Бүгүн, 8-декбрда 9.00дон тартып Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Долон ашуусунда жүк ташыган машиналарга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мекемеси кабарлады. Бишкек-Ош жолунун Ала-Бел ашуусунда 7-декабрда саат 21:00дон тарта жүк ташуучу машиналарга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө экенин, кошумча маалымат берилерин билдирди.
"Өлкөнүн тоолуу аймактарында, анын ичинде Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаап жатат. Жолчулар күнү-түнү иштеп, жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө. Жолдордун абалы "Кыргызавтожол" ишканасынын көзөмөлүндө турат",-деп жазылган маалыматта.
Мунун алдында "Кыргызгидромет" кызматы аба ырайыга байланыштуу чукул кабар тараткан. Анда 8-декабрдан 10-декабрга чейин жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кан жолдордо кар жаап, көчкү, күртү жүрүшү мүмкүн экенин эскертип, айдоочулар 500 метр аралыкты сакташы керектигин билдирген. Ошондой эле жарандарды шашылыш, зарыл иши болбосо жолго чыкпай турууга чакырган.
Шерине