Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Ыктыярчынын өлүмү уюштуруунун чабалдыгын көрсөттү


Бишкектеги убактылуу стационар.
Бишкектеги убактылуу стационар.

Бишкекте күндүзгү стационарда иштеген Медициналык академиянын студенти Адинай Мырзабекова пневмониядан каза болду.

Медициналык академиянын 5-курсунун студенти, 22 жаштагы Адинай Мырзабекова коронавируска байланыштуу Бишкекте ачылган күндүзгү стационардын ыктыярчысы болчу. Ал 11 күндөн бери абалы орто жана жеңил бейтаптар тейленүүчү «кызыл зонада» иштеп жаткан.

Маркум менен чогуу иштеген ыктыярчы, студент Бекзат Абдрахманов 14-июлга караган түнү жумуш аяктагандан кийин Мурзабекова эс алганы жаткан бойдон эсине келбей каза болгонун айтты:

«Биздин стационарда абалы оор эмес бейтаптар жаткандыктан, реанимациялык дары-дармек да, жабдык да жок эле. Адинай мурда-кийин ден соолугуна даттанган эмес. Биз да байкаган эмеспиз. Ал эсин жоготкондо «Тез жардам» кызматына алып барсак, ал жакта реаниматолог жок болгондуктан жардам көрсөтүлгөн эмес. Жумушту оордугуна жараша туура бөлүштүрүү үчүн жөнөтөр алдында кимдин кандай оорусу бар экенин текшеришсе болмок экен. Эгер биз Адинайдын саламаттыгы тууралуу маалыматыбыз болсо аны сактап кала алмакпыз. Эч кимибиз билген эмеспиз».

Ыктыярчы Абдрахманов атайын коргонуучу кийим менен иштөө оор жана ыңгайсыз экенин кошумчалады.

Адинай Мырзабекова менен бирге окуган атын атагысы келбеген курсташы ыктыярчылар өз каалоосу менен иштегени келгенин билдирди.

«Бизге окуу жайдан маалымат бергенде ар бирибиз өз эркибиз менен макул болгонбуз. Адинай экөөөбүздү эки башка стационарга бөлгөн. Бир жума мурда эле телефон чалышып, ал-акыбалыбызды сурашканбыз. Чынын айтсам, бул окуядан кийин баарыбыз коркуп калдык. Биз ушундай оор учурда четте карап тура албай жардам беребиз, болочоктогу дарыгербиз деп келген элек. Бирок иш жүзүндө баары биз ойлогондой болгон жок. Бизге берген коргонуучу кийимдер иштөөгө такыр эле ыңгайсыз. Башында сапатсыз кийимдерди алганбыз. Аны суранып отуруп, үч күндөн кийин алмаштырып беришти. Пандемия болбосо Германияга барып иштеп келүү планыбыз бар эле. Адинай экөөбүз чогуу кетебиз деп, документтерди даярдап жаткан болчубуз. Эми анын баары ишке ашпай калды».

Маркумдун курсташынын айтымында, Бишкектеги Медициналык академиянын ыктыярчыларынын «Вотсаптагы» тобунда 300гө жакын студент бар. Алардын катары күн сайын толукталып жатат. Медициналык академия азырынча окуя тууралуу расмий маалымат бере элек.

Ак халатчан ыктыярчы кыз көз жумду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:45 0:00

Саламаттык сактоо министрлиги 13-июлда кечке жуук ыктыярчы Адинай Мырзабекованын ден соолугу кескин начарлап, 40 мүнөттөй жандандыруу аракетинен майнап чыкпай бир сааттан кийин каза болуп калганын билдирди. Мекеменин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова буларды айтты:

«Баштапкы маалымат боюнча өлүмгө эки тараптуу пневмония себеп болгон. Толук диагноз соттук-медициналык иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин белгилүү болот».

Ал ортодо 14-июлда социалдык тармактарда маркумдун кесиптешинин элге кайрылган видеосу тарады. Анда ал өмүрүн тобокелге салып иштеп жатышканына жана бардык эрежелер буга чейин сакталганына токтолгон.

«Биз дарыгер, фельдшер, студент, ким болгонубузга карабай баарыбыз бир милдетти аткарып жатабыз. Биз ар бир кадамды министрлик берген протоколго ылайык аткардык. Бирок бүгүн бизде чоң жоготуу болду. Менин жакын курбум каза тапты. Биз аны куткара албай койдук. Мен бул кайрылууда ак халатчандар өз өмүрүн тобокелге салып, күнү-түнү иштеп жатканын айткым келет. Азыр эми жогору жактан басым болуп, бизди «эрежелерди так аткарган эмес» деп айыпташы мүмкүн. Чындыгында андай эмес. Бул эмоция менен айтылган сөз эмес. Дагы бир жолу кайталайм, ар бир кыймыл-аракетибиз министрлик берген протоколго ылайык болгон. Ага карабай менин кесиптешим окуусун аяктабай жатып, иш ордунда каза болуп калды».

Июль айынын башында Бишкекте ооруканаларда орун жок калып, шаар бийлиги кошумча күндүзгү стационарларды ачкан. Өкмөт дарыгерлер тартыш болуп жаткандыктан, медициналык билими барлардын баарын мобилизацияга чакырган. Алардын арасында медициналык окуу жайларда окуган студенттер да болгон.

Медицина тармагы боюнча адис Елена Баялинова көзөмөлдүн жоктугу жана чабал уюштуруу иштеринен улам жаш өмүр кыйылды деп эсептейт.

Елена Баялинова.
Елена Баялинова.

«Ыктыярчыларды тартып жаткандан кийин алардын ишин көзөмөлгө алып, үйрөтүп турган адам болуш керек болчу. Анын үстүнө булар студент, толук кандуу дарыгерлер эмес. Уюштуруу иши министрликтин милдети эле. Эми өлүмдүн себебин экспертиза аныктайт. Эгер ал оору жугузуп каза болсо, иш тыкыр иликтениши керек. Тилекке каршы, ушундай чабал иштин курмандыктары мындан да көп болушу мүмкүн. Дал ушул жаш адистер, эми гана иштейм деген улан-кыздар өлүп жатканы өкүнүчтүү».

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, башкалаада эле бир жума ичинде күндүзгү стационарларда 10 миңден ашык адам тейленип жатат. Бүгүнкү күндө шаарда тогуз күндүзгү стационар бар.

14-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти Адинай Мырзабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.

«Адинай Мырзабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Медициналык кадрлардын жетишсиздиги ыктыярчыларды, алардын ичинде медициналык факультеттердин жогорку курстарынын студенттерин ишке тартууга мажбур кылды. Жаш болгонуна карабастан, алар улуу кесиптештери менен бир катарда болуп, бүгүнкү күндүн бардык оош-кыйыштарын татыктуу көтөрүп келе жатышат. Тилекке каршы, бүт өмүрү али алдыда болгон жаш адисибизден айрылып отурабыз. Адинай Мырзабекова мекендештери, курсташтары, достору, туугандары жана жакындары, аны тааныгандардын эсинде өз мезгилинин баатыры катары түбөлүккө кала берет».

"Ыктыярчыларды мамлекет коргой албайт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:56 0:00
Түз линк

«Азаттык» акыркы эки айда каза болгон 150дөн ашык адамдын аты-жөнүн, маалыматын топтоду. Алардын 10% жашы 30га жете электер, 15% 45-50 жаш курагындагылар жана калган 65% 50 жаштан 75 жашка чейинки жарандар.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматы боюнча пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус 1875 медицина кызматкерине жукту, алардын 570и айыгып чыкты, бешөө каза тапты.

Коронавирус өпкөнү сезгенте турганы айтылып келгени менен өпкө кагынуудан (пневмония) каза болгон медицина кызматкерлери бул статистикага кошула элек жана алардын тизмеси чыга элек. Марттан бери пневмониядан каза болгон ак халатчандардын тизмеси Адинай Мырзабекованы кошкондо 20га чукулдаганын байкоого болот.

Өкмөт коронавирустан каза болгондорго жана бул илдетти жугузуп алган медиктерге компенсация төлөнөрүн убада кылган. Азырынча канчасына акча төлөнүп берилгени расмий айтыла элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG