Тайланд Камбоджанын аскердик объектилерине абадан чабуул жасаганын билдирди жана коңшу өлкөсүн кол салууга айыптады. Бангкоктун ырасташынча, жекшембидеги чабуулда эки жоокери набыт болуп, дагы төртөө жараат алды.
Камбоджа бул дооматтардын баарын четке кагып, тайландыктар биринчи баштаганын, аларга жооп берилбегенин маалымдады.
Тайландын армиясынын ырасташынча, 8-декабрда камбоджалык аскерлерге курал-жарак ташылган фуникулер жок кылынды.
Эки өлкөнүн чек арасындагы соңку атышуу 24-июлда башталып, төрт күн уланган. Камбоджа жаңжалда бери дегенде 13 киши мерт болгонун, алардын сегизи жайкын тургундар экенин, дагы 70тен ашык адам жараат алганын билдирген. Тайланддын армиясынын маалыматына караганда, кагылышта өлгөндөрдүн саны 20га жеткен жана алардын алтоо жоокер, калган 14ү жайкын тургундар болгон.
Мындан көп өтпөй АКШнын президенти Дональд Трамп эки мамлекеттин лидерлери менен сүйлөшүп, жаңжалды чукул токтотууга көндүргөнүн билдирген.
Тайланд менен Камбоджанын башчылары 28-июлда Малайзияда жолугуп, ок атышууну токтотууну макулдашкан.
Бангкок менен Пномпен жүздөн ашык жылдан бери эле Прэахвихеа жана Та Моан Тхом храм комплекстери турган аймакты талашып келет.
БУУнун эл аралык соту 1962-жылы Прэахвихеа Камбоджага таандык деген чечим чыгарган, бирок талаштуу аймактардагы чек ара чырлары токтогон эмес.
Шерине