда ири жол кырсыгы болгон. Анда "Honda Stepwgn" жеңил унаасы менен MAN газ ташуучу автоунаасы бетме-бет сүзүшкөн. Бул кырсыктан жалпысы 10 адам каза болгон.

Кырсык курмандыктарынын жакындары окуя боюнча козголгон кылмыш иши калыс иликтенишин талап кылышууда. Андан тышкары, кырсык болгон учурда маркумдардын жанынан ар кандай өлчөмдөгү акча жана баалуу буюмдар уурдалганы айтылууда.

2-класста окуган кыз атасы жол кырсыгында каза тапканын баамдай элек. Орусияга кеткен атасы окуу куралдарды жана шириндиктерди алып келет деп отурат.

- Атам мага ручка, дептер, тиш паста, шампунь, кулпунайларды алып келет, - дейт ал.

Кыздын атасы Фахридин Абдувалиев айдап бараткан машина Ош-Бишкек жолунун Таш-Көмүр участогунда газ ташыган оор унаанын астында калган. Ал кырсыктан жалпысынан 10 адам бул дүйнө менен кош айтышкан эле.

Фахридин Абдувалиевдин 27 жаштагы жубайы айыл четинде али толук бүтө элек үйдө төрт баланы багуу түйшүгү мойнуна артылып кала берди.

- Ал бизди өзү бакчу. Мени иштеткен эмес. Мен дарбазадан ары чыккан эмесмин. Эми төрт балам менен калдым. Мындан ары кантип жан багып, кантип жашайбыз деп ойлонгонго чамам келе элек. Аны ойлонгондон да корком.

Бул кырсыкта бир тууган Абдувалиевдердин Фахридин жана Хуснидин деген балдары каза болгон. Тигинтип Фахридиндин артында аялы, оорулуу апасы менен карындашы жана төрт баласы калса, анын аталаш тууганы Хуснидиндин артында кош бойлуу аялы эки баласы менен аза күтүүдө. Хуснидин менен Фахридиндин эжеси болсо бешиктен бели чыга элек балдардын жетим калганын айтып ыйлап отурат.

- Абдан жакшы балдар эле. Машина оңдоп оокат кылышчу. Көп адамга эмгеги жаккан экен. Каза болгондо биз тааныбаган көп адамдар көңүл айтып келишти. Эстен чыкпай турган иш болду. Ойлоп, ойлоп өрттөнүп отурабыз. Айла жок экен, колубуздан эч нерсе келбейт экен. Балдарын багабыз деп мойнубузга ала албайбыз. Эл катары кара казаныбызды араң кайнатып отурабыз. Картайган, 94 жаштагы атам, 91ге чыккан апам бар. Алар өлө турган эле кишилер. Асманды карап эле жатышат. Атам эки небереси каза болгонун укту. Апама бир гана небереси каза болгонун угуздук. "Экөө" деп айта албадык. Ден соолугунан корктук. Фахридин машинесин карызга алган экен. Мына каза сууп, машина ээлери карызын доолап келе башташты. Машинасы соо болсо сатып берип коёт элек. Машинаны алып келе турган эмес экен, соо жери калбаптыр.

Маркум Хуснидиндин атасы Жамалдин Абдувалиев азырынча 10 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча козголгон кылмыш иши калыс иликтенишин күтүп отурат.

- Газ ташыган МАНдын ээси Аксыдан болот экен. "Бишкекте жашайм" деп айтты. Ал "керек болсо бийликке да күчүм жетет" деп асмандап жүрөт. "Колуңардан келгенин кылып алгыла" дегенсип чоң сүйлөп жүрөт. Арызданганга жүрөккө эч нерсе сыйбай жатат. Бул бийликте ушуга окшогон кырсыктарга ак же кара деп баа бере тургандар барбы? Же байлар эки-үчтөн фураларды алып коюп, ага айдоочу кылып жүрүш-турушун, тажрыйбасын карабай жаш балдарды жалдап, "бирдин ордуна эки жолу каттайсың" деп буйрукту берип коюп жата беришеби? Мына ушулардын кесепети болуп жатат да. Оор машинелер кечки саат 8ден кийин жолдо жүрбөшү керек экен. Аны туннелден кантип өткөрүп жиберишти? Ал айдоочуну мас экен деген сөздөрдү угуп жатабыз. Ал эмнеге текшерилген эмес? Бийлик ушуга окшогон жагдайларга көңүл буруп койсо.

Бул арада ушул кырсыкта мерт болгондордун баалуу буюмдары жана ири суммадагы акчасы жоголгону тууралуу маалыматтар чыга баштады. Маселен Фахридин Абдувалиевдин жанынан машина сатып келиш үчүн камдаган 300 миң рублдей акчасы жана 25 миң сомдук телефону уурдалганы айтылууда.

Андан тышкары, ушул эле кырсыктын дагы бир курмандыгы Акмолжон Рузакуновдун жанынан да машина сатып алууга деп камдаган 160 миңдей акчасы уурдалганын жакындары билдирип жатышат. Бирок кырсык боюнча козголгон ишти иликтеп жаткан Нургазы аттуу тергөөчү маркумдардын бардык мүлкү табылганын билдирди.

- Чындап эле жоголсо жоголуп кеткендир. Жүктөрү чачылып, сайдын ичинде да жатыптыр. Мүмкүн болушунча чогултуп, тапканыбызды жакындарына өткөрүп бергенбиз. Биздин колдогу нерселердин баарын эч нерсесин калтырбай тапшырганбыз.

Көбөйгөн жол кырсыктары

26-ноябрда, бир эле күндө жол кырсыгынан тогуз киши каза болду. Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынын басма сөз катчысы Медер Шабданов "Азаттык" радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, 26-ноябрда Бишкек-Торугарт жолунда, Кубакы ашуусунда айдоочу “Тойота Карина” үлгүсүндөгү машинаны башкара албай, унаа жолдон чыгып, көпүрөдөн сууга түшүп кеткен. Андан 4 киши каза болду. Алардын бирөө 2017-жылы туулган ымыркай.

Ушул эле күнү Алай районунун Ош-Эркечтам унаа жолунда катуу ылдамдыкта келаткан «Лексус LX-470» унаасы ала салып, жолдон чыгып кеткен. Анын айынан машинадагы үч киши мүрт кетти.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Ал эми Чүйдүн Аламүдүн районунда жогорку ылдамдыкта келаткан "Toyota Windom" үлгүсүндөгү автоунаа жол четиндеги бакты сүзгөн. Алган жараатынан рулду башкарып бараткан 49 жаштагы айдоочу жана анын 17 жаштагы уулу набыт болушту.

Кайгуул милициясынын маалыматы боюнча, жыл башынан бери 5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, кайтыш болгондордун саны 700гө чукулдады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG