Украин презденти Владимир Зеленский АКШнын чабарманы Стив Уиткофф жана Трамптын Жаред Кушнер менен телефон аркылуу “так жана конструктивдүү” маектешкенин билдирди. АКШлык эки өкүл 2-декабрда Орусия лидери Владимир Путин менен жолугуп, АКШнын тынчтык планын талкуулашкан.
“Биз көптөгөн аспектилерге көңүл буруп, кан төгүүнү токтотууга кепилдик бере турган жана Орусиянын үчүнчү жолу басып кирүү коркунучун, ошондой эле Орусия мурда бир нече жолу жасагандай, өз убадаларын аткарбай коюу коркунучун жоюуга жардам бере турган маанилүү нерселерди ыкчам талкууладык”, - деди Зеленский.
Сүйлөшүүгө учурда АКШда жүргөн Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Рустем Умеров жана Башкы штабдын башчысы Андрей Гнатов да катышты.
Axios басылмасы булактарына таянып жазгандай, сүйлөшүү эки саатка созулуп, анда тараптар аймактык маселелерди жана коопсуздук кепилдигин сүйлөшкөн. Басылманын маектешинин айтымында, аймактык маселелер тууралуу талкуу “татаал” болгон. Орусия буга чейинкидей эле өзүнүн көзөмөлүндө болгон Донбасс аймагынан Украинанын күчтөрүн чыгарып кетүүнү талап кылууда, бирок АКШ “бул көйгөйдү чечүүгө жаңы сунуш ойлоп табууга аракет кылып жатат”.
Коопсуздук кепилдиги боюнча маселеде тараптар кыйла алдыга жылып, макулдашууга жакындаганын басылманын маектеши билдирген.
Ал ошондой эле Уиткофф менен Кушнер эки тарапка тиешелүү маалыматтарды чогултуп, макулдашууну шарттай турган талаптарга макул кылдыруу үчүн Путинге да, Зеленскийге да басым көрсөткөнүн айтып берген.
АКШ президентинин Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог ишембиде Украинадагы согушту токтотуу боюнча макулдашууга “аз калганын” жана чечим Донбасстын жана Запорожье атомдук электр станциясынын келечеги тууралуу маселеден көз каранды экенин айткан.
Владимир Путин 2-декабрда Москвада АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнер баштаган америкалык делегация менен жолуккан. Жергиликтүү басылмалар Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр дээрлик беш саатка созулганын, Уиткофф жолугушуудан кийин АКШнын Москвадагы элчилигине жөнөп кеткенин жазышкан.
Шерине