Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

Баткенде Тажикстанга мыйзамсыз эт жана мал ташыгандар кармалды


Мыйзамсыз жүк. Баткен облустук администрациясы тараткан сүрөт.
Мыйзамсыз жүк. Баткен облустук администрациясы тараткан сүрөт.

Баткендин Тажикстанга чектеш аймагында төрт баш бодо малды кошуна өлкөгө мыйзамыз алып бараткан бир жаран, мындан тышкары эки автоунаага алты тонна тоок этин жүктөп бараткан башка да жарандар кармалып, териштирүү иштери жүрүп жатканын 20-февралда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Акыркы учурда чек аралаш аймакта аткезчилик көп катталып жатканы айтылып келет. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругуна ылайык, аткезчиликке каршы мобилдик топтор түзүлүп, чек ара аймактары дыкат көзөмөлгө алынган. Жергиликтүү тургундарга мындай мыйзамсыз ишке барбоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.

Быйыл жыл башынан бери эле Баткен облусунун аймагында чек арадан кошуна өлкөлөргө мыйзамыз жүк ташылган 50дөн ашык окуя катталды.

Жергиликтүүлөр мыйзамыз товар ташуу көбөйгөнүн аймактагы жумушсуздук, азык-түлүктүн кымбатташы, экономикалык абал, Тажикстанда эттин баасы жогорулап, суроо-талап көбөйгөнү менен байланыштырып жатышат. (JsA)

Шерине

XS
SM
MD
LG