Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Кара-Сууда элге тараган эттен күйдүргү жукту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылынан күйдүргү (Сибирь жарасы) жуккан деген шек менен сегиз киши ооруканага түшүп, алардын биринен ушул дарт аныкталды.

Айыл 25-августка чейин карантинге алынып, мал алып чыгууга, алып кирүүгө жана союуга тыюу салынды.

Илдет элге союлуп таратылган малдан жуккан. Анын этин 300дөй киши жеген. Саламаттык сактоо министрилиги «айылда эпидемиологиялык абал көзөмөлдө» деп маалымат таратты.

Ош: күйдүргү чыккан айыл карантинге алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:05 0:00

Кара-Суу районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын тургундары айдын башында уй союп, аны 30дан ашуун үй-бүлө бөлүп алган. Уйду союуга катышкан тогуз кишинин сегизи Ош облустук ооруканасына күйдүргү жугузуп алган деген шек менен жаткырылып, бирөөнөн ошол диагноз аныкталды.

«Кадимкидей эле эт болчу»

Тогуз-Булак айылынын башчысы Өмүрзак Эргешовдун үй-бүлөсү да союлган малдын этин жеген. Ал эттин сырткы көрүнүшүнөн эч кандай шек албаганын айтууда:

«Эттин түсүн мен да көрүп тургам. Бир жакшынакай мал союлган. Союп, терисин сыйрып, «элчилик кылабыз» (элге таратабыз) деп чакырышты. Этти элге бөлүп бергенбиз. Кадимкидей эт, терилери - баары таптаза болчу. Биз ветеринарга, эч кимге айтпай эле өзүбүз союп алганбыз. Анын үстүнө биздин айылда ветеринар жок. Кадимкидей эле союп, ошол балага жардам болсун дегенбиз. Эгер биз жебесек деле алып барып шаарга өткөрүп жибермек. Менин үй-бүлөмдө бала-чакам менен тогуз киши жедик».

Эргешов айылдагы малдын баары эмделип, этти жеген тургундар тиешелүү дарыларды ичкенин кошумчалады.

Бейтаптарды текшерип жаткан дарыгер.
Бейтаптарды текшерип жаткан дарыгер.

11-август күнү Саламаттык сактоо министрлиги бир бейтаптан жана мал союлган жердин топурагынан Сибирь жарасы аныкталганын жазды.

Ош облустук ооруканасынын врач-инфекционисти Сабира Салиева бул 2019-2020-жылдары облуста аныкталган алгачкы учур экенин билдирди.

Сабира Салиева.
Сабира Салиева.

«Клиникалык протоколдун негизинде дарылап жатабыз. Териде пайда болуучу түрү экен. Бул терини кычыштырып, жара пайда кылат, бездери чоңоюп кетет, дене табы көтөрүлө баштайт. Булар да ошондой белгилер болгондуктан дарыгерге кайрылып, жаткырылган. Азыркы күндө абалы туруктуу. Адамдан адамга да жугушу мүмкүн. Ошондуктан буларды өз-өзүнчө жаткырабыз».

Союлган мал эмделген эмес

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык өлкө боюнча күйдүргүнүн 557 очогу катталган. Ал эми Кара-Суу районунда болсо 44 очок бар, алардын 39 такталып, жыл сайын эки ирет залалсыздандырылат.

Кара-Суу райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери Рахманберди Ильязовдун айтымында, жеринен барып текшергенде союлган жандык эмделбегени аныкталган.

Рахманберди Ильязов.
Рахманберди Ильязов.

«Малдын ээсине жана аймактагы дарыгерге 5500 сомдон айып салынды. Убагында эмделгенде мындай болбойт эле. Мал эски очоктордун айланасында оттогондо, суу ичкенде жугуп калат. Аны сойгон кишилер, этин, ичеги-кардын жегендер ооруп калышы мүмкүн. Ошондуктан айылдагы тургундардын баарына дары бердик», - деди Ильязов.

Учурда аймактагы күйдүргүнү жоюу боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Оорунун жайылышынын алдын алуу иштери улантылууда.

Күйдүргү (Сибирь жарасы) оорусу адамда жана малда кездешет. Ылаң бодо малга, койго, жылкыга, ошондой эле төөгө, эшекке жана эчкиге жугат. Чочко, ит жана мышык чанда ылаңдайт.

Күйдүргү жукту деп шек саналгандар жаткан бөлүм.
Күйдүргү жукту деп шек саналгандар жаткан бөлүм.

Күйдүргү адамдын денесине киргенден кийин организмди уулантат. Тышкы чөйрөдө 100 жылга чейин сакталат. Бул оору менен ылаңдаган малдын сөөгү өрттөлүп, терең казылган чуңкурга көмүлүп, бети бетондолуп, айланасы тосулууга тийиш. Ал жер адистер тарабанын жылына эки ирет залалсыздандырылат.

Быйыл күйдүргү Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда эки ирет катталган. Экөөндө тең күйдүргүнүн тери формасы аныкталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG