Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров буга чейин №8 шайлоо округу боюнча талапкер Жылдызкан Жолдошеванын айыптоосуна жооп берип, Боршайком ар бир кайрылууну карап чыгарын билдирди. Бул тууралуу Шайназаров 7-декабрда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып айтты. Ал ошондой эле добуштун саны боюнча Жолдошевадан кийин турган талапкер Нуржамал Төрөбекова менен туугандык байланышы тууралуу мындай деди:
“Мен Мады айылынан болом жана ал жактыктар баары менин тууганым. Эгер ата жагымдан карап келсек, жетинчи же сегизинчи атага кошулабыз. Эгер тактап келсек, Жылдыз Айтбаевна (ред: Жолдошева) да менин эжем болот. Аны менен да сегизинчи, тогузунчу атадан биригебиз. БШКга түшкөн ар бир кайрылуу сөзсүз каралат”, - деди Шайназаров.
Аймактык шайлоо комиссиясы интернетте тараган чуулгандуу видеонун негизинде эки тилкенин жыйынтыгын жокко чыгарганын Жолдошова 5-декабрда айтып чыккан жана ал видео Ысык-Көлдө, башка округда тартылганын, №8 округга тиешеси жоктугун билдирип, өлкө жетекчилигинен калыс териштирүүнү суранган. Ал добуштун саны боюнча өзүнөн кийин турган талапкер Төрөбекова “БШК төрагасы Шайназаровдун тууганы экенин” айткан.
Төрөбекова мындай билдирүү тууралуу комментарий берген эмес.
№8 шайлоо округунун №5249 жана № 5514 добушканаларынын жыйынтыгын аймактык комиссия жокко чыгарганын президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 5-декабрдын кечинде Фейсбуктагы баракчасына жазган. Орунбеков буга аталган округдагы №5249 шайлоо тилкесинде болду деп жарыяланган видео себеп экенин билдирген.
Жолдошова БШКнын расмий чечими чыга электе президенттин администрациясынын маалымат катчысынын мындай билдирүүсү жарыяланышын "шайлоого административдик кысым" деп сыпаттаган, Орунбеков ага жооп бере элек.
Бул видеону чынында ким, кайсы жерде, качан тартып, жайылтканы тууралуу азырынча тийиштүү органдардан расмий комментарий жок.
Аталган аймактык комиссиянын төрагасы Мамыт Молдобаев “Азаттыкка” билдиргендей, мындай чечим социалдык тармактардагы материалдардын жана айрым талапкерлердин ишенимдүү адамдарынын арызынын негизинде каралып, кабыл алынганын түшүндүргөн.
Борбордук шайлоо комиссиясы №8 округ боюнча маселени карай турганы маалым болгон.
Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 30-ноябрда өткөн. БШК шайлоодогу одоно мыйзам бузуулар катталганы үчүн 13-шайлоо округунун жыйынтыгы толугу менен жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо жарыяланарын билдирген. Мурдагы талапкерлер кийинки шайлоого катышуу укугунан ажыратылган.
Шерине