Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Европадагы кыргызстандык дарыгерлердин жардамы


JardamForKG долбоорунун логосу. Сүрөт Азамат Токтакуновго таандык.
JardamForKG долбоорунун логосу. Сүрөт Азамат Токтакуновго таандык.

Европадагы кыргызстандык дарыгерлердин тобу пандемия маалында мекендештерге онлайн консультация көрсөтө баштады. Долбоор программисттердин, ыктыярчылардын жана дарыгерлердин биргелешкен кызматташтыгынын алкагында ишке ашууда.

JardamForKG долбоору ишке киришкен эки күндүн ичинде 180дей адам Европадагы кыргызстандык дарыгерлерден кеңеш алууну көздөп кайрылган. Алардын сексенден көбүнө дароо жардам көрсөтүлгөн.

Долбоордун үстүндө ушул тапта 60тай киши иштеп жатат. Алар: дарыгерлер, IT-адистер жана ыктыярчылар.

IT-адистер сайттын иштешин, бейтаптар менен дарыгерлердин байланышын техникалык жактан көзөмөлдөп турса, ыктыярчылар жардам сурап кайрылгандардын абалы тууралуу толук маалыматты топтоп, дарыгерлерге өткөрүп беришет. Алар болсо бейтап менен түз байланышып, өз кеп-кеңештерин айтышат.

Учурда медициналык кеп-кеңеш сурап Кыргызстандын бардык аймактарынан кайрылып жатышканы маалым болду.

Токтакунов: сайтты бейтап үчүн оңой кылып түзгөнгө аракет кылдык

Азамат Токтакунов Германиянын Дортмунд шаарында турган жеке ишкер, IT тармагындагы адис. Ал бул долбоордун сайтын түзгөн программисттердин бири.

Азамат Токтакунов, IT адис.
Азамат Токтакунов, IT адис.

«Коронавирус кризиси күч алганда бул жакта туруп кандай жардам көрсөтсөк деп ойлоно баштадык, -дейт ал. - Акча чогултуп кычкылтык концентраторлорун да жибердик. Бирок аларды деле оң иштеткенге медкызматкерлер жетишпей жатканын байкадык. Ошол кезде бул жактагы дарыгерлер «мекендегилерге онлайн консультация көрсөтүп, жардам берет элек» деген сунушун айтып калышты. Биз албетте, аларга техникалык жактан колдоо көрсөтүп, баарын түзүп бергенге макул болдук».

Долбоорду ишке ашырыш үчүн Германиядагы «Kyrgyz-German IT Community», «KyrgyzNetwork» жана «KyrgyzClub-Germany» уюмдары өз күчтөрүн бириктиришкен.

Токтакуновдун айтымында, программисттердин ар биринин өз жумушу болгондуктан бул сайтты түзүш үчүн түнү менен иштеп чыккан күндөр болгон. Сыркоолоп калган адам Кыргызстандын кайсы гана аймагынан болбосун бул сайтка кирип, дарыгерден кеп-кеңеш сурай алат. Анын баары техникалык жактан жеңил экенин Азамат Токтакунов айтып берди:

«Ал үчүн kg-de.eu сайтына кирип «Мага онлайн консультация керек» деген жерди басасыз. Ал жактан аты-жөнүңүздү, байланыш номериңизди толтуруп, эмне кыжаалат кылып жатканын толук сүрөттөп бересиз. Болду. Анан сиз менен ыктыярчы байланышат. Же болбосо сайттын башкы барагында «WhatsApp чат» деген бөлүк турат. Эгер сайттын ичинен маалымат толтуруу кандайдыр бир себептер менен кыйын болуп жатса, дароо эле ошол «WhatsApp чатка» кошулуп, өз сурооңузду узатсаңыз болот».

Долбоорго Кыргызстандан да ыктыярчылар тартылган

Ыктыярчылар демекчи, алар да медициналык билим бар адамдар болууга тийиш. Маселен, Бурулай Жусупбек кызы Дюсселдорфтогу Генрих Гейне университетинин медициналык факультетинде билим алат.

«Пандемия башталганы эле «алыс жактан мекениме кантип жардам бере алам» деп ойлонуп жүргөм. Бул долбоорду укканда эле кошулдум. Алгачкы күндөрдө кайрылгандар көп болуп жатты. Ошол себептен күнүнө 12-15 сааттан отурган учурлар болду. Биз бейтаптар менен байланышып, алардын анамнезин чогултуп, дарыгерге даяр кылып беребиз. Кээ бирде аларды тынчтандырып, психологдун ролун аткарып калуудабыз. Чындыгында оор экен. Өткөндө бир бейтап үзүлүп кетти, ал үчүн жаман болуп, ыйладым. Ошого карабай биз жардам берүүнү уланта беребиз», - деди Жусупбек кызы.

Бурулай Жусупбек кызы Германиядагы дарыгерлер менен.
Бурулай Жусупбек кызы Германиядагы дарыгерлер менен.

Ал эми Германия менен Кыргызстандагы убакытта айырма болгондуктан, бейтаптар узак убакытка жоопсуз калып калбашы үчүн Бишкектен да дарыгерлер жана ыктыярчылар тартылган. Алардын бири - Гүлира Маткурбанова, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын бешинчи курсунун студенти.

«Аймактарда дарыгерлер жетишсиз болгондуктан, тургундар кошунасы кандай дары ичсе, ошону алып иче беришет экен. Ал дарылар ар бир адамдын саламаттыгына, оорунун белгилерине жараша берилерин билишпейт. Ошону менен катар эле алар иммунитетин эрте түшүрүп салышууда. Биз ошого жол бербей, туура маалымат жеткирип, алыскы аймактардагы бейтаптарга да жардам берели деп атабыз», - деген Маткурбанова дарыгер бир аз кечирээк байланышып калса, бейтаптар урушуп жиберген учурлар болорун кошумчалады.

Көбөгөнов: пандемиянын күзгү «толкунуна» даяр болушубуз керек

Ошентип ыктыярчылар бейтаптын абалы тууралуу толук маалыматты чогултуп, аны менен байланышып, бир аз тынчтандыргандан кийин дарыгерлер ишке киришет. Алар бейтаптын анамнези менен таанышып, аларга кеп-кеңештерин берип, абалы оор болсо токтоосуз ооруканага барууну сунушташат. Германиядагы дарыгер, «KyrgyzClub-Germany» уюмунун башчысы Бакыт Көбөгөновдун айтымында, алар бейтаптарга Кыргызстандын дарылоо протоколуна ылайык консультация беришет.

Бакыт Көбөгөнов, Германиядагы дарыгер.
Бакыт Көбөгөнов, Германиядагы дарыгер.

«Биздин башкы максатыбыз - дарыгерлерге кайрылууга мүмкүнчүлүгү жокторго, медицина тармагында иштеген тааныштары же туугандары жокторго, ошондой эле жогорку квалификациядагы медициналык кеңеш алууну билбей жаткандарга жардам берүү, - деди ал. - Бейтаптарга Кыргызстандын жана Германиянын дарылоо протоколдоруна ылайык кеңеш беребиз. Эки мамлекеттин протоколдорунда андай деле чоң айырма жок».

Көбөгөнов белгилегендей, учурда дүйнөдөгү бардык мамлекеттер пандемиянын күзүндө күч алышына даярданып жатышат. Ошол себептен улам ал бул долбоорго Европадагы, Америкадагы жана башка жактагы дарыгерлерди, ыктыярчыларды кошулууга чакырат.

Ушул тапта долбоордо Германиядан башка мамлекеттерден кошулган дарыгерлер да бар. Назгүл Ахматжанова кесиби боюнча үй-бүлөлүк дарыгер. Ал өз жардамын бул долбоор аркылуу Киевден көрсөтүп турат.

«Биз бир эле жолу консультация берип койбостон, ал бейтап айыгып кеткиче улам абалын сурап, көз салып турабыз. Жакында эле Ысык-Көлдөн кайрылган жаранды дароо ооруканага жөнөттүк. Ал жактагы ыктыярчыларыбыз жардам беришти. Кээ бирөөлөр бул долбоорду фейк деп ойлошот экен. Ошондуктан жаңы кайрылганда деле көп ишенишпейт. Анан мен байланышканда: «Чын эле Украинадан чалып атасыңбы?» - деп таң калышат. Бир аз жеңилдеп калганда ыраазычылыгын билдиришет», - дейт Ахматжанова.

Адистер белгилешкендей, жалаң эле коронавирустун белгилери менен эмес, башка эле жүрөк оорулары, балдардын илдеттери менен кайрылгандар көп. Учурда JardamForKG долбоорун иштеткен команда катарына жаңы ыктыярчыларды жана дарыгерлерди кошуп, жардам көрсөтүүнү кантип ыкчамдатыш керек деген суроонун үстүнөн иштеп жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG