Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

"Айлык аз, тойлор көп...". Орусиядан кайтып келген мигранттардын баяны


Орусиядан кайтып келген Касым аттуу жигит Бишкектеги парктарды шыпырып иштеп жатат. (Иллюстрациялык сүрөт).
Орусиядан кайтып келген Касым аттуу жигит Бишкектеги парктарды шыпырып иштеп жатат. (Иллюстрациялык сүрөт).

Ушул жылдын сегиз айында Орусиядан 506 миң мигрант сыртка чыгып кеткен. Адистердин айтымында, коронавирус пандемиясы күч алган маалда да мындай чоң көрсөткүч катталган эмес. Орусиялыктар келип жаткан өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан да бар.

26 жаштагы Касым эки жылдан бери Орусияда иштечү. Ал акыркы учурда мигранттарды текшерүү күчөп, мекенине кайтууга аргасыз болгон. Ушу тапта Бишкектин чет жагынан батир ижарага алып, мэрияга караштуу "Тазалык" кызматына ишке орношконун айтып берди.

"Москванын четинде тоок этин саттыкка даярдаган фермада иштечүмүн. Акыркы учурда маянабыз кыскарып, кечиктирилип берилип жатты. Анын үстүнө мигранттарды текшерүү күчөп, бизге тиешелүү мыйзамдар кабыл алана баштаганда Кыргызстанга кайтууну чечтим. Эки жыл мурдагыга салыштырмалуу өзгөрүүлөр бар экен. Жумушсуздук көйгөйү чечиле баштагандай сезилди. Батир ижарага алып, тез эле иш таап алдым. Азыр сейил бактарды шыпырып, тазалап иштеп атам. Бул кызмат мэрияга карагандыктан мамлекеттик жумуш экен. Айлыгым 25 миң сом. Москвага караганда айлык аз болгону менен жашоомо жетет. Орусиядан мени менен кошо кайтып келгендер көп эле болду. Алар тигүү цехтеринде иштеп жатат. Негизи Орусиянын деле доору бүттү окшойт. Шарттар, айлык мурункудай болбой калды. Ошондуктан, Америкага кетүүнү эле пландап жатам. Кыргызстанда деле калгым келди, бирок акча топтоп келиш үчүн сырт жакка дагы чыгып келишим керек".

Орусиядагы "Можем объяснить" Телеграм-каналы Росстат мекемесинин маалыматтарын талдагандан кийин январдан августка чейин өлкөгө 444 миң мигрант киргенин, 506 миң мигрант чыгып кеткенин жазган. Натыйжада чыгып кеткендердин саны киргендерге караганда 62,5 миңге көп болгон.

Адистер мындай көрсөткүч мурдагы жылдары, ал тургай коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда да катталбаганын билдиришет. Маселен, мигранттардын чыгып кетиши жагынан быйыл үч өлкө биринчи орунду ээлеген. Жыл башынан бери армениялык 15,7 миң, кыргызстандык 14 миң, өзбекстандык 13,7 миң адам Орусиядан чыгып кеткен.

Маалыматка ылайык, мекенине кайткан тажик мигранттардын саны буга караганда азыраак. Ошол эле маалда Тажикстандан Орусияга келгендер да быйыл мурдагы жылдарга караганда кыскарган.


Дагы бир кыргызстандык Роза жолдошу менен Орусияда беш жыл мурда турмуш куруп, иштеп, Кыргызстанда үй салып жаткан. Ал жолдошу экөө үч ай мурда Кыргызстанга эс алганы келип, ошол бойдон калган.

Роза Орусиядагы соңку кырдаал жана мобилизация тууралуу кабар ушул чечимге түрткөнүн айтты:

"Биз кайра эле Орусияга кетебиз деп ойлогонбуз. Анткени ал кезде абал тынч эле. Андан көп өтпөй мобилизация жарыяланып, кырдаал оорлой баштады. Жарандыгыбыз кыргыз болсо да, кайра кайтпай эле коюуну чечтик. Беш жыл ичинде жолдошум экөөбүз кайда гана иштеген жокпуз. Мен наабайканада, тигүү цехтеринде, элдин үйүн жыйнап да иштедим. Болушунча акча топтойлу деп иштен качкан эмеспиз. Ар кандай жарыялардан, тааныштар аркылуу иш таап, тынбай эмгектенип жүрдүк".

Роза бир ай мурда Ош шаарындагы бейтапканалардын бирине кесиби боюнча медайым болуп ишке орношкон. Ал жолдошу экөө Кыргызстандагы айлыктын аздыгы, той-топурдун көптүгүнө көнө албай жатканын айтууда:

"Башында кантип көнөбүз деп аябай жаман болдук. Менин айлыгым 10 миң сом. Жолдошум банктардын биринде практикадан өтүп жатат. Ага 5 миң сом төлөнөт экен. Экөөбүзгө балабызды 15 миң сомдук айлык менен багууга туура келет экен. Анын үстүнө күнүгө тойго чакыруу аласың, ага да каражат керек. Бирок, мындай жашоого деле көнө баштадык. Орусияда жүргөндө Кыргызстанда жашоо оор, мүмкүн эместей туюлчу. Бирок адам баарына көнөт экен. Москвада иштегенде, үйдүн ремонтуна, кичине баскан- турганыбызга каражат топтоп келет элек".

Орусияда 1 миллиондон ашык кыргызстандык мигрант, анын ичинде бул өлкөнүн жарандыгын алган мекендештер бар. Ушундан улам ал жакта жарыяланган жарым-жартылай мобилизация талкууга айланган. Мобилизация тууралуу кабарлардан кийин Кыргызстанга кайткан мигранттардын агымы көбөйгөнү байкалган.

Өзүн Айбек деп тааныштырган дагы бир журтташыбыз мобилизациядан улам 26-сентябрда жубайы, келинчеги менен Бишкекке учуп келген. Ал 13 жылдан бери Орусияда иштеп, үй-бүлө күтүп, үй алып отурукташып калган.

Ал ушул тапта Бишкектеги базарлардын биринде соодагер болуп иштеп жатат:

"Мен Орусияда заводдо иштечүмүн. Айлык акым да жакшы эле. "Чек ара жабылат" деген ызы-чуу чыкканда чыгып кетүүгө аргасыз болдук. Бирок, Бишкекке келип иш издеп, аябай убара тарттым. Бул жакта айлык акы аз, жакшы иш тапсаң оңой менен албайт экен. Тааныш салып, издеген учурлар да болду. Акыры андан майнап чыкпай, базарга чыгып иштеп атам. Орусияда үйүм калды, сатайын десем эч ким албай жатат".


Украинада кеңири масштабдагы согуш баштагандан кийин Орусиянын өзүндө экономикалык кырдаал оорлогон жана жумуш орундары кыскара баштаган. Буга Батыш өлкөлөрү салган санкциялар да себеп болгон.

3-сентябрдан тарта Орусиянын өзүндө мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жери боюнча миграциялык каттоосун талап кылуу эрежеси күчүнө кирген.

Ага байланыштуу кыргызстандык эмгек мигранттары көпчүлүгү мындай эрежеге төп келбей турганын, үч ай сайын чек арадан кирип-чыгып каттоосун жаңылабаса, миграциялык мыйзамды бузганы үчүн жумушунан айрылып, депортация болорун айтып даттанышкан.

Парламентте кыргыз мигранттарынын абалын жеңилдетүү үчүн Мамлекеттик Думага кайрылуу демилгеси да көтөрүлгөн. ТИМ бул жаатта сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

2021-жылы Кыргызстандын өзүндө 76 миң адам расмий жумушсуз катары катталганы, жумушсуздуктун айынан 1,5 миллиондой кыргызстандык чет жактарда эмгек миграциясында жүргөнү кабарланган.

Кыргыз өкмөтү быйыл жумушсуздук көйгөйүн чечүү максатында бир катар өлкөлөр менен мигранттарды ишке жиберүү тууралуу келишимдерге кол койгонун билдирди.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG