ТВЦ жана "Москва 24" телеканалдарынын эфиринде суроолорго жооп берген Москва мэри Сергей Собянин башкалаада квалификациясы төмөн, орус тилин билбеген мигранттар толуп кетти деген суроого катуу жооп кайтарды.
Анын айтымында, 2018-жылдан бери Москвада эмгек мигранттарынын саны өзгөргөн жок:
“Мен жогорку билими бар ошол эксперттерге, ушунчалык эле ынтызар болушса, доктордук диссертацияларын көтөрүп, колуна шыпыргы алып, Москванын короолорун тазалоо кеңешин берет элем. Менимче, алар муну кылбайт. Анда ким кылат? Жогорку квалификациясы бар москвалыктардын ордун ээлесин деп билимдүү мигранттарды алып келишибиз керекпи? Москвалыктар көчө шыпырсынбы? Мен бул логиканы түшүнбөй турам”.
Мэр ошондой эле Ички иштер министрлигинин статистикасына таянып, келгиндер арасында кылмыш жасагандар азайганын, кылмыштардын бетин ачуу жогорулаганын белгиледи:
“Карактоо, киши өлтүрүү, уурулук кылуу өңдүү оор кылмыштар эселеп кыскарды. Карактоо 7,5, адам өлтүрүү 2 эсе азайды. Мигрант жасаган кылмыш деген эмне? Адегенде кылмыштын бетин ачып, далилдеп, андан кийин гана ал орусиялык же мигрант беле деп айтса болот. Москванын аянты да, жашоочулардын саны да көбөйгөнү менен адамдарга каршы коркунучтуу кылмыштар азайды”.
Муну менен катар калаа башчы ушунча көп кишинин Москвага келип жатканы өзгөчө көзөмөлдү, тартип орнотууну талап кыларына басым жасады.
Собянин буга байланыштуу мигранттар чек арада манжа изин тапшырганын, аларды сүрөткө тартып, биометрикалык маалыматтары алынганын эске салды.
Анын айтымында, жаңы система өз жемишин берип жатат.
Мэр былтыр жайында миграциялык саясатта тең салмактуулуктун зарылдыгын айткан:
"Иштегени, эмгек кылууга келген мигранттар ошону гана ойлойт. Карактоого, адам өлтүрүүгө же зордуктоого келгендер бул башка топтогу кишилер. Бардыгын аралаштырып салуу туура эмес. Мигранттардын 95% эмгекчил, мыйзамды сактаган кишилер. Ал эми ошол 5% боюнча каршы чара көрүш керек".
Май айында Орусиянын парламенти Москвада жана Подмосковьеде мигранттарды жүргөн жери, геолокациясы тууралуу полицияга такай маалымат берип турууга милдеттендирген мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, ушул жылдын сентябрь айынан тартып алгач сөз болгон эки чөлкөмдө мигранттардын жүргөн жерин көзөмөлдөгөн төрт жылдык эксперимент башталды. Алар атайын тиркемеге катталып, укук коргоо органдарына жүргөн жери тууралуу маалыматы, геолокациясы менен бөлүшүүгө макулдук берет.
2029-жылдан тартып бул эреже Орусиянын бардык аймагына таратылат.
Собяниндин жогорудагы сөздөрү мигранттарга каршы маанай күчөп турган маалда жалпы риторикадан айырмаланып тургандай.
Былтыр Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда ксенофобия көрүнүштөрү, мигранттарды текшерүү, колго түшүрүү рейддери көбөйгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган.
Кол салуудан кийин орус бийлиги миграциялык мыйзамдарды катаалдатып, улам жаңы эреже-талаптарды киргизүүдө. Жыл башынан бери мигранттарга каршы 200 миңден ашык рейд өткөрүлүп, 160 миңден көп чет өлкөлүк жаранга бул мамлекетке киришине тыюу салынганын орусиялык "Фонтанка.ру" сайты Орусиянын ИИМине жана Миграция кызматына шилтеме кылып жазган. Андагы маалыматка караганда, мындай тыюу быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу 30% көбөйгөн.
Жыл башында Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Орусияда сотторго мигранттарга байланыштуу түшкөн иштердин саны көбөйгөнүн билдирген. Анын сөзүнө караганда, өткөн жылы тергөөчүлөр ар кандай инстанцияларга үч миңдей ишти өткөрүп беришкен. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 20% көп.
Бастрыкин сотко өткөн ар бир үчүнчү иш адам өлтүрүүгө байланыштуу экенин айткан. Ал ошондой эле 2024-жылы мигранттар террордук мүнөздөгү 253 кылмышка барганын кошумчалаган.
Ошондо "Мемориал" укук коргоо борбору Бастрыкин көп учурда реалдуу статистикага таянбай турганын эске салган.
Былтыр дагы Тергөө комитетинин башчысы мигранттар арасында зордук-зомбулук, экономикалык багыттагы кылмыш жасагандар көбөйгөнүн жарыялаган.
Ички иштер министри Владимир Колокольцев мигранттар арасында олуттуу кылмыштарга баргандардын саны боюнча өзгөрүү жок экенин белгилеген.
Ушул эле министр жайында «пайдасыз мигранттарды» өлкөдөн чыгарууну сунуш кылганы бар. Ал иштебеген же окубаган, бекер жүргөн кишилер Орусиядан кетиши керек деп айткан.
"Сова" изилдөө борборунун маалыматына ылайык, 2024 жана 2025-жылдары орусиялык улутчулдар активдүүлүгүн күч алдырды жана медиа мейкиндикте көбүрөөк байкалып калды.
Алсак, Русская община уюму мигранттарды кармоо менен алектенип, жер-жерде жүрүштөрдү уюштурууда.
Ал эми депутат Сергей Миронов мигранттардын социалдык рейтингин түзүп, орус тилин билбегендерди өлкөдөн чыгарууну сунуш кылган.
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Орусияда 377 миң кыргыз жараны миграциялык каттоого алынганын, жалпысынан бул өлкөдө кыргызстандык 612 миң жаран бар экенин айткан.
Шерине