Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

"Иштей турган киши таппай калдык". Кыргызстанда жумушчу күчү тартыш


Кыргызстандагы тигүүчүлөр.
Кыргызстандагы тигүүчүлөр.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда жумушчу күчү жетишпей жатканын билдирди. Бул көйгөй шаарда да, элет жеринде да байкалууда.

"Жумушчулар Англияга кетип калды"

Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн тургуну Заир Нышанов үч гектар жерге тамчылатып сугаруу ыкмасы менен бак отургузган.

Бир нече жылдан бери чогуу жүрүп, багбанчылык сырларын үйрөтүп койгон жардамчылары жакында Британияга айыл чарба иштерине кетип, жалгыз өзүнө оорчулук келип жатканын айтты.

"Бак өтө деле чоң эмес. Өзүм багбан эмес элем, бал челек кармап, ага кошуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы менен үч гектар жерге алма, өрүк, гилас, шабдалы отургузгам. Эки жигитти окутуп, үйрөтүп, иштетип жүргөм. Айына 25-30 миң сом айлык берчүмүн. Биз жакта бул жакшы эле айлык. Бирок алар күзүндө Англияга кетип калышты. Эми алардын ордуна иштегенге адам издеп жатам. Ишенсеңиз, алты айдан бери ылайыктуу эч ким жок. Айылдаштарым иштегилери келбейт. Тамчылатып сугарылган, аз жылда түшүм берчү көчөттөрдүн сырын билип, аларды караган мыкты адис табышыма көзүм жетпейт, ошентсе да бирөөнү жалдашым керек", - деди Элдар.

Ушул эле райондун дагы бир тургуну Элмирбек Касымов жыл сайын өзүнүн үлүш жерине кошуп дагы үч гектардай жерди ижарага алып иштетет.

Бир нече жыл мурда "Айыл банктан" лизинг аркылуу трактор сатып алган. Жыл сайын пахта, жүгөрү айдап иштеткен жеринен алган пайдасы трактор чыгымын жабууга да жетпей жатканына кейип, Британияга иштеп келүүнү пландаганын айтып отурду.

"Бул жерден деле акча тапса болот. Бирок аз-аздан тиги-буга сарпталып, бат эле жок болот. Акыркы жылдары күйүүчү майдан тартып, жер семирткич, үрөн ж.б. баары кымбаттады. Жерди өзүм айдаганым менен пахтаны эккенде, чапканда, кийин тергенде киши жалдабаска арга жок. Азыркы учурда бир күндүк мандикер акысы миң сомдон кем эмес. Мурдагыдай Өзбекстандан оңой эле киши алып келүү да мүмкүн эмес. Мындан тышкары бала-чака, үй-жай, аш-той, карым-катыш дегенге да акча кетет. Трактор техника экен, сынат, бузулат, оңдойсуң, майлайсың... Жыйынтыгында калган акча тракторду алган насыяны жапканга жетпей, короодогу малды сатып төгүүгө туура келген күндөр болду. Мындан тышкары балдар чоңоюп жатат. Үч балам менен келинчегим экөөбүз 15 жылдан бери эки бөлмөлүү чакан үйдө турабыз. Беш бөлмөлүү чоң үйдүн дубалы туруп, чатыры жабылган боюнча бүтө элек, анткени акча арттыра албай атабыз. Ал үйдү да Орусияга жылдап барып иштеп жүрүп курганбыз".


Жумушчу күчүнүн жетишсиздиги Кыргызстанда элет жерлеринде гана эмес, Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларда да байкалууда.

Чет жакка иштегенге кызыгуу күч алды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, Кыргызстанда жумуш орундары жетиштүү, бирок анда иштей тургандар аз.

Министр 2022-жылы жумушсуздук деңгээли 5,3% түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 1,7% төмөндөгөнүн белгилей кетти.

Кудайберген Базарбаев
Кудайберген Базарбаев

"Азыр жаңы жумуш орундары даяр, бирок жумушчулар жетишсиз. Мына, Оштогу жаңы курулган текстил фабрикасында иштей турган адам жок. Айлыгы 20 миң сомдон 60 миң сомго чейин деп жарыя кылынган. Мен өзүм да буга таң калып жатам. Учурда биздин министрлик тарабынан Оштун төрт районунан, Баткендин Кадамжай району менен Кызыл-Кыя шаарынан, Жалал-Абад облусунун дагы үч-төрт районунан жумушчуларды ошол текстиль фабрикасына тартууну көздөп жатабыз. Аларды айлык акыдан тышкары жатакана камсыздоо дагы каралып жатат. Жаштарыбыз өз жеринде эмгектенгенге караганда Орусияга же башка чет өлкөлөргө барып иштөөнү артык көрүшөт экен".


Базарбаев айыл чарба адистери, балыкчылар, айрыкча тигүү цехтери жумушчуларга муктаж экенин белгиледи. Анын айтуусунда мындай таңкыстык Бишкек, Ош жана Ысык-Көлдө жогору.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын 1-январына карата өлкөдө 142 миңден ашуун адам расмий түрдө жумушсуз деп катталган. Өткөн жылы жумушсуздардын саны салыштырмалуу 3,4% өскөнү айтылган.

Кудайберген Базарбаев ошол эле учурда чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстанда иштөө квотасын көбөйтүү өтүнүчү көбөйгөнүн кошумчалады.

"Быйыл чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда иштөөсү үчүн 16 600 квота бөлүнгөн. Мунун ичинен 7 миң жумуш орду ээленди. Эмгек квотасын көбүнчө чет өлкөлүк же кыргызстандык ишкерлер менен кызматташкан ишканалар суранышат. Алардын квотаны көбөйтүү өтүнүчү биздин жарандарыбыз жумуш менен толук камсыздалмайынча каралбайт. Бирок дагы кайталап айтып коеюн, Кыргызстанда жумушчу орду эмес, жумушчу күчү жетишсиз болуп жатат".

Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандын социалдык абалы тууралуу былтыр жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргызстандыктар (59%) эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту белгилешкен.


Кыргызстандын 7 миллиондон ашуун калкынын миллионго чукулу Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.

Кыргызстандан Түштүк Кореяга, Европанын айрым өлкөлөрүнө, Англияга талаа жана бакчачылык жумуштарына тартылган кыргызстандык мигранттардын саны да арбыган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG