Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:41

Гоада түнкү клубда өрт чыгып, кеминде 25 адам мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Индиянын Гоа штатындагы түнкү клубдагы өрттө бери дегенде 25 адам набыт болду. Алдын ала маалыматтарга караганда, мерт болгондордун көбү Birch by Romeo Lane клубунда иштегендер, ошондой эле арасында туристтер дагы бар.

Полициянын божомолуна караганда, ишембиде түндө бул жайдын ашканасындагы газ баллон жарылып кетип, өрт чыккан.

Би-би-си жергиликтүү полициянын башчысы Алок Кумарга шилтеме кылып, негизинен ашкананын айланасы жана клубдун биринчи кабаты өрттөнгөнүн жазды.

Гоанын өкмөт башчысы журналисттерге үч адам өрттөн, калгандары түтүнгө ууланып мерт болгонун билдирди. Ооруканага алты адам жеткирилди, алардын абалы туруктуу экени кабарланды.

Түнкү клубда өрт чыккан маалда эл көп болгон, ошол түнү Болливуд музыкаларына адистешкен дижей концерт берип жаткан.

Гоа Араб деңизинин боюнда жайгашкан Португалиянын мурдагы колониясы. Бул аймак курорттору, деңиз жээги жана түнкү клубдары менен туристтер арасында белгилүү.

Индиянын өкмөтүнүн маалыматына ылайык, ушул жылдын алты айында Гоага 5,5 миллион адам барган жана анын ичинен 270 миңдейи чет өлкөлүктөр болгон. Бул өлкөдө соңку жылдары эс алуучу жайларда адам өмүрүн алган бир катар өрт кырсыктары катталды.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG