Агартуу министрлиги сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциянын күч алганына байланыштуу республика боюнча 207 мектеп жана 214 бала бакча убактылуу карантинде экенин билдирди. Бул тууралуу 7-декабрда маалымат таратып, балдардын абалы тиешелүү мамлекеттик мекемелер менен бирге тыкыр көзөмөлдө экенин түшүндүрдү.
“Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын карантинге жабуу боюнча көрсөтмөсүнө ылайык Агартуу министрлигинин уруксатысыз эле билим берүү процесси онлайн форматына которулат. Мектептер билим берүү процессин онлайнга өткөрүү боюнча маалыматты министрликке билдирүү түрүндө гана жөнөтүшөт”, - деп жазылган маалыматта.
Башкача айтканда, ар бир мектеп абалга жараша окутуу форматын өз алдынча өзгөртө алат. Учурда берүү уюмдарында оорулардын алдын алуу чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.
24-ноябрдан 30-ноябрга чейин Кыргызстандын аймагында 36 миңдей кишиден курч респиратордук вирустук инфекцияларга (ОРВИ) жана сасык тумоо аныкталганын Жугуштуу ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаева билдирген.
Ооруга кабылгандардын 70% 14 жашка чейинки балдар.
Эпидемиологдор өлкөдө сасык тумоонун А түрү же Гонконг тумоосу (H3N2) каттала баштаганын, 16 кишиден вирустун ушул түрү расмий аныкталганын билдиришкен.
Шерине