Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:46

Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүткөнүн Байсалов да айтты


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 24-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинин кезектеги 58-сессиясында сөз сүйлөп, кыргыз-тажик чек арасын макулдашуу аягына чыкканын маалымдады. Бул окуяны ал эки элдин ортосундагы көптөн бери уланып келаткан маселеге чекит коюу деп мүнөздөдү.

“Бул макулдашууга жетишүү үчүн кайраттуулук, чечкиндүүлүк жана тынчтыкка болгон бекем умтулуу талап кылынды. Бул келишим дипломатиянын жана аймактык кызматташтыктын күчүн далилдеп турат, биз бул жетишкендикти мындан ары да өркүндөтүүгө даярбыз”, - деди Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Орозо айы аяктаганда Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жетекчилери үч тараптуу саммитке да чогуларын кошумчалады.

21-февралда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов комиссиялар толук макулдашууга келгенин жарыялашкан.

Анда үч документ - Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим, эки мамлекет ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу, эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жетүүнү камсыз кылуу боюнча макулдашуу долбоорлору кабыл алынган.

Эми бул үч документ эки мамлекеттин парламенттеринде ратификациядан өтүп, ага президенттер кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG