Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы боюнча келишимди кароо үчүн бүгүн, 27-февраль күнү Жогорку Кеңештеги тармактык комитеттери биргелешкен жыйынга чогулду.
Жыйында президенттин парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытов аталган келишимди тиешелүү комитеттерде карап берүүнү сунуштаган соң, төрага Нурланбек Тургунбек уулу бул комитеттердин жыйынын биргелешип, жыйындар залында бир кароону сунуштады. Депутаттар колдоду.
Парламенттин отурумуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Министрлер кабинетинин курамы катышып жатат.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маселе ачык каралып, бардык суроолорго ачык жооп берерин айтты.
Парламентте жүргөн кабарчыбыздын маалыматына караганда, отурумга Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев келген жок.
21-февралда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов комиссиялар толук макулдашууга келгенин жарыялашкан.
Анда үч документ - Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим, эки мамлекет ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу, эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жетүүнү камсыз кылуу боюнча макулдашуу долбоорлору кабыл алынган.
Эми бул үч документ эки мамлекеттин парламенттеринде ратификациядан өтүп, аларга президенттер кол коюшу керек.
Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон.(TAb/ZKo)
Шерине