Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Кадыровду сындаган активист Кыргызстанда кармалып, эки айга камалды


Мансур Мовлаев сот залында. 21-август, 2023-жыл
Мансур Мовлаев сот залында. 21-август, 2023-жыл

Кыргызстанда кармалган чеченстандык активист Мансур Мовлаев 21-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына камалды. Эл аралык издөөдө жүргөн активист Ысык-Көлдө кармалганын атайын кызмат билдирген. Ал "шектүү радикалдуу идеологияны карманат" жана "орус жарандыгы бар жасалма паспорт менен Кыргызстанга кирген" деп айыпталууда. Укук коргоочулар Мовлаев Орусияда кыйноого кабылганын айтып жатышат.

УКМКнын айыбы, адвокаттын билдирүүсү

Атайын кызмат 21-августта тараткан маалыматка ылайык, чеченстандык активист Мансур Мовлаев "террордук уюмдарга бөгөт коюу ишинин алкагында" Ысык-Көл облусунун аймагында колго түшүрүлгөн.

"Мансур Мовлаев Сириядагы эл аралык террордук уюмду каржылоо максатында анын эмиссарларынын көрсөтмөсү боюнча Кыргызстандагы колунда бар адамдарды карактоо ниетин көздөп, мурда соттолгон жарандарды тарбиялоо үчүн келгени аныкталды. Такталгандай, жогоруда кармалган жаран 2023-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, 1993-жылы 21-декабрда туулган С.И.В. аттуу жарандын атына Орусиянын жаранынын жасалма паспортун колдонуп, Кыргызстандын аймагында жүргөн", - деп билдирди атайын кызмат.

Деген менен Мансур Мовлаевдин адвокаты Илгиз Насиров ага чек арадан мыйзамсыз өтүү беренеси менен гана айып тагылганын айтып жатат:

"Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесине ылайык иш козголгон. Бул мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү дегенди билдирет. Менин билишимче, февраль айында өткөн болчу. Анан бир нече ай Кыргызстандын аймагында жүргөн. Бир-эки күн болду кармалганына. Кечээ тергөө башталды", - деди Илгиз Насиров.

Мансур Мовлаев менен Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери абактан жолугуп чыкканын бул мекеменин жетекчиси Бакыт Рысбеков 21-августта “Азаттыкка” билдирди.

Бакыт Рысбаев
Бакыт Рысбаев

"Кыйноо, ур-токмок боюнча арыз даттануулар түшкөн жок. Юридикалык кызмат көрсөтүү боюнча адвокат берилген экен. Анан сырткы көрүнүшүн карап чыкканда, эки колунда көгөрүп калган тактар бар экени байкалды. Бир тизесинин териси сыйрылып калыптыр. Анын баары кармоо учурунда болду дейт. Убактылуу кармоочу жайга киргизип жатканда медициналык картага анын баары жазылыптыр. Бул жактан эч кандай ур-токмок, кыйноого алган жок деп билдирди. Азыр коопсуздугуна байланыштуу өтүнүчү бар. Эгер экстрадиция болсо, барган жеринен сөзсүз кыйноого кабыларын айтып жатат".

Автивисттин коопсуздугу тууралуу билдирүү "1адат активист" аттуу Ютубдагы каналга 20-августта да жүктөлгөн. Мовлаевдин аудио билдирүүсү деген видеодо ал тааныш активисттерине кайрылып, жардам сураган:

"Бул мен, Мансурмун. Мени кармашты, адвокат жанымда. Көрсөтмө бердим. Адвокатым сени менен байланышат. Баарына кабар беришибиз керек. Азыр абал кандай экенин жакшы билесиң. Мени күч менен депортация кылганга аракет болот. Ал ишке ашса, эмне болорун дагы билесиң. Азыр бир гана резонанс кылуу керек. Убакыт өтө тар, адвокат сени менен байланышат", - дейт видеодо Мансур Мовлаев.

"Чечен активистин экстрадициялабоо керек"

28 жаштагы активисттин Кыргызстанда кармалышы боюнча алгач укук коргоочу Төлөкан Исмаилова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыгып, Мовлаевди Орусиядагы кыйноолордун курмандыгы деп атаган.

Төлөйкан Исмаилова
Төлөйкан Исмаилова

"Мансур - белгилүү жаш активист. Анын энеси Зарима дагы куугунтукка алынган жана түрмөдө отурат. Бул адам согуш башталгандан баштап Орусияда, Чеченстанда адамдар кандайча дайынсыз жоголуп согушка кетип атканын айтып, тынчтыкка жана акыйкаттыкка чакырган активист. Анан биз тактап билсек, Кыргызстанда башпаанек алууга аракет кылып, башка өлкөгө караганда акыйкаттыгы бар деген ойдо экен. Экстрадициялабоо керек, мыйзамдар бар. Эгерде ал өлкөдө өлүм жазасы бар болсо, кыйноолор бар болсо жана адилет сот жок десе, экстрадиция кылбаш керек. Орусияда, бөтөнчө Чеченстанда азыр кандай болуп жатканын билесиздер. Бизде ратификация болгон бир топ мыйзамдар бар. Ошонун ичинде качкындарга жана башпаанек издеген адамдарга ар бир мамлекеттин өкмөтү жардам берип, экстрадиция болбошу керек", - дейт Төлөкан Исмаилова.

Мансур Мовлаев деген ким?

VC.RU сайтындагы маалымат боюнча, 28 жаштагы Мовлаев - таэквондо боюнча Чеченстандын чемпиону, спорт чебери. Ал Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун негизги сынчыларынын бири экени айтылган. Мовлаев 2020-жылы токулган иш боюнча үч жылга соттолуп, 2022-жылы эркиндикке чыккан. Бирок кайра кармалып, Шалин райондук ички иштер бөлүмүнөн качып чыккан.

Чеченстандын "Кавказ.реалии" сайты жергиликтүү активисттерге шилтеме кылып жазганына караганда, Старые Атагы айылында жашаган Мовлаевдин бардык туугандарын кадыровчулар уурдап кеткен. Алар учурда Шалин райондук ички иштер бөлүмүндө кармалып турат. Бирок бул маалымат расмий такталган эмес.

Буга чейин Кыргызстан Украинанын жараны Владимир Кадарияны Беларуска өткөрүп берген.

37 жаштагы Владимир Кадария Украинага барганда башпаанек алып, Андрей Ковалев деген ат менен жарандык алганы, Беларуста оппозициялык материалдарды жарыялаган интернет ресурстун администратору болгондуктан куугунтукка кабылганы, Украинага качып барып, 2017-жылы ошол өлкөнүн жарандыгын жана жаңы ысым алганы айтылган.

Кыргызстанга Кадария былтыр августта келген. Сентябрда Беларустун өтүнүчү менен тергөө абагына камакка алынгандан кийин ал Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине качкын макамын сурап кайрылган жана 9-декабрда ошондой күбөлүк алган. Ал эми 12-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын арызынын негизинде аны экстрадициялоо чечимин чыгарган.

XS
SM
MD
LG