Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:34

Кременчуг: Орусиянын соккусунан кийин суу, жарык, жылуулук өчтү


Новгород-Северский, 6-декабрдын түнү, 2025-жыл
Новгород-Северский, 6-декабрдын түнү, 2025-жыл

7-декабрга караган түнү Орусия Украинага 241 дрон жана беш баллистикалык ракета менен сокку урганын украин Куралдуу күчтөрү билдирди.

Маалыматка караганда, анын ичинен 175 дрон, төрт ракета жок кылынды.

"14 локацияга 65 дрон тийгени катталды", – деп жазылган маалыматта.

Бутага Полтава облусундагы Кременчуг шаары да алынып, инфратүзүмдүк жайларга зыян келтирилгенин калаанын мэри Виталий Малецкий билдирди.

Курмандыктар жана жараат алгандар тууралуу маалымат жок. Шаардын көптөгөн райондорунда суу, жарык, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураганы белгилүү болду.

Кийинчерээк облус башчысы Владимир Когут Кременчуг районунда энергетикалык бир нече ишканага сокку урулганын маалымдады.

Чернигов облусунун Новгород-Северский шаарында Орусиянын дрон чабуулунан бир киши каза тапты. Калаада бир нече жерде өрт тутанды.

Согуш шартында тараптардын маалыматтарын ыкчам текшерүү мүмкүн эмес.

Орусиянын агрессиясына жооп иретинде Украина орус армиясын камсыздаган ишканаларды бутага алып келет. Ишемби түнү украин дрондору Рязандагы мунайды кайра иштетүүчү заводго сокку урганы кабарланган. Шаар жана облус тургундары бул түнү жарылуунун добушун угушканын айтып беришти. Рязан облусунун губернатору соккунун айынан өрт чыкканын, жабырлануучулар жок экенин билдирди.

Рязан заводу жылына 17 миллион тоннадан көп мунайды иштетет. Бул жайда бензин, дизел жана реактивдүү май чыгарылат. Мындан тышкары завод жылына 840 миң тоннадай авиациялык керосин чыгарат жана орус армиясынын аба-космостук күчтөрүн камсыздайт.

ASTRA Телеграм каналы билдиргендей, Рязан заводуна 2025-жылдан бери ушуну менен тогузунчу ирет сокку урулду.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул түнү 116 украиналык дрон жок кылынганын же колго түшүрүлгөнүн билдирди. Анын көбү Рязан облусунун аймагында. Мындан тышкары 20дан ашык дрон Воронеж, Брянск жана Белгород облустарынын аймагында катталган.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев Телеграмга “бир катар муниципалдык мекемелер зыян тартканын” билдирди.

ASTRA жазган маалыматка караганда, кеминде бир украиналык дрон Волгоград облусундагы “Альфаойл” мунай базасына да сокку урган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG