Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:15

IT тармагына умтулгандар көп, мугалимдикти тандагандар аз


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Быйыл жогорку окуу жайга тапшырган абитуриенттер үчүн Билим берүү жана илим министрлиги гранттык орундардын санын көбөйттү. Анда педагогика адистигине басым жасалган. Ал арада мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн арасында IT тармагында билим алууга суроо-талап күч болууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 2022-2023-окуу жылына жогорку окуу жайларына абитуриенттерди каттоонун биринчи айлампасы 18-июлда башталып, 20-июлда бүттү. Соңку айлампа 15-августтан 20-августка чейин деп бекитилген. Документтер онлайн кабыл алынууда.

Абитуриенттер жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн Online сайтына каттоого турат. Кабыл алынгандардын тизмеси ушул эле сайтка жарыяланган соң алар өткөн университетке окуй турганын ырасташы керек.

Быйылкы окуу жылында 68 миңден ашуун улан-кыз мектепти бүтүрдү. Алардын арасында 17 жаштагы Алина Замирбек кызы да бар. Ал Ысык-Көлдүн Түп районундагы Сары-Тологой айылдык орто мектебин аяктаган. Ал классташтарынын теңинен көбү IT адистигине тапшырарын, өзү авиация тармагын тандаганын айтты.

Алина Замирбек кызы
Алина Замирбек кызы

“Жалпы республикалык тестирлөөгө айылдан Каракол шаарына келип даярданып жаттым. Secom окутуу борборунда бир нече классташым, башка айылдан келген бүтүрүүчүлөр болуп үч аптага чукул окудук. Алган баллыма канааттандым. ЖОЖго онлайн тапшырууга да болот деп айтылганы менен биз айылдан келе бердик. Себеби, окуу жайды көрүшүм керек деп ойлойм. Анын үстүнө мугалимдер менен да баарлашуу ашыкча болбойт. Мен авиацияны тандайын деп, ЖРТнын жыйынтыгы менен чыккан талонумду тапшырдым. Азыр али жыйынтыгы айтыла элек. Эгер кабыл алынып калсам стюардесса болом. Бирок бир орунга эле бир канча абитуриент бар экен".

“Азаттык” Бишкектеги айрым окуу жайларын кыдырып, абитуриенттердин пикирин укту. Студент болом деп тургандардын көбү жакындарынын кеңеши менен кесип тандап жатканын айтып жатты. Көбү чет тилин окуу, эл аралык мамилелер, IT адистигин тандаганын билдиришти.

"Гранттык орундардын 50% педагогикага багытына бөлүндү"

Быйылкы окуу жылында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында алты миң бюджеттик орун болот. Анын 4 663ү педагогикалык кадрларды даярдоого бөлүнөт. Гранттык орундар 27 мамлекеттик окуу жайда каралган.

Дагы 205 орун так жана техникалык илимдерди окутуучу педагогикалык багытка берилди.

Эмгек рыногунда көп талап кылынган кесиптердин тизмесин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги алдыңкы беш жылга аныктап берет. Бул жылы педагогика, техникалык кесиптер боюнча адистер жетишпей жатканы белгилүү болгон. Ошого таянып, Билим берүү министрлиги педагогикага гранттык орундар көп бөлүнгөнүн билдирди.

“Биздин министрлик өз алдынча анализ жүргүзө албайт. Бул укук Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине берилген. Алардын сунушу менен быйылкы окуу жылындагы гранттык орундардын 50% педагогикага бөлдүк. Анткени, жылына 1-сентябрда башталган жаңы окуу жылына биз 2 миңден ашуун мугалимдин жетишсиздиги менен киребиз. Быйылкы жылы IT тармагына басым жасап жаткан абитуриенттер көп”, - деди министрликтин өкүлү Айнура Асан кызы.

Буга чейин жогорку окуу жайларына кирүүгө жеңилдик алган абитуриенттер белгилүү болгон. Ага ылайык, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алгандар, майыптыгы барлар, Аксы, Апрель, Июнь окуяларында курман болгондордун, кайрылмандардын балдары акысыз окуйт. Быйыл 80 бюджеттик орун эл аралык келишимдердин негизинде бөлүнгөн.

"Педагогика багытына берилген гранттык орундар толбойт"

Билим берүү тармагы боюнча эксперт Мырза Каримовдун айтымында, педагогика багытына берилген гранттык орундардын 67% гана толот. Кийин алардын 20% кесибин өзгөртүп, башка факультеттерге которулуп же такыр эле окууну таштап салышат.

Эксперттин пикиринде, педагогиканы бүткөндөрдүн 20% гана мектепте мугалим болуп иштейт. Ошол себептен баланы кесипке багыттоону эртерээк баштоо зарыл.

"11-классты аяктаган бала 16-17 жашта гана болот дагы, көп нерсени аңдап-биле албайт. Азыркы тенденцияны карасак, эмгек рыногу абдан бат өзгөрүп, талап кылынган кесиптердин түрлөрү да көбөйдү. Ошондуктан мектепте 7-8-класста окуп жаткан баланын жөндөмүнө карап, акырын багыттай баштаган туура. Көпчүлүк учурда бүтүрүүчүнүн өз каалоосуна карабай, ата-энелер "сен юрист болосуң же экономист болосуң" деп тапшыртып коет. Жыйынтыгында бала окууну аяктап өз кесиби менен иштебейт же болбосо окуусун таштап коет. Ата-эне баланы чектебеши керек. Азыр жогорку билим алууга жулунган балдар деле аз. Мисалы, 5700-6000 орун гранттык негизде берилет дегенибиз менен анын 700 оруну толбой калат. Бул жогорку окуу жайлар үчүн чоң социалдык коңгуроо. Алар диплом эле карматып койбостон, билим сапатын оңдоп, чыныгы кесип ээсин чыгарса, мезгил талабына жараша өзгөрүп турса, алар жакшы иштеп калат. Мындай тартипте иштеген окуу жайлардын аброю көтөрүлүп, студенттер өздөрү эле тартылат".

"Замандын талабы деп окуй бергендин кажети жок"

Жогорку окуу жайлары сунуштап жаткан айрым адистиктерге эмгек рыногунда талап азайып жатканы айтылып жүрөт.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев диплом алып, иш таппай калгандардын көптүгү өлкөдөгү жогорку окуу жайларына, анын ичинде Билим берүү жана илим министрлигине да айтылган сынды күчөтөрүн белгиледи.

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

“Бир кезде туризм, экономика жана юриспруденцияны окуп, диплом алган бүтүрүүчүлөр абдан көп болгон. Ошол эле учурда алардын баары өз кесиби менен жумуш таап, иштеп кете алган жок. Азыр IT тармагы жакшы экен деп ушул адистикти тандап аткан жаштар көп экенин угуп атабыз. Бирок бул жерде да маселе бар. IT оңой иш эмес, так илимдерди чага билүү зарыл. Жөн гана замандын талабы деп окуй бергендин кажети жок. Мисалы, Билим берүү жана илим министрлиги коом кандай адистерге муктаж болуп турат деген суроонун тегерегинде анализ жүргүзүүсү керек. Болбосо шагыратып кереги жок кесип ээлерин чыгара берип, жыйынтыгында жумушсуздук күч деп отуруп калабыз. Жогорку окуу жайларын бириктирип, реформа иштери болуп жатат. Ушуну менен катар эле адистештирүү, окутуу багытын тескеп чыгыш керек. Чынында ушул адистик керекпи, бул кесипке ээ болгон адам кийин ошол диплом менен иш таап кете алабы деген суроолорго жооп табуу зарыл”.

Кыргызстанда быйыл жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку упай топтоп, "Алтын сертификат" алды. Алардын 35и Бишкек шаарынан, калганы жети облустан келген бүтүрүүчүлөр. Жыл сайын 40 миңден ашуун бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катышат.

Анын жыйынтыгына жараша аларда жогорку окуу жайларга бюджеттик окууга кирүү мүмкүнчүлүгү берилет.

"Алтын сертификат" ээлери ЖРТнын жыйынтыгына карабай гранттык жана келишимдик негизде өзү тандаган окуу жайга тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

"Кыска мөөнөттүү курстардын пайдасы көп"

Жаштардын арасында кыска мөөнөөттүү курстарды аяктап, иштеп кетүүнү көздөгөндөр да көп экен.

Айгерим Иманалиева Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медицина факультетинин 3-курсун аяктады. Ал жайкы эс алуу мезгилин текке кетирбей, косметолог-эстетист курсун окуп жатат.

Айгерим Иманалиева
Айгерим Иманалиева

"Медицина тармагында окуу оңой эмес, күнү-түнү изденип, даярданып, китеп окуп туруу керек. Сессиям аяктап, сынактардын баарын тапшырып бүткөндөн кийин курстарга барып атам. Мени көп жылдык тажрыйбасы бар косметолог-дарыгер окутуп жатат. Ботулинотерапия, плазмалифтинг, филер деген сыяктуу процедураларды жасоо үчүн ийне менен иштөөнү өздөштүрүп жатам. Колум көнгөндөн кийин бир эле процедура үчүн 2-3 миң алсам болот. Демек, бул курс мага бир топ пайда алып келет. Бул жерде маанилүү бир нерсе бар - косметолог болуп иштегендердин көбү медициналык билими жок, алар ушундай кыска мөөнөттүү курстарды бүтө калып иштей беришет. Мен болсо болочоктогу дарыгермин, ошого косметолог мага туура келет. Курбуларымдын арасында чач жасап, кирпик кошуп, тырмак жасап иштеп кеткендери көп. Айрымдары жогорку окуу жайдагы окуусун таштап салган. Алар жогорку билим сөзсүз керек дегенге көп кошула беришпейт. Замандын талабына жараша билим алып иштеп кетсең болот деген ой менде да пайда боло баштады. Азыр болсо университеттерде ылайыктуу адистиктер аз. Ошого курстарга баргандар көп".

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, ЖОЖдорго кабыл алууда беш айлампада толбой калган бош орундарга 22-23-24-август күндөрү кошумча тизмелер жарыяланат. Кыргызстандын жогорку жана орто окуу жайларына 2020-2021-окуу жылында жалпы жонунан 98 136 адам кабыл алынган.

Өлкөдө азыр 145 коллеж жана 78 жогорку окуу жайы бар. Кыргызстандык абитуриенттер Венгрия, Орусия, Казакстан жана Кытайдын ЖОЖдоруна билим берүү жана илим министрлиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде гранттык орундарга тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө да ээ.

Быйыл Орусияга 1000 бүтүрүүчү тапшырса, Казакстан гранттык орундардын санын 50гө көбөйтүп берген. Бул долбоор менен окуган студенттер окуу жайды аяктагандан кийин мекенине кайтып келип, эки жыл мамлекеттик кызматтарда иштеп бериши керек.

Кесипти жүрөктү угуп, акыл калчап танда
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:58 0:00
XS
SM
MD
LG