Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Алматы: Көк-Төбөнүн алдындагы атышуунун айтылбаган сыры


Январь окуясы күндөрүндө Алматынын борборундагы аскер кызматкерлери. 6-январь, 2022-жыл
Январь окуясы күндөрүндө Алматынын борборундагы аскер кызматкерлери. 6-январь, 2022-жыл

2022-жылы январда Алматыда болгон кандуу окуяларда чек арачылар менен Ички иштер министрлигинин бөлүктөрүнүн ортосунда атышуу болгонбу?

"Азаттыктын" казак кызматынын журналисти Багдат Асылбектин материалы кыргызча которулду.

Бандиттер Алматыдагы телемунараны басып алууга аракет кылышканда чек арачылар чабуулдун мизин кайтарышкан. Январь окуясындагы эпизоддордун бири тууралуу бийликтин расмий түшүндүрмөсү ушундай. Бирок Чек ара академиясынын мурдагы кызматкери иш жүзүндө Көк-Төбө тоосунда чек арачылар менен Ички иштер министрлигинин бөлүктөрүнүн ортосунда атышуу болгонун, аталган кырсык күч түзүмдөрүнүн өзгөчө кырдаалдагы аракеттеринин шалаакылыгын көрсөтөрүн айтууда. Анын маалыматтары академиянын айланасындагы өлүмгө алып келген дагы бир окуянын расмий версиясын төгүндөп жатат.

47 жаштагы подполковник Галымжан Садвакасов былтыр пенсияга чыккан. Анын акыркы иштеген жери — Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара академиясы. Аскердик педагогика жана психология илимдеринин магистри Алматыдагы өлкөнүн чек арасын коргоо үчүн офицерлерди даярдаган окуу жайда дарс окучу. Курсанттар алган билимин жайчылык мезгилде кайда колдонмок эле дечү.

Бирок өлкөдө январь окуясы жүз берди. 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө газдын кымбатташынан улам өлкөнүн батышында башталган тынч митингдер тез эле башка шаарларда кучак жайды. Миңдеген адамдар саясий реформаларды жана кызматтан кеткенден кийин кеңири ыйгарым укуктарын сактап калган экс-президент Нурсултан Назарбаевдин саясаттан кетишин талап кылышты. Алматыда демонстрациялар зордук-зомбулукка айланды: 5-январда калың элдин тобу акимчиликке жана президенттин резиденциясына жулунуп кирип, имараттарды өрттөдү.

Алматы акимчилигинин алдындагы Чек ара академиясынын курсанттары. 2022-жылдын 5-январы. Бир нече сааттан кийин нааразы болгондор аларды кубалап, имаратты басып алышкан жана өрттөшкөн.
Алматы акимчилигинин алдындагы Чек ара академиясынын курсанттары. 2022-жылдын 5-январы. Бир нече сааттан кийин нааразы болгондор аларды кубалап, имаратты басып алышкан жана өрттөшкөн.

Акимчиликтин алдын курчап турган Чек ара академиясынын куралсыз курсанттарын митингчилер дароо артка сүрүп салышты. Алар жогорку окуу жайга ындыны өчүп кайтышты деп эскерет Галымжан Садвакасов.

- Коркунучтан тышкары, алар шермендечиликти да көрүштү. Акимчиликке түтүн шашкалары ыргытылганда баары жерге жатып, көптөгөн офицерлер курсанттардан мурда качып кетишти. Атүгүл алардын үстүнөн аттап өтүп качышты. Ал эми кайтып келгенден кийин курсанттар офицерлерди жек көрө башташты. Курсанттар аскердик кызматка көңүл бурбай койду. Алар менден ажатканага барабыз деп суранып, кетип калышты. Мен күзөттү таштап, аларды издей албадым жана күзөттү жалгыз кайтарып калдым, — дейт мурдагы окутуучу.

Ошол күнү Алматы чакчелекей түшүп калды: мародерлор шаардын борборундагы дүкөндөрдү тоноп, витриналарды талкалап, банкоматтарды ачышты. Мегаполисте башаламандык өкүм сүрдү. Интернет өчүрүлгөн болчу. Бандиттер стратегиялык объектилерди басып алышкан деген кептер тарап жатты. Сыналгыдан президент Касым-Жомарт Токаев чет өлкөдө даярдалган 20 миң террорчу шаарга чабуул койгону тууралуу айтып, өзгөчө кырдаал жарыялады.

Күйүп жаткан акимчилик. 2022-жылдын 5-январынын кечи
Күйүп жаткан акимчилик. 2022-жылдын 5-январынын кечи

Садвакасовдун айтымында, 6-январда офицерлерди жана курсанттарды шаардын түштүк-чыгыш тарабындагы телемунара жайгашкан Көк-Төбө тоосуна жөнөтүү тууралуу академияга буйрук келип түшкөн. Подполковник курсанттар менен чогуу жөнөп кеткен. Анын тобунда 13 адам бар болчу, алар менен бирге күндүз акимчиликте жүргөн кишилер да бар эле.

— Эки СДМ (согуштук дөңгөлөктүү машине. — Ред.) беришти. Алар заводдон жаңы эле чыккан экен, пулемёттору жок — жөн гана өздүк курамды ташуу үчүн. Биз Көк-Төбөгө көчтүк. «Буран» чек ара атайын кызматы бийиктикти ээледи, Чек ара кызматы департаменти телемунараны коргоону колго алды, а биз ылдыйда, телемунарадан 200 метр алыстыкта жолду коргодук. Телеборбордун жетекчиси бизге келип, кечинде бул жакка вахабисттер келиши мүмкүн деди. Маалыматты кайдан алганын сурадык. Ал аларга «сакалчандар» келгенин айтты, бирок кароолчу аларды киргизбей, дарбазаны жаап салыптыр. Телеборбордун жетекчиси коңгуроо кагып, бизге телемунараны коргоого буйрук берилди.

КӨК-ТӨБӨДӨ ЭМНЕ БОЛДУ ЭЛЕ? КОРГОНУУГА КАТЫШКАН МУНАРАНЫН ТАРЫХЫ

Кандуу окуялардан кийин Улуттук коопсуздук комитети 2022-жылдын январь айынын башында «кылмышкер бандиттер өздөрү обого чыгып, өз талаптарын коюу үчүн Көк-Төбө телерадиоберүү мунарасын басып алууга аракет кылганын, бирок чек арачылар чабуулдун мизин кайтарганын» билдирди. Атайын кызмат стратегиялык объектилерди коргоого тартылган өздүк курам укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып барганын маалымдады.

Галымжан Садвакасовдун маалыматтары Көк-Төбөдө күч түзүмдөрүнүн «биргелешкен» ишинин бири да болбогондугун айгинелейт.

— Алгач командир асманга ок чыгарышы керек болчу, бирок ар бирибиз жок дегенде бир жолкудан атууга аракет кылдык. Мындай согуштук кырдаалда акылга ээ-жаа бербеген кызуу кандуулук пайда болот ,- дейт подполковник. — Ошол кызуу кандуулуктун айынан топтун башчысы бутуна атып алды. Мурда бизге автоматты оозун жогору каратып асынгыла деп үйрөтүшчү, бирок эмкилер мода кууп, автоматты оозун ылдый кылып көтөрүшөт. Ошонун кесепетинен ал бутуна атып алды. Ал эми кеткен генерал [Серик] Жазиндин ордуна (ошол кезде Алматы облусу боюнча Чек ара кызматынын башкармалыгынын башчысы болчу, 2023-жылдын февраль айынан баштап турак-жай жана тамак-аш кызматтарын көрсөтүүчү QAZ GREEN STROY компаниясынын негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн. — Ред.) мени өткөрмө бекеттин башчысы кылып дайындашты.

Галымжан Садвакасов, Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара академиясынын мурдагы окутуучусу
Галымжан Садвакасов, Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара академиясынын мурдагы окутуучусу

Мен кишилерди эки чакан топко бөлүп, Көк-Төбөгө келчү эки жолду бөгөдүк. Биз акырына чейин ким менен согушуп жатканыбызды билген жокпуз. Мен топтогу машинанын айдоочусуна: алар каршы турар замат дароо газды басып, аларды сүзө качыр деп айттым. Башкача айтканда, пулемёт жок болгондуктан, сүзө качыруу керек болот. Түнкү саат тогуздар чамасында бир машине катуу ылдамдыкта келип, маңдайыбызга туруп калды. Мен өйдөнү көздөй ок чыгардым. Ошондо менин жигиттерим да аткылай башташты. Биз ошол машинени атып жаткансыдык. Ал артка бурулуп, шарт жүрүп кетти. Кийин бул чалгын экенин билдик. Биз ок чыгаргандан улам телемунара эбак эле басып алынган экен деп ойлошуптур. Мен жигиттерди чогултуп, башка атпагыла деп кыйкырдым. Курал колдонбоого буйрук бердим. Кийинчерээк, – деп улантат Садвакасов, – Көк-Төбөгө беш машинеден (үч жеңил унаа жана эки Hummer) турган колонна келди.Мен эскертип ок чыгардым, мына ошондо баары башталды! Курал-жарактын бардык түрлөрүнөн ок атылып жаткандай болду. 20 секунддай мен [эмне болуп жатканын] аңдоого аракет кылдым. Башында менин кеңкелестерим атып жатат деп ойлогом. Мен өзүмчө: «Жерге киргир, мен атпагыла деп айтпадым беле!» ,- деп ойлоп коём. Анан алар бизди атып жатканын түшүндүм. Алар биринчи огу менен биздин фельдшерди жарадар кылууга жетишти. Ал айкырып жатат. Мен автоматты колго алдым. Ошол убакта баары мага кошулуп, аларга жооп кыла баштады.

Чек арачылар Көк-Төбөгө шарттуу террористтер эмес, а полициянын атайын күчтөрү келгенин билишкен эмес. Аларга эч ким эскерткен жок. Чек арачылардын согуштук унаасы сүзө качырып жөнөгөн.

— СДM жулкунуп жөнөгөндө, машинелер кача баштады. СДM качырып баратып Camry машинесинин үстүнө чыгып токтоду. Машине капшырылып, а Hummer жантайып калды. Машинелердеги кишилер качып жөнөштү. СДM андан ары ылдый түшүп, кийин артка бурулду. Анан кайра сүзө качырып, жогору, телемунарага чыкты. Эмнегедир токтогон жок. Мен токтойт деп ойлогон элем.

Садвакасов өзү мойнуна алгандай, курч кырдаалды тез жайгара алган жок. Кол алдындагылар да нес болуп калышкан. 13 чек арачынын тогузу согуш болуп жаткан жерден качып кеткен.

— Ачыгын айтсам, командир катары согуш башталганда мен баарын чалкеш кылдым. Кимдир бирөө: «Жардам чакыр!» – деп кыйкырды. Урушту жетектегендин ордуна рацияны кармап, жашынып, бурановчуларды чакырганга аракет кылдым. Бирок рация иштен чыккан эле, алар мени угуп жатышабы же жокпу билбедим. Мен карайлап калдым, өзүм да качып кетким келди. Мени бир гана нерсе, — биздин экинчи СДM машинабыздын токтоп турганын көргөнүм кармап калды. Ал жерде эмне болуп жатканын билиш үчүн ошол жакка чуркадым. Ачык тилкеден 30 метр чуркап өтүшүм керек болчу, анүстүнө эки чырак мени жарытып көргөзүп турду. Ушул 30 метр өмүр бою эсимден кетпейт. Мына-мына азыр атып салышчудай туюлду. Мен ал жакка чуркап барсам, экинчи топтун башчысы Есим Ибраев ошол жерде экен. Баары эле качып кетпептир. Айдоочу жана менин эки жолдошум калыптыр. Аларды көргөндө мен жалгыз эмес экенмин, биз үчөөбүз, аскербиз деп, ушунчалык жеңилдеп калдым!

Чек арачылар дагы кол салуу болсо туруштук бере албайбыз деп эсептеп, бийигирээк турумга, телемунарага чегинүүнү чечишкен. Бирок алардын СДМсы жарга тыгылып калган. Алар тоонун боорунда жатып, күтүшкөн.

— Мен угууга аракет кылдым, кулагым начар угат. Болот туулга менен тумакты чечтим. Эч нерсе угулбады. Ошол маалда СДМ (мурда өйдөгө кеткен. — Ред.) менин жанымдан өтүп, шаарга карай кетти, токтогон жок. СДМ өтүп баратканда аны аткылап турушту. Үнүнөн кайдан атып жатышканын аныктадым. Бир нече убакыт өткөндөн кийин биздин «Бурандын» БТРи пайда болду. Бул дагы огожо болмок, бирок ал ушунчалык кеч келди, эгер мындан ары да ушундай боло берсе, куткара турган эч ким калмак эмес. Бирок алар келип, унчукпай кайра кетип калышты.

Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара академиясынын согуштук дөңгөлөктүү машинеси
Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара академиясынын согуштук дөңгөлөктүү машинеси

- Бир канча убакыттан кийин атышуу басылды, – дейт Садвакасов. – Чек арачылар бирөөнүн кыйкырганын угушкан. Экинчи тараптан жарадар болгон адам жардам сураган.

— Биз эмне кылуу керектиги тууралуу кеңештик. Бир жолдош бул тузак, анын көзүн тазалап салалы деп сунуш кылды. А мен: «Жок, биз аны өлтүрбөйбүз, кармап алганга аракет кылабыз. Анткени эртең отчет берип жатканда жок дегенде кимдир-бирөөнү суракка алуу үчүн туткун керек болот», – дедим. Жарадар жатат, «Мен өзүбүздөнмүн!» – деп күбөлүгүн көрсөтөт: Мен: «Есим, барып карачы», – дедим. А башыма дароо: «Кокус ал өзүң барып кара десечи? Мен бара албайм да», – деген ой келди. Есим унчукпай басып барып, минтип кыйкырды: «Өзүбүздөн экен, өзүбүздөн!» – ИИМдин кызматкери, майор. Биз аны төрт жерден атып салыптырбыз. Бети кагаздай кубарып, өлүп баратат. «Эй, өлбө!» – деп аны жулкулдаганыбыз эсимде. Ал эми ал: «Апа! Апа! Жок дегенде апама телефон чалып алайын!» – деди. Биз анын телефонунан апасынын номурун издеп жатабыз. Ошол учурда анын командири чалып, издеп калды. Аны өчүрүп салып, кайра апасынын номурун табууга аракет кылабыз. Жигит апасына акыркы сөзүн айткысы келди, бирок ошого да мүмкүнчүлүгү болбоду. Ошентип, чала албады. Мындай кырдаалга биз өзүбүз да даяр эмес экенбиз. Аны таңуу керек, а бизде эч нерсе жок. Биз анын денесиндеги октун тешиктерин жабууга аракет кылып жаттык. Бактыга жараша, ошол учурда байланышканга мүмкүнчүлүк пайда болду. Кырдаалды айтып, тез жардам чакырдык. Натыйжада жарадарды алып кетишти. Бул менин жашоомдогу эң узун жана эң азаптуу түн болду. «Биз эмне кылып койдук?!» – деп, таң атканча уктай албай ойлонуп отурдум. Мен жигит өлүп калат эле дегем. Бирок ал аман калды, -дейт Садвакасов.

6-январда Көк-Төбө тоосунда кеминде бир полиция кызматкери каза болгонун расмий маалымат билдирди. Казак маалымат каражаттары анын аты-жөнүн Нурболсын Алмасов деп аташты. Анын апасы өткөн жылы журналисттерге берген комментарийинде 27 жаштагы уулу полиция департаментинин террорчулукка каршы күрөшүү бөлүмүндө иштегенин айткан. Өкмөтчүл маалымат каражаттары Алмасов «телемунарага кол салуунунун мизин кайтаруу учурунда каза болгонун» белгилешти. Ким кол салганы айтылган жок.

Подполковник Садвакасов аталган полиция кызматкери кантип жарадар болгонун так билбей турганын айтты.

— Аны же эки машина кысып таштады же биз атып салдык. Аны (оор жарадарды. — Ред.) 12-шаардык оорукананы алып жөнөп ката кетиришти -жакынкы ооруканага алып барыштары керек болчу. Ал жетпей калды. Үлгүрүшпөдү. Кан көп кетип калыптыр.

Галымжан Садвакасов салгылашып жатканда жарадар болгон адамды көргөнгө чейин бандиттер менен согушуп жатам деп ойлогон экен. Ал полицияга ок атууга ким буйрук берди? деген суроого алигече жооп таппай келет.

— Биз телемунарага күндүз эле чыкканбыз. Бизди көптөгөн жарандар көргөн болучу. Телеборбордун жетекчиси биз бул жерди коргой турганыбызды билчү. Биздин бул жерде экенибизди көп эле адамдар билишчү. Бирок Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине чабуул коюуга ким буйрук берди? Балким, бул атайын чагым болгондур? Бул эмнеден кабар берет? – деп таң калат подполковник.

— Биз [ошол жерде экенибизди] билиштери керек болчу, айрыкча Жазин Антитеррордук борборго чек арачылар телемунараны кайтарууга алганын кабарлаганын айткан эле. Кийин Есим «Арлан» ошондо экинчи жолу чабуул коюуга камынганы тууралуу айтып берди. Бул жолкусунда атайын техникаларды алып келишкен экен, 40ка жакын адам келиптир. [Көк-Төбөнүн] этегинде топтолушуптур. Экинчи жолу чабуул жасалса, туруштук бере алмак эмеспиз. Бирок Кудай сактады.

Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара академиясынын кызматкери
Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара академиясынын кызматкери

Январь окуясынын күндөрүндө телемунараны басып алуу коркунучу болгон-болбогону белгисиз. Кийинчерээк Башкы прокуратурадагылар аты аталбаган кылмышкерлер обого чыгуу үчүн телемунараны басып алууну көздөшкөнүн билдиришкен (Көк-Төбөдө уктуруу жабдуулары гана бар, телеканалдар өз студияларынан обого чыгат). Прокурорлор басып алуу аракетинин уюштуруучусу делген Алматынын чет жакасынын бир тургуну кармалганын кабарлашты. Бирок ачык булактарга караганда, Көк-Төбөгө кол салуу боюнча иш сотко өткөн жок.

ЧЕК АРА АКАДЕМИЯСЫНДАГЫ АТЫШУУ: СЫРТТАН КОЛ САЛУУ БОЛГОН ЖОКПУ?

Садвакасов Көк-Төбөдө саал тынчып калганда генерал Серик Жазин өзүнүн жол тандабас унаасы менен окуя болгон жерге келгенин айтат. Подполковник генералга өздүк курамдын арасында жарадар болгондор бар экенин, кээ бир жоокерлер согуш талаасын таштап кеткенин баяндаганда, Жазин Садвакасовдун кол алдындагылар Чек ара академиясына кайтып келип, күжүрмөн тапшырманын аткарылышы тууралуу маалымат беришти деп жооп берген. Кийинчерээк белгилүү болгондой, кайтып келгендер окуу жайдын тегерегиндеги дагы өлүмгө алып келген кырсыктын чордонуна туш болушкан.

2022-жылдын 13-январында Улуттук коопсуздук комитети «6-январдын кечинде Чек ара академиясынын кире беришинде кылмышкерлер менен атышуу башталып, академиянын улук офицери капитан Жандос Жагалбаев каза болгондугу» тууралуу билдирүү тараткан.

«Кол салгандар курал-жарак кампаларына кирүүгө аракет кылышкан, бирок болочок чек арачылар жаштыгына карабай, эч күмөн кылбай жана коркпостон чабуулдун мизин кайтарышкан», — деп билдирген Улуттук коопсуздук комитети.

УКК академияны коргоп жатып үч курсант: Даулет Жупарбеков, Мейрхан Битим жана Жайык Адылкан каза болгонун маалымдады. Токаев офицерди жана курсанттарды каза болгондон кийин «аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана берилгендиги үчүн» «Айбын» ордени менен сыйлады.

Расмий версия: бандиттер көзөмөл-өткөрмө бекетине кол салышкан, жоокерлер кайраттуулук менен каршылык көрсөтүп каза болушкан. Жок! Эч ким кол салган жок, алар өздөрүн-өздөрү атып салышты.

Сөөгү Чыгыш Казакстан облусунда жерге берилген Жандос Жагалбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты тууралуу жазган казакстандык маалымат каражаттары ал «өз мекемесин коргоп, Алматыда террорчулардын колунан каза тапканын» кабарлашты .

Галымжан Садвакасовдун ырасташынча, академияга сырттан кол салуу болгон эмес.

— Расмий версия: бандиттер көзөмөл-өткөрмө бекетине кол салышканда жоокерлер кайраттуулук менен каршылык көрсөтүп каза болушкан. Жок! Эч ким кол салган жок, алар өздөрүн-өздөрү атып салышты, — дейт подполковник. — [Көк-Төбөдөн] академияга качкан жигиттер экинчи өткөрмө бекетине келишет. Алар салгылаш жүрүп жатканда качкандыктан, али да болсо өздөрүнө келе элек болчу. Алар бүтүндөй бир армия кол салды деп кыйкырышты. Бул дүрбөлөң көзөмөл-өткөрмө бекетине да өтүп, ошол маалда атышуу башталган. Кийин мен сураштырганда алардын бири караңгыда машина козголуп, октун үнү угулгандай болду дейт. Бирок курсанттар мага башкача айтышты. Башчылардын бири: Эгерде мен «Салгылашкыла!» деп кыйкырсам, бул ата баштагыла деген буйрук деп, курсанттарга шарттуу белгини айтат: Качып кеткен жоокерлер күзөт бекетине келгенде, кимдин-бирөө «Салгылашкыла!» деп кыйкырып жиберет. Башаламан салгылашуу башталып, баары ок чыгара башташты. Аларды турумдарга ушунчалык орунсуз жайгаштырышкандыктан, баары бири-биринин жанында октун тушунда калышкан. Кийинчерээк курсанттарга дарс окуп жатып, мен алардын нес абалда экендиктерин көрдүм. Курсант, жолдошу мүмкүн анын колунан каза болуп калганын түшүнөт. Курсанттар согушуп жатабыз деп ойлошкон, бирок чындыгында жанагыдай башаламандыкта бири-бирин атып салышкан.

Садвакасовдун айтымында, көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги трагедияга эч ким жооп берген эмес.

— Мен талап кылсам да кызматтык иликтөө болгон жок. Алар январь окуясынын катышуучулары катары атүгүл сыйлык-наамдарды да алышты! Ооба, баарыбызга сыйлык берилди. Мен [жетекчиликке] кирип: «Кайдагы сыйлык? Алар согуш талаасын таштап качып кетишти, курсанттар жана офицерлер курман болду», – деп айттым. Эч ким жоопко тартылган жок. Жөн гана ишти жаап, сыр кылып, бекем жашырып коюшту.

Анын айтымында, алгач Көк-Төбөдөгү жана академиянын өткөрмө бекетиндеги окуялар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 99-берене («Киши өлтүрүү») жана 257-берене боюнча (террордук топту түзүү, башкаруу жана анын ишмердүүлүгүнө катышуу») иш козгошкон, бирок кийин тергөөнү токтотуп коюшкан.

««Азаттыктын» кабарчысы байланышкан Чек ара академиясынын каза болгон офицери Жандос Жагалбаевдин апасы уулун ким атканын жана анын өлүмү боюнча тергөө кандай аяктаганын билбей турганын айтты.

Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара академиясынын согуштук дөңгөлөктүү машинеси
Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара академиясынын согуштук дөңгөлөктүү машинеси

«Азаттык» Чек ара академиясы баш ийген Улуттук коопсуздук комитетине 2022-жылдын 6-январында Көк-Төбөдөгү жана академиянын теребелиндеги окуялар боюнча конкреттүү суроолорду берип, сырттан эч кандай кол салуу болгон жок деген маалыматты ырастоону же жокко чыгарууну суранды. УКК суроолордун көбүн этибарга албай, бир нече абзацтан турган жооп берди.

«22-жылдын январында мамлекеттик жана стратегиялык объектилерди коргоо боюнча иш-чараларда Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара академиясынын 5 аскер кызматкери каза болуп, дагы 56сы жарадар болгон. Каза болгондор мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты. Бул фактылар боюнча кылмыш иштерин иликтөөнү ИИМдин аскердик тергөө бөлүмдөрү жүргүзгөн. Аталган окуялардын жүрүшүндө Академиянын командачылыгы ченемдик-укуктук актылардын талаптарына ылайык аракет кылгандыгы текшерүүнүн жыйынтыгы менен тастыкталган», — деп жазылган жоопто.

«Азаттык» ошондой эле Ички иштер министрлигине суроо жолдоп, анда Көк-Төбөдөгү кырсык, аны иликтөөнүн жыйынтыгы жана Чек ара академиясындагы атышуу боюнча тергөө иштери тууралуу сурады. Редакция 2022-жылдын 6-январында чек арачылар турган Көк-Төбөгө ИИМдин бөлүктөрүн ким жибергенине да кызыкты. Материал жарыяланып жатканда эч кандай жооп келген жок.

«ЭГЕРДЕ СОГУШТУК КЫРДААЛ БОЛСО — КОРККОНДОН ӨЗҮБҮЗДҮ-ӨЗҮБҮЗ АТЫП САЛАБЫЗ»

Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бири-бирине ок чыгарганы тууралуу маалымат январь окуясынын башка эпизоддорунан да маалым болгон. 2023-жылдын ноябрь айында Тараз шаарынын тургуну Ербол Жуманов УККнын подполковнигин «өлтүргөндүгү» жана «курал-жарак уурдап, сактагандыгы» боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. Подполковник каза болгон жерге жакын жердеги видеокөзөмөл камерасынан видеотасмаларды алууга жетишкен соттолгон адамдын бир тууганы маркум аскер кызматкерлери менен Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин ортосундагы атышуудан каза болгонун айтты. Дагы бир мисал – 6-январдагы Алматыдагы Республика аянтындагы атышуу. Соттук отурумдун стенограммаларынын бирине ылайык, аскер кызматкерлери бири-бирине «жаңылыштык менен» ок чыгарган.

Январь окуясы күндөрүндөгү Алматыдагы аскер кызматкери. 2022-жыл, 8-январь
Январь окуясы күндөрүндөгү Алматыдагы аскер кызматкери. 2022-жыл, 8-январь

Январдагы окуялар күч түзүмдөрү реалдуу коркунучтардын мизин кайтарууга даяр эмес экенин жана кыйын кезеңдерде өз ара ырааттуу аракеттенүүгө жөндөмсүз экенин көрсөттү деген ишенимде Галымжан Садвакасов. Курсанттарга практикалык сабактар өтүлбөйт, алар коргонууга караганда параддарга көбүрөөк даярданышат деп эсептейт ал.

— Биз курсанттарды төрт жыл даярдайбыз. Айталы, гранатомёттон атуу боюнча бир сабак 200 миң теңге турат. Гранаталар менен октор, тамак-ашы, баарын санап көрсөк, булар эң кымбат студент болуп калат. Баардык студенттер сыяктуу эле алар да тест тапшырышат, анда жөн гана жаттап, ал эми тапшыргандан кийин баарын унутушат. Алардын билимин аскердик кызматка эч тиешеси жок Билим берүү министрлигинин комиссиясы текшерет. Студенттер аскер кызматкери болгондон кийин эч нерсе билишпейт, – деп белгилейт ал:

— Январдагы окуялар башталганда биз даяр эмес экендигибиз билинди. Бешинен алтысына караган түнү экинчи өткөрмө-көзөмөл бекетине чуркап келдим. Курсанттар катар турушат. Командирлери (аты-жөнүн айтпай эле коёюн) аларды дарбазанын алдына үч катар тизип коюптур. «Мындай аңкоо команданы ким берди?! Мындайда арткы катардан бири-бириңердин желкеңерге атасыңар да», – дедим. Эртеси карасам: курсанттарды тосмодон 10 метр алыстыкта ар бир эки метр жерге жаткызышыптыр. Тосмодо тешиктер бар, ал эми сырттагы адам тешиктерден жөн эле атып салат.

Кандуу январдан бери академияда эч нерсе өзгөргөн жок дейт ал.

Ал эми Улуттук коопсуздук комитети январь окуясынан кийин Чек ара академиясынын жетекчилиги университеттин техникалык коопсуздугун чыңдоо боюнча «бир катар чараларды көргөнүн, курсанттардын күжүрмөн, саптык жана психологиялык даярдыгын күчөтүү жагынан кесипке даярдоо жараяндары кайра каралып чыкканын», ал эми окуу процессинин өзү «мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык ишке ашырыларын» ырастап жатат.

Садвакасов өлкөнүн Куралдуу күчтөрү, анын ичинде Чек ара кызматы кечиктирилгис реформага муктаж деп эсептейт. Ал кызматкерлер эртеден кечке башка иштер менен алектенип, айдын аягында сандары отчет үчүн гана жазып коюшат, б.а. учурда армия «туташ формализмден» жапа чегип жатат деген ойдо. Анын пикиринде коргонуу тармагынын негизги көйгөйү, аскер кызматкерлери, өзгөчө жогорку кызмат адамдары Куралдуу Күчтөрдү өздөрүнүн жыргалчылыгын камсыз кылуунун таянычына айландыргандыгында.

— Эмне үчүн адам аскерде кызмат кылгысы келет? Ал жакта жакшы төлөйт, батир берет. Эгерде система күжүрмөн даярдык үчүн эмес, жыргалчылыкты камсыз кылуу үчүн иштей баштаса, албетте, анда жетекчилик да өз кызыкчылыгын ойлойт. Ошондуктан Куралдуу Күчтөрдө коррупция менен байланышкан чуулар чыгып жатат. Жакшы жашоонун булагы болуп калган тутум бара-бара чоңоё берет, анда кызматтык штаттар да көбөё баштайт. Ашыкча штат ири бюрократияга айланып бараткан тутумдун ишин бир топ кыйындатат. Эгерде бизде кокус согуш чыкса, биз биринчи күндөрдө эле жоготууларга учурайбыз. Эң жаманы, жоготуулардын жарымынан көбү Чек ара академиясындагыдай болот – биз корккондуктан өзүбүздү-өзүбүз атып салабыз.

XS
SM
MD
LG