Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:54

"Ажатканадан суу ичтик". Январь окуясында кыйноо көргөн өзбекстандыктар


Дээрлик үч жылдан бери 23 өзбекстандык Казакстандагы Январь окуялары учурунда Алматыга жакын айылда кыйноого кабылганын далилдей албай келишет.

Кеп Кошмамбет айылына коопсуздук күчтөрү жүзгө жакын адамды алып келип, кыйнаган учурлар тууралуу болoт. Аларды "башаламандык уюштурдук" деп айттырып, кылмышты моюнга алдырууга аракет кылышкан.

Январь айындагы башаламандыкта Казакстандын мамлекеттик телеканалы "тополоңго катышканы үчүн акча алганын мойнуна алган" жигиттин видеосун көрсөткөн. Кийинчерээк ал кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени, милиция аны кыйнап "агынан жарылууга" мажбурлаганы ачыкка чыккан. Бара-бара бул иш дипломатиялык талашка айланган. Дал ушул окуядан кийин коңшу Казакстандын бийлигинин "Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринен келген террористтер" деген жүйөсү эми суу кечпей калган.

Чет өлкөлүктөр да кириптер болгон массалык кыйноолор Алматы шаарынан 36 чакырым алыстыкта жайгашкан Кошмамбет айылында катталган.

Учурда Казакстандын Башкы прокуратурасы Өзбекстандын 23 жаранынын кыйноого алынганы боюнча ишти тергеп жатат. Казак бийлиги иштин бардык катышуучуларынан, анын ичинде арыз ээлеринен жана алардын жактоочуларынан материалдарды ачыкка чыгарбоо келишимине кол койдурган.

"50 жашка чейинки эркектер, чыккыла!"

40 жаштагы Азиз Өзбекстандын жараны. Маек үчүн жолугушууга макул болгону менен, ал өзүнүн коопсуздугу үчүн аты-жөнүн ачык айтуудан баш тартты. Ал эки жыл мурунку январь окуясында Казакстанда кыйноого кабылып, учурда тергөөсү уланууда. Азиз тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу окуянын айрым маанилүү жерлерин гана айтып берүүгө макул болду.

"Чымкенттен Алматыга азык-түлүк ташып иштечүмүн. Келишим боюнча 2022-жылдын 5-январында келиши керек болгон товарлар деги эле жетпей койду. Аны Алматыда 300 адам күтүп турган. Жүктү жеткирүүгө жооптуу адам телефонго жооп бербей атты. Кардарлар "же товарды жеткиресиң, же келишимди бузабыз" деп ультиматум койгондон кийин, шаардагы абал "бир аз оңолуп калса керек" деген ойдо 7-январда Чымкентти көздөй жолго чыктым", — деп сөзүн баштады Азиз.

Ал Алматынын четиндеги "Алтын Орда" базарынын жанынан Чымкентти көздөй бараткан автобуска отурган. Ал түшкөн автобуста аялдар, бал-бакыра, кары-картаңдар да бараткан. Бирок Алматыдан 90 чакырым алыстыкта жайгашкан Таргап айылына кире бериште автобусту беткапчан, аскер кийимчен адамдар токтотушкан.

"50 жашка чейинкилер чыккыла!" деген буйрук келди. Чыктык. Документтерибизди текшерди, баары туура. Сумкамда товардын акчасы бар болчу, аны карап "Бул эмне акча?" деди. "Меники, товар алам" десем, бирөө "бизге таштап, кете бер" деди. Мен макул болгон жокмун, жолдун ары жагынан бирөөнү чакырып, ал мени кармап кетти. Ал киши мени формачандар отурган жерге алып барды. Ортодогу үстөлдүн үстүндө ачкыч, капчык, телефондор үйүлүп турганын байкадым. Ал жердеги жоокерлер да беткап кийип, бир нерселерди жазып жатышты. Алардын бири менден кайра акчаны сурап, жооп берелекте эле тиземе тээп, көкүрөгүмө бир сокту. Андан кийин мени сарайга алып барды. Ал жерде менден башка 40ка жакын адам бар болчу".

Азиз кечке жуук алар отурган сарайга дагы 70тей киши келгенин айтат. Кийинчерээк алардын баарын автобуска салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.

"Көзүмдүн кыйыгы менен карасам, көрүстөндүн жанында экенбиз. Асманга мылтык менен ата баштаганда "мен ушул жерде өлөт турбаймынбы" дедим. Kөбү келме келтирип, билген сүрөсүн окуп жатышты, кээ бири "мен казакмын, биз бир тууганбыз" деп кыйкырып жатышты. Мага окшогон бир нече адам чет элдик экенибизди айтышканы менен биздин сөздү эч ким уккан жок", - дейт Азиз.

Ошондо автобус карга тыгылып калып, кармалган адамдарды унааны түртүү үчүн алып чыгышкан экен. Бирок, чыныгы кыйноо алдыда, Кошмамбет айылына жеткенде башталган.

"Ажатканадан суу алып, ичип жүрдүк"

Элүүгө таяп калган өзбекстандык Карим жыл сайын Алматыга келип иштеп, оокат кылат. Үч-төрт ай иштегенден кийин акчасын чогултуп, Өзбекстандагы үй-бүлөсүнө кайтат. Январь айындагы дүрбөлөң маалында да тигүү цехиндеги ишин бүтүрүп, төрт айда иштеп тапкан 700 долларын алып, үйүнө жолго чыккан.

"7-январь күнү Каскелеңден чыгып, Чымкентке автобуска отурдум. Бир саат жол жүргөндөн кийин полиция токтотту. Документтерибизди текшерип, телефондорубузду тартып алышты. Башында адаттагы текшерүү экен деп, маани берген жокпуз. Кийин бизди ошол тараптагы көрүстөндөрдүн жанына алып барышканда үрөйүбүз учту. Ал жактан чөнтөгүбүздөгү шакек, саат, акча сыяктуу баалуу буюмдардын баарын тартып алышты", - дейт Карим.

Анын айтымында, автобуста өзүнө окшогон 60ка жакын адам болгон. Алардын ичинен экөө гана казакстандык, калганы Алматыда иштеп, мекенине кайтып бараткан эмгек мигранттары эле. Кийин аларды да Карасай районунун Кошмамбет айылындагы курулушу бүтө элек изоляторго алып барышкан.

"Биз автобустан түшөрүбүз менен эле дароо сабай башташты. Эч нерсе түшүндүрүшкөн жок. Камерага кирип, таяк менен уруп, чыгып кетет. Кирет, урат, кирет, урат. Беш күн бою тынымсыз таяк жедик. Беш күндөн кийин Өзбекстандын Казакстандагы элчилигинин өкүлү келгенден кийин, уруп-сабоо токтоду. Ал жерде баш аягы 10 күн жаттык".

Карим камакка алынганга чейин Алматыдагы тополоңдон такыр кабары болбогонун айтат. Ал өзүнө окшогон камактагылар менен сүйлөшкөндөн кийин гана тынч митингдер куралдуу кагылышууга айланып кеткенин билген.

"Камерада 10-11 киши бар болчу. Төрт күн эч нерсе жеген жокпуз. Ичкенге таза суу жок болчу. Камерадагы ажатканадан суу алып, ичип жүрдүк. Төрт күндөн кийин бизге бир кесим нан жана ботко сыяктуу тамак бере башташты. Кээде ысык сууну да беришчү", - дейт Карим.

Изолятордогу "эт туурагыч"

Карим да, Азиз да Кошмамбет айылындагы кармоочу жайда камалгандардын саны 100дөн ашканын айтат. Курулушу бүткөнү менен, пайдаланууга берилбей турган бул бош имаратка жылуулук берилген эмес. Кармалгандар кыштын чилдесинде, бетон дубал жана муздак полдо, адам чыдагыс шартта турушкан. Камерада матрацтан башка эч нерсе болгон эмес.

"Мени "эт туурагыч" деген жерге алып барды. Ал жерде эки адам, анан мени сүйрөгөн эки кызматкер бар болчу. Сабап, чечиндирип, ич кийимчен жерге жаткырды. Бири желкемден кармап, экинчиси тепкилеп жатты. Таманымды резина таяк менен чапты. "Кайда жүрдүң?", "Эмне кылдың?", "Кол коёсуңбу же жокпу?" деп сурап жатышты. Мен эч нерсеге кол койбойм, мен күнөөлүү эмесмин, эч нерсеге катышкан жокмун дедим", - дейт Азиз.

Өзбекстандык жабырлануучу консулдуктун кийлигишүүсү менен 12 күндөн кийин гана бошотулган. Мурду, кабыргалары сынган жигит бир ай бою коркуп арыз жазбай, доктурга барбай жүргөнүн, кийин Алматы шаарынын прокуратурасына арызданганын билдирди.

Ал эми Каримди оболу аялы издеп баштаган. Күйөөсү Ташкентке келбей калганда Каскелеңдеги жумуш берүүчүсүнө кайрылып, коңгуроо каккан. Иш берүүчү Каримди оорукана, өлүккана жана полициядан издеп, акыр аягы аны Кошмамбеттеги изолятордон тапкан. Документтерин алып келип, анын Каскелеңден такыр чыкпаганын, цехтин ичинде гана иштеп жүргөнүн айтып, 10 күндө араң алып чыккан.

"Иш берүүчүм мени алып кетип, бир жарым ай дарылады. Ооруканага баруудан баш тарттым, анткени аябай коркуп калгам. Он күндүн ичинде көргөндөрүм мени нес кылды. Полиция формасын кийген адамды көрсөм эле колу-бутум титирейт. Төрт ай бою дем ала албай, көкүрөгүм катуу ооруп жүрдү", - дейт Карим.

Ал бир жарым айда дегенде гана өзүнө келип, дароо иштей башатаган. Дагы эки ай иштеп, жол киреге акча чогултуп, мекенине кайткан. Ал бул окуядан кийин алгач Казакстанга келгиси келбегенин жашырбайт. Бирок Өзбекстанда жумуш таппай, бир нече айдан кийин Алматыга кайтып келген. Азыр пластик терезелерди чыгаруучу заводдо иштейт.

"Мен арыз жазууну ойлогон деле эмесмин. Бирок өзбекстандык укук коргоочулар менин үй-бүлөм менен байланышып, арыз жазып, кыйноого алгандар жоопко тартылышы мүмкүн экенин айтышты. Викрам Рузахуновдун ишин айтып, Казакстандагы укук коргоочулардын телефон номерлерин берди. Ошентип мен "Эл аралык укуктук демилге" коомдук фондуна кайрылдым", дейт Карим.

Карим менен Азиз аларды уруп-сабагандар аныкталып, жазасын аларына ишенишпейт. Анткени алардын баары беткап кийип, эч кимдин жүзүн көрө алышкан эмес. Бирок арыз жазуунун максаты - элди кыйноо туура эмес экенин айтышат.

"Мен эч кандай материалдык чыгым талап кылбайм. Бирок камакка алынганда колумда күмүш шакек бар болчу. Ал 20 жыл мурун жубайым мага белек кылган ташы бар нике шакеги болчу. Күмүш болсо да мен үчүн абдан кымбат болчу. Ошону кайра алсам сүйүнөт элем", - дейт Карим.

Ал эми Азиз товарга төлөш керек болгон акчасын кайтарып алам деп үмүттөнөрүн жашырбайт.

Тергөө

Кошмамбет айылындагы кыйноолор боюнча ишти учурда Казакстандын Башкы прокуратурасы тергеп жатат. Шектүү катары төрт адам камакка алынган, бирок кийинчерээк алардын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, чет өлкөгө чыкпоо боюнча тилкат менен эркиндикке чыгышкан.

Аларга Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин 2 жана 3-пункттары боюнча айып тагылган. Башкача айтканда, алгач "бир топ адам тарабынан "маалымат алуу же күнөөсүн моюнга алуу максатында кыйноого алынган" деген оор берене менен айып тагылып, кийинчерээк "ырайымсыз, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиле" деген кыйла жумшак берене менен алмаштырылган. Эгерде биринчи беренеде жазасы 2 жылга чейин эркинен ажырату каралса, соңку айтылган беренелер менен 6 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Биз буга макул эмеспиз деп айттык. Бирок, азырынча абал ушундай", - дейт "Эл аралык укуктук демилге" коомдук фондунун жетекчиси, казакстандык укук коргоочу Айна Шорманбаева. Ал бул иште Азиз менен Каримден тышкары Өзбекстандын дагы 21 жаранынын кызыкчылыгын коргойт.

"Кошмамбет айылындагы атайын тергөө абагында 100гө жакын адам 10 күндөй камалып турган. Ал курулуп бүткөн, бирок пайдаланууга бериле элек имарат болчу. Бул жерге автобус менен гана эмес, такси менен кетип бараткан мигранттар да алынып келинген. Кыйноого алты эле киши шектелип жаткан жок. Көрсөтмө бергендерди кошсок, алты эмес, ондогон адамдар жоопко тартылышы керек", - дейт Айна Шорманбаева.

Укук коргоочунун айтымында, ишти алгач Алматы облустук ички иштер башкармалыгы караган. Бирок тергөө иштери жүрбөй, Башкы прокуратура колго алгандан кийин иш кайра жанданган.

Учурда бул иш боюнча тергөө дээрлик аяктап калды. Тараптар ачыкка чыгарбоо келишимине кол койгондуктан, Шорманбаева да, кыйноого кабылган эки өзбекстандык мигрант да кенен маалымат бере алышкан жок.

Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде Казакстандын Башкы прокуратурасы Кошмамбет айылында кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун жана "башка жарандардын" кыйноого алынышы боюнча кылмыш ишин тергеп жатканын билдирген.

Башкы прокуратуранын "Азаттыктын" суроосуна расмий жообунда "Тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык, башка маалыматтарды ачыкка чыгарууга болбойт жана кылмыш ишинин катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын эске алуу менен гана коомчулукка берилет" деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин прокуратура Кошмамбет айылындагы абакта кыйноого кабылгандардын иши боюнча далилдерди чогулткандыгын билдирген.

28-майда Кошмамбет айылындагы кыйноого байланыштуу Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин мурдагы орун басары Берик Абилбеков кармалганы тууралуу маалымат тараган. Прокуратура тергөөнүн кызыкчылыгына таянып, иштин чоо-жайын ачыктай элек.

"Орто кылымдагы көрүнүштөр"

Коңшу Казакстандагы кандуу Январь окуяларында 238 адам каза болгон. Алардын алтоо убактылуу кармоочу жайларда кыйноого кабылып, көз жумган. Мындан эки жыл мурун Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Ризабек Ожаров алардын экөө Алматыдагы убактылуу кармоочу жайда, үч киши Чыгыш Казакстан облусунда, дагы бирөө Талдыкоргондо каза болгонун билдирген.

Каңтар окуясынан кийин абактагылардын сабалганы тууралуу маалыматтар байма-бай чыккан. Кармалгандар полиция аларды ур-токмокко алганын, ысык үтүк басып, "кылмышты моюнга алуу үчүн" ток сайып кыйнаганын айтышкан. Айрым жарандар "тишимди жулуп, тырмагыма ийне сайды" деп даттанышкан.

"Азаттыктын" казак кызматы ооруканада оор абалда жаткан жарандар да СИЗОго жеткирилип, ур-токмокко алынганы тууралуу иликтөөлөрдү жарыялаган. Расмий Астана адегенде ал кыйноолорду четке кагып, кийин жүздөгөн арыздан кийин ондогон адамдар кармалганын мойнуна алган. Азыр алардын көбүнө сот өкүмү чыккан.

2022-жылы жазында президент Касым-Жомарт Токаев жаңы башкы прокурор Берик Асыловду жамаатына тааныштырып, ага "кыйноо сыяктуу орто кылымдагы көрүнүштү" жок кылуу милдетин койгон. Прокурорго Январь окуясын тыкыр иликтеп, жарандардын укугун коргоону тапшырган.

"Президент кыйноо жана катаал мамиле сыяктуу орто кылымдагы көрүнүштөрдү жоюунун маанилүүлүгүн белгиледи. Башкы прокуратурага айыпталуучуларга жана абактагыларга карата адамкерчиликсиз мамиле үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу тапшырылды" деп айтылат Ак ордонун билдирүүсүндө. (Акордонун казакча билдирүүсүндө "орто кылым" деген сөз "эскирген" деген сөзгө алмаштырылып жазылган).

Көп өтпөй Алматы облустук полиция департаментинин мурдагы башчысы Серик Күдебаев "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, нааразылык акцияларында кармалган адамдарды кыйноого алган" деп айыпталып, 10 жылга кесилген. Мамлекеттик сыйлыктарынан жана полициянын генерал-майору наамынан ажыратылган. Тергөө материалдарына ылайык, январдагы тоз-тополоңдо Алматы облусунун коменданты болуп турган 58 жаштагы милициянын генерал-майору Серик Күдебаев иш ордун таштап, полиция имаратынан чыгып кеткен.

Кошумчалай кетсек, август айынын башында январдагы калаба учурунда ички иштер министри болуп турган Ерлан Тургумбаев да соттолду. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган. Тургумбаев беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Жараян жабык болгондуктан иштин чоо жайы белгисиз. Бирок расмий билдирүүдө "Сот айыпталуучун күнөөсүн мойнуна алганын, чын жүрөктөн өкүнгөндүгүн жана биринчи жолу кылмыш жасагандыгын эске алды" — деп айтылат.

Ерлан Тургумбаев апрелде кармалган. "Кылмыш ишинде мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтар камтылгандыктан, сотко чейинки тергөөнүн башка маалыматтары ачыкка чыгарылбайт" - деп айтылат Казакстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

"Азаттыктын" Казак кызматынын кабарчысы Маншук Ассаутайдын макаласын орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

XS
SM
MD
LG