Кыргызстандын Достук айылы Тажикстанга толук берилип, талаштуу болуп келген Төрт-Көчө нейтралдуу макамга ээ болуп, Кыргызстан менен Тажикстан бирдей пайдаланат.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 27-февралда Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим тууралуу маалымат берип жатып айтты.
"Достук айылын биз толук бойдон бердик тажиктерге. Себеби Достук айылы биздин айылдардан эң алыс жайгашкан. Ал жерде стратегиялык жана экономикалык пайда жок. Айылдын ордуна биз шарт коюп, айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан 30 гектар жер алдык. Суулуу жерден алдык. Элди көчүрүп, кайра алардын ар бирине мамлекет тарабынан үй салып беребиз", - деди Ташиев.
27-февраль күнү Жогорку Кеңештеги тармактык комитеттери биргелешкен жыйында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы боюнча келишимди карап жатат.
21-февралда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов комиссиялар толук макулдашууга келгенин жарыялашкан.
Анда үч документ - Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим, эки мамлекет ортосундагы автомобил жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобил жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу, эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жетүүнү камсыз кылуу боюнча макулдашуу долбоорлору кабыл алынган.
Эми бул үч документ эки мамлекеттин парламенттеринде ратификациядан өтүп, аларга президенттер кол коюшу керек.
Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон.(TAb/ZKo)
Шерине