Жогорку Кеңештин беш комитетинин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы тууралуу келишим, эки өлкө ортосундагы жолду пайдалануу жана суу чарба, энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуунун долбоорлорун жактырылды. 27-февралдагы жыйынга парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук комитети, Конституциялык мыйзамдар комитети, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жана Транспорт боюнча комитетинин мүчөлөрү катышты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 27-февралда Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалымат берген соң депутаттар талкуусуз эле жактырышты. Бул документтерге каршы добуш берген депутаттар болгон жок.
Ташиев чек ара маселесин чечүүдө Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорундагы 190 гектар жер тилкеси Тажикстанга берилип, алардын 195 гектар жери Кыргызстанга алынганын айтып, анын ичинде сугат каналдары, автоунаа жүрүүчү жана башка жолдор да алмашылганын кошумчалады.
УКМК төрагасы чыр чыгып келген Головной тилкеси боюнча да маалымат берип, андагы үч люктун 1,5ы - үч-төрт метр жер Кыргызстанга өтүп, ошончо өлчөмдөгү жер тилкеси 1.5 люк менен Тажикстан тарапка өткөнүн айтты.
21-февралда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов комиссиялар толук макулдашууга келгенин жарыялашкан.
Анда үч документ - Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим, эки мамлекет ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу, эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жетүүнү камсыз кылуу боюнча макулдашуу долбоорлору кабыл алынган.
Эми бул үч документ эки мамлекеттин парламенттеринде ратификациядан өтүп, аларга президенттер кол коюшу керек.
Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон.(TAb/ZKo)
Шерине