Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Бакиевдин бийлигинде Максимдин ролу кандай болгон?


Максим Бакиев (коллаж)
Максим Бакиев (коллаж)

Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаган Апрель ыңкылабына 15 жыл толду. Элдик толкундоого анын жакындарынын мамлекеттик башкарууга аралашканы себептердин бири болгону айтылып келет. 2010-жылдан соң Беларустан баш калка тапкан мурдагы президенттин кенже уулу Максимдин ролу өзгөчө талкууга түшкөн.

Максим Бакиев атасынын бийлиги маалында бизнестерди тартып алууга жана ири долбоорлорду калкалоого аралашканы, киши өлтүрүүлөргө жана коркутууларга да байланышы бар экени айтылып жүрөт. Соңунда чоң кызматка дайындалып, мамлекеттик башкарууда эң таасирдүү адамга айланган.

Бул жана башка аракеттер Курманбек Бакиевдин бийликтен кетишине алып келген. Апрель окуясынан кийин алар өлкөдөн чыгып кетишкен жана аларга сыртынан өкүм чыккан.

“Азаттык” радиосу бул ирет “Максим Бакиев ким болгон?” деген суроого жооп издеди. Окуяларды хронологиялык тартипте тизмектеп, соңунда ал кандай таасирге ээ болгонун жана анын аракеттери кандай жыйынтыктарга алып келгенин баяндайбыз.

Атасы толук кирише электе иш баштаган Максим

2002-жылдагы кандуу Аксы окуясынан кийин премьер-министрликтен кеткен Курманбек Бакиев 2005-жылдагы төңкөрүштүн толкуну менен кайрадан өкмөт башчы болуп, президенттин милдетин аткарып калат. Жеңиш күнүнө арналган парадга катышуу үчүн Бакиев май айында Москвага барып, анын алкагында Орусиядагы эң бай адамдардын бири Олег Дерипаска менен кездешет. Ага чейин коомчулукка анча белгисиз Максим Бакиевдин ысымы так ошол маалда алгач ирет саясий сахнага чыгат.

Миллиардер Дерипаска негиздеген “РусАл” компаниясы Кыргызстандын стратегиялык долбоору – “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга Акаевдин тушунда эле кызыкдарлыгын билдирип келген.Бакиевдин тушунда болсо долбоорду анын кенже уулу көзөмөлдөй турганы белгилүү болот.

2005-2007-жылдардагы тышкы иштер министри, Бакиевди Москвага коштоп барган Аликбек Жекшенкулов ошол күндү мындайча эскерди:

Аликбек Жекшенкулов
Аликбек Жекшенкулов

“Түшүнүктүү болушу үчүн башынан айта кетейин. Демек, Бакиев расмий сапар менен Москвада болду. Орусиянын жетекчилиги менен келишип, орусиялык ишкерлер “Камбар-Ата-1” ГЭСин курмак болду. Кошумча алюминий заводун кура турган болушту. Миллиардер Дерипаска Бакиев менен таңкы тамакта жолугушканы келди. Ортодо Бакиев, сол жакта мен, оң жакта элчи Жумагулов. Бизнесмендер тактыкты жакшы көрөт эмеспи, анан Дерипаска Бакиевден “Мен ким менен иштейм?” деп сурады. Бакиев “Максим менен” деди. Мен ал кезде Максимди такыр билбейт элем, элестетсеңиз, бул али 2005-жыл. Дерипаска көзүн чоңойтуп, кайрадан “Ким менен иштеш керек?” деп такып сурады. Бакиев “Максим менен” деп кайталады. […] Дерипаска аны тааныбаса керек, билсе, “түшүнүктүү” демек. Кылдат сүйлөшүү жүрүп жаткан жерде жөн эле унчукпай койду го. Чыгып эле элчиден “Максим деген ким?” десем, элчи “билбейсиңби, ал анын уулу” деди. Мен чындап билчү эмес экем. Элчи “ал кенже уулу” деп тактады”, – деген Жекшенкулов “Азаттыктын” “Бийлик сырлары” программасында.

Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү. 2009-жылкы сүрөт.
Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрү. 2009-жылкы сүрөт.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча кийинки сүйлөшүүлөрдө долбоордун наркы 2,5 млрд доллар деп айтылган. Бул Кыргызстандын ошол кездеги жылдык бюджетинен чоң сумма болчу. Демек, аны көзөмөлдөө кыргыз экономикасынын бир рычагын көзөмөлдөө дегенди түшүндүрчү.

Кайрадан Аликбек Жекшенкуловдун эскерүүсүнө орун берели:

"Элестетсеңиз. Кыргызстанга 2,5 млрд долларлык инвестиция келмек. Бул абдан чоң сумма. Ишке кирсе чоң жылыш болмок. Тилекке каршы, болбой калды. […] Кийин Дерипаска келди, алар Максим менен келише албады. Жең ичинен акча чыгаруу жана башка кандайдыр себептер болду".

Журналист: Максимдин алкымы өтө чоң болгон окшойт?

"Ошондой десе да болот. Соңунда Дерипаска кетип калды, долбоор ошол бойдон калды”.

“БиМоКом”, же “МегаКом” иши

Кийин ачыкка чыккан маалыматтарга ылайык, бул арада Максим Бакиев өлкөдө чоң кирешелүү бизнестерди тартып ала баштаган.

Мисалы, уюлдук операторлордун бири “БиМоКом”, же кийин “МегаКом” – ““Мега” деп өзгөргөн ишкана. Ал кезинде биринчи президенттин уулу Айдар Акаевге жакын адамдарга карап турган. Март окуясынан соң ишкана текшерилип, лицензиясы токтотулган.

“МегаКомго” ээлик кылган оффшордук Eventis Telecom жана анын туунду Penwell Business Limited компания жаңы президенттин уулу Максим Бакиев менен келишип, ишти улантуу үчүн 49% акциясын анын жардамчысы ээлик кылган Forntek Enterprises Limited компаниясына берет.

“МегаКом” 2006-жылы ишин жандантат. Көп өтпөй компания толугу менен Максим Бакиевдин кишилерине өтөт. Eventis Telecom кийинки жасаган билдирүүлөрүндө, Максим Бакиев рейдерликти Алексей Елисеев жана Евгений Гуревич аттуу жакындары менен жүргүзгөнүн жарыялаган.

Бакиевдин тушундагы оппозициялык ишмер, 2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров бул окуянын баянын "Азаттыкка" айтып берди:

Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

“Өзү “МегаКомдун” түбү “БиМоКом” Аскар Акаевдин убагында ачылган. Ал Саркишев дегендин наамында турган. Ал эми Саркишев Айдар Акаевдин бөлөсү болгон, алардын апалары бир тууган. Бирок 2005-жылкы төңкөрүштөн кийин Саркишев чет өлкөгө качып кетип, иштете албай калышат. Ошол жактан сатат. Аны питерликтер алат, башкалар алат, алар сатып алып, бул жактан иштетип баштайбыз деп ойлошот. Бул жерде жаңы бийлик... Мындай иштердин баарын Максим чечип жаткан. Алар сунуштаганда Максим менен Елисеев экөө макул болушат. Макулдук лицензия берген соң, дароо иштеп баштаганда эле жасалма түрдө аны банкрот деп жарыялап туруп, дароо Елисеевге жаздырып, толук алып коюшат. Башкача айтканда, бул чыныгы рейдерлик болуп калган”.

“Бител”, "Бешинчи канал", Кант заводу, "Элкат"

Ошентип, Курманбек Бакиев президенттик 2005-жылы июль айында президенттикке шайланып, августта ант берип, расмий ишке киришет. Бирок көп узабай эле оппозиция анын бир туугандары жана балдары мамлекеттик башкарууга кийлигишүүгө айыптай баштайт. 2006-жылы оппозиция президенттин саясатын кескин сынга алып, митингдерди өткөрөт.

Акцияларда саясатчылар президент Бакиевди жана анын жакындарын бийликти узурпациялоого жана мүлктөрдү тартып алууга айыпташат. Оппозиционерлер анын ичинде Максим Бакиев “Бител” уюлдук компаниясын, “КООРТ” же кайрадан өзгөргөн “Бешинчи канал” телеканалын, Кант цемент-шыйпыр заводун жана Бишкек шампаншарапкомбинатын “жакын адамдары аркылуу өзүнө өткөрүп алды” деп күнөөлөшкөн.

Президенттин уулу Максим Бакиев ошол маалда бул айыптоолорду четке кагып турат.

Максим Бакиев
Максим Бакиев

“Эгер “Бител” же Канттагы цемент заводу тууралуу айта турган болсом, бул ишканалар өтө пайдалуу жана жогорку кирешелүү компаниялар. Бизнесмен катары мен алар мага таандык болсо деп каалайт элем. Бирок жашоодо каалоо менен мүмкүнчүлүктөр бири-бирине дал келбейт экен. Бул учурда да ошондой болду. Мына дагы бир мен эң акыркылардан болуп уккан ушак сөз. […] Көрсө мен Бешинчи каналды акционерлештирүүнүн артында тургандардын бири экем. Бирок мен маалымат каражатка мынча акча салууну максатсыз деп эсептейм. Телеберүү Кыргызстанда өзүн-өзү актабайт. Ошондуктан мен үчүн бул тармак кызыксыз”, - деген 2007-жылдын 16-февралында Максим Бакиев “Агым” гезитине берген комментарийинде.

Деген менен мурдагы президенттин уулу мындан башка да компанияларды рейдерлик кылып тартып алууга аралашканы тууралуу жаңы маалыматтар улам-улам чыгып келди. Анын айрымдары 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн тушунда белгилүү болуп, айрымдары улутташтырылган же ээлерине кайтарылып берилген.

Кээлери боюнча маалыматтар эми гана ачыкка чыгып олтурат. Айталы, президент Садыр Жапаровдун администрациясы кезинде Максим Бакиев тартып алган “ЭлКат” компаниясы 18 жылдан кийин мамлекетке кайтарылганын жарыялады.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 2025-жылдын 20-март күнү Фейсбукта буларды жазды:

Дайыр Орунбеков
Дайыр Орунбеков

“2025-жылдын 20-март күнү Максим Бакиев жана анын досторуна тиешелүү болгон “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коому (6 миллиард сомдук) 100% мамлекетке кайтарылып, кайрадан Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлдү. Бул компания 2007-жылы мурдагы Президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери Кенжебаев Зикирали, Шмелев Сергей, Левинец Константиндер жана Дудин Михаил тарабынан Максим Бакиев менен сүйлөшүлүп, мыйзамсыз сот чечимдери аркылуу Президенттин иш башкармалыгы “ЭлКаттын” негиздөөчүлөрүнүн катарынан чыгарылылып, жогорудагы Максим Бакиевдин адамдарынын колуна өтүп кеткен. Ошондон тартып, 65-70 миллион долларлык (6 миллиард сом) активи бар “ЭлКат” компаниясы мамлекеттин эмес, Максим Бакиевдин көзөмөлүндө иштеп келген”.

Банктар парады

Президент Курманбек Бакиевдин тушунда анын уулу Максим Бакиевдин өнөктөштөрү мындан сырткары “АзияУниверсалБанкын”, “Манас Банкын”, “КыргызКредитБанкын”, “АманБанкын”, “Ысык-Көл инвестициялык банкын”, “Бакай Банкын”, “ДосКредоБанкын” жана “БТА” банкынын Кыргызстандагы филиалын көзөмөлдөп калганы маалым. Аларда акциясы бар адамдарга түз да, кыйыр да опузалар болуп турган.

Алексей Елисеев
Алексей Елисеев

Бул иштерди Максим Бакиев Алексей Елисеев жана Евгений Гуревичтен сырткары Михаил Надел, Валерий Белоконь сыяктуу өнөктөштөрү менен ишке ашырган.

“Дордой” ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков "Бийлик сырлары" программасында ал күндөрдү мындайча эстеди:

Аскар Салымбеков
Аскар Салымбеков

“Максим менен кандай болду? Чынын айтканда Курманбек Салиевич киришчү эмес. Банк системасы, ишкерлик чөйрө, айтор, бардыгына Максим аябай эле киришчү. Мына мисалы “Кыргызстан” банкында биздин үлүшүбүз бар эле. “ДосКредоБанкта” үлүшүбүз бар болчу. Ошол үлүштөрдү кыйнап эле, ит бекер саттырганга мажбур кылышты. Азыр мен аны ачык эле айта алам. Анткени, ошондой кырдаал болгон”.

Кызыгы финансы тармагында да биринчи президенттин уулу тартып алууга аракет кылган банктарга кийин экинчи президенттин уулу көз артып турган. Анын ичинде кийин “АзияУниверсалБанкка” өтүп кеткен “КыргызПромСтройБанкы” да бар эле. Банктын акционерлеринин бири экс-министр, ошол маалдагы депутат Муратбек Мукашев болчу жана ал дагы тиешелүү үлүшүн тарттырып жиберген экен.

Мына ушундай окуялардан улам “Айран жокто максым бар” элдик сөзү “Айдар жокто Максим бар” деген учкул сөзгө айланат.

Экс-министр, экс-депутат, “КыргызПромСтройБанкынын” мурдагы акционери Муратбек Мукашев 2018-жылы "Азаттыктын" "Бийлик сырлары" программасында мындай маалыматтар менен бөлүшкөн:

Журналист: Сиздин башка интервьюларыңызда жүрөт, Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрү “ПромСтройБанкты” алууга аракет кылып, көз артты деп айтыпсыз. Бул кандай болгон эле?

Муратбек Мукашев
Муратбек Мукашев

Мукашев: “Туура. Ал мындай болду. Бул банк ордунда эле турган, жакшы жолго коюлган банк болчу. Таза банк эле. Маркум болуп кеткен баласы, асылып туруп алды. Күч менен тартып алабыз деп, акцияларды коркутуп, үркүтүп тартып алды. […]

Журналист: Демек, акцияларды алууга аракет кылышканбы?

Мукашев: Алган. 39% акциясын тартып алышкан. Бирок көзөмөл пакетин ала алышкан жок.

Журнаист: Акаев кетти, андан кийин Бакиев келди. Анда Бакиевдин баласы да “ПромСтройБанкка” көзүн салып, акыры алдыбы? Ал кандайча алды? Күчүңүз жетпей калдыбы?

Мукашев: Максим мурда Айдардын командасында болчу. Анан Айдар кылган иштердин баарын ал кыла баштады. Булар Надел дегенди, Гуревич дегенди тапты. Анан шылтоо менен, Улуттук банктын жетекчилиги жана Соцфонддун жетекчилиги аркылуу жалаа жаап туруп, биздин банкты алып койду.

Акча адалдаган система

Максим Бакиевге жана ага жакын адамдарга өткөн банктар аркылуу алар өздөрү өөнөгөн каражаттарды жана башка бирөөлөрдүн акчалары адалданып, офшордук эсептерге чыгарылып турганы белгилүү. Бул кийин Убактылуу өкмөттүн жана андан кийинки бийликтердин тушундагы иликтөөлөрдө жана соттук териштирүүлөрдө маалымдалган.

Мисалы, Убактылуу өкмөт бир эле “АзияУниверсалБанк” аркылуу Кыргызстандан 3 млрд сомдой каражатты чыгарып кеткенин билдирген. Кийин андан башка да суммалар айтылган.

2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев:

Эмилбек Каптагаев
Эмилбек Каптагаев

“2010-жылы эл аралык иликтөөчүлөр тобу Кыргызстандын бийлигине документтерди алып келип өткөрүп беришкен. Анда Максимдин тобу бир эле “АзияУниверсалБанкы” аркылуу офшордук зоналарга 1 млрд долларга жакын сумманы чыгарып кеткени айтылган. Алар “мобу-мобу фирмаларга которулган” деген конкреттүү даректери менен кошо жазылган болчу. Ал акча которгонунун механизмдери кошо көрсөтүлгөн. Кыргызстандан чыккан акча 30-40 фирмаларга которулуп, алар кайра 2-3 фирмага чогулуп турган”.

Тиешелүү банктар аркылуу Кыргызстандан чет жакка ири суммадагы каражаттар чыгарылып кеткенин кийин Максим Бакиев менен эки айрылыш жолго түшкөн анын өнөктөштөрү да ырасташкан.

Максим Бакиевдин мурдагы өнөктөшү жана Бакиевдердин финансылык кеңешчиси Евгений Гуревич 2018-жылы "Азаттыкка" берген маегинде суроолорго төмөнкүдөй жооп берген.

“Азаттык”: Сиз Кыргызстандан акча чыгарылып кеткени талашсыз дедиңиз. Сиздин баамыңызда, болжол менен болсо да, Максим Бакиев тарабынан, же анын кишилери, же Бакиевдер кланы тарабынан канча каражат чыгарылган?

Евгений Гуревич
Евгений Гуревич

Евгений Гуревич: 200-300 миллион (доллар).

“Азаттык”: Сизде мунун болжолдуу далилдери бар да?

Евгений Гуревич: Менде так далилдер бар.

“Азаттык”: Эки жыл мурда “Блумбергде” сиз жөнүндө материал жарыяланган эле. Анда сиз Бакиевдин коррупциялык схемалары тууралуу айткансыз. Өкмөттүк долбоорлордон баштап накталай акча менен берилген пара, мүшөктөргө салынган акчалар жөнүндө сөз болгон. Албетте, Бакиев мындай айыптоолорду негизсиз деп эсептеп келет. Бирок Бакиевдердин убагындагы коррупциялык схемалардын масштабы тууралуу айтып бере аласызбы?

Евгений Гуревич: Коррупциянын масштабы абдан чоң болгон. Эч нерсе менен салыштыра албайм. Себеби бул менин “бизнестин” мындай түрүн көргөн алгачкы тажрыйбам болду. Акыркы жолкусу болду деп үмүттөнөм. Бакиевдин ач көздүгү алардын жакшы идеяларын да бүт жууп кетти. Аларда жакшы идеялар, жок эле дегенде рационалдуу идеялар бар эле.

Бирок ар бир бизнеске аралашуу аракети болду. Алар, тагыраак айтканда Максим Бакиев, (баарынын ичинен аны жана анын ишин жакшы билем), банк тармагынан баштап, телекоммуникация, күйүүчү май, супермаркеттерге чейинки кандайдыр бир киреше алып келген бизнестерге кийлигишип, кол салууга аракет кылды".

“Манас” эл аралык аэропортунун аймагында 2001-2009-жылдары АКШнын “Ганси” аскердик авиабазасы иштегенин көпчүлүк жакшы билет. Президент Аскар Акаевдин тушунда ачылган база президент Курманбек Бакиевдин тушунда май ташуучу транзиттик борбор болуп өзгөрүп, Алмазбек Атамбаевдин тушунда жабылган.

Кызыгы, базадагы учактарга авиакеросин жеткирүүнү Акаевдин тушунда анын уулуна жакын компаниялар аткарса, Бакиевдин тушунда майды анын уулуна байланышы бар “Mina” жана “Red Star” компаниялары ташып берип турган. Кийин аларга кылмыш иштери козголгону белгилүү.

“Кийин эмне болгонун билбейм. Максим Бакиевдин “Mina” жана “Red Star” ишканаларында (май ташуу үчүн АКШ менен келишим түзгөн компаниялар - ред.) түздөн-түз жашыруун үлүшү болгонун так билем”, - деген Евгений Гуревич "Азаттыкка".

Максимден опуза көргөн Кабилова

Баса, бул ортолукта, тагыраагы 2008-жылы сентябрь айында Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясын төрайымы Клара Кабилова өзүнүн керт башына коркунуч туулганын айтып, Орусияга качып кеткенин жарыялаган.

Кабилова андан бир жыл мурун Курманбек Бакиевдин ыйгарым укуктарын кеңейткен Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду, бийликчил “Ак жол” партиясы көпчүлүк добуш менен утуп чыккан жана “Ата Мекен”, “Ак Шумкар”, “Ар-Намыс” партиялары утулуп калган парламенттик шайлоону өткөрүүнүн башында турган. Ал ошол жылы жергиликтүү кеңештерди шайлоого камданып жаткан.

Кабилова өз кайрылуусунда президенттин администрациясынын башчысы Медет Садыркулов менен иштеше албай калганын белгилеп, мамлекет башчынын уулу Максим Бакиевден опуза көргөнүн билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2007-2008-жылдагы төрайымы Клара Кабилова өзүнүн видео кайрылуусунда мындай деген:

Клара Кабилова
Клара Кабилова

“Мен Кабилова Клара Саматовна, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы, расмий түрдө жарыялайм: жергиликтүү кеңештерди шайлоонун алдындагы үгүт өнөктүгү маалында Кыргызстандын президентинин уулу Максим Бакиев тараптан болуп көрбөгөндөй басымга жана оозго алгыс сөздөр менен кемсинтүүгө кабылдым. Бул БШКнын шаардык кеңешке шайлоодо талапкер Кадырбековдун укуктарын камсыздоо ишине байланыштуу отурумунан кийин болду. Эгер Максим Бакиев мени коркуткусу келсе анда ал максатына жетти, эгер кемсинткиси келсе анда анысы да аткарылды. Куралдуу сакчылары менен, атасынын кызмат абалын пайдалануу менен, менден жаш, эркек болуп туруп, аял кишини, болгондо да жашы жете элек балдары бар, майып ата-энеси бар, болгондо да Рамазан айында опуза кылды”, - деген Кабилова 2008-жылдын сентябрында Орусиянын аймагынан жасаган видео кайрылуусунда.

Бийлик өкүлдөрү жана президенттин уулу Максим Бакиев бул айыптоолорду четке кагып чыгышкан. Клара Кабилова кийин көрсөтмөсүн өзгөртүп, “аны коркуткан адамды Максим Бакиевдин үнүнө окшоштуруп алганын” айткан. Оппозиция болсо Кабилованын билдирүүсүнүн өзгөртүшүн бийликтин басымы менен түшүндүргөн.

Клара Кабилова көп жыл чет жакта жүрүп, кийин Гүлнара-Клара Самат деп атын өзгөртүп, кыргыз саясатына кайтып келген.

Буйрутма киши өлтүрүүлөр

Кабилова айыптаган Бакиевдин администрациясынын башчысы Медетбек Садыркулов кызматтан кеткен соң – 2009-жылы анын сөөг бир нече киши менен чогуу автоунаада өрттөлгөн абалда табылган. Алгачкы иликтөөлөрдө алар жол кырсыгынан өлгөнү айтылып, кийинки иликтөөлөрдө киши колдуу болгону аныкталган.

Бул кылмыш ишинде ошол кездеги президенттин иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиев бул иштин уюштуруучусу жана катышуучусу катары көрсөтүлгөн.

Жаныш Бакиев, Курманбек Бакиев жана Максим Бакиев. Коллаж.
Жаныш Бакиев, Курманбек Бакиев жана Максим Бакиев. Коллаж.

Жаныш Бакиев бул кызматка 2008-жылдын июнунда бекип, өлкөдөгү коопсуздук тармагы менен укук коргоо органдарын толук башкарып калган эле.

Курманбек Бакиевдин бийлиги маалында Садыркуловдон сырткары Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев, Тынычбек Акматбаев, Руслан Шаботоев, Санжарбек Кадыралиев да өлтүрүлгөн. Алишер Саипов, Алмаз Ташиев, Геннадий Павлюк, Юрий Александров сыяктуу журналисттер киши колдуу болгон. Ошондой эле каскадер Үсөн Кудайбергенов, ишкер Абдалим Жунусов, белгилүү спортчу Раатбек Санатбаев жана “кылмыш дүйнөсүнүн таасирдүү өкүлү” деп эсептелген Рысбек Акматбаев да өлтүрүлгөн.

Кийин мамлекеттик комиссиянын корутундусунда айтылгандай, Бакиевдин бийлиги тушунда 30 буйрутма киши өлтүрүү болгон. Оппозиция бул окуялардын баарын бийликти сактап калууда бири-бирине байланышкан аракеттер катары сыпатташкан.

Бакиевдин тушундагы оппозициялык ишмер, 2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев ошол маалдагы окуяларды мындайча эстеди:

Кеңешбек Дүйшөбаев
Кеңешбек Дүйшөбаев

“Жыландын чаары сыртында, адамдын чаары ичинде деп айтып коюшат го. Бакиев кызматка келген соң бара-бара бийлигин чыңдап, башкаруу рычагдарын колго алып, адегенде өзүнүн үзөңгүлөштөрүн кызматка тартып, жакындарын алып келип, бийлигин толук түптөп алгандан кийин өзүн кызматка алып келген үзөңгүлөштөрүнүн баарын биринин артынан бирин чаап, жок кылып, четтете баштаган. Кээлерин жөн эле кызматтан алса, айрымдарын өлтүрүп, өрттөп, атып, кабаттуу үйлөрдөн ыргытканга чейин барышты. Алар мына ушундай ыкмалар менен бийлигин түптөдү. Бир туугандарын, балдарын тегерегине топтоду. Эч кимге жашыруун эмес, анын жакындары бийлик бутактарын, аймактарды, министрлик-мекемелерди бүт бир туугандары жана балдары бөлүп алышкан. “Кимди кызматка коёбуз”, “кандай чечим кабыл алабыз” дегенди алар өз ара дасторкон үстүндө чечишип калышкан. Баарын ырааттуу башкаруу жүргүзүп калышкан. Ошонун ичинде эккономика тармагын Максим Бакиев башкарып калган”.

MGN group колго алган мамлекеттик компаниялар

Ал ортодо президенттин уулу Максим Бакиев жана анын өнөктөштөрү Евгений Гуревич менен Михаил Надел чогуу MGN group аттуу компания негиздешет жана алардын аракеттери дагы да масштаб алат. Кезинде бул компаниянын аталышы алардын аты-фамилияларынан алынган абрревиатура болгону болжолдонгон.

Алексей Ширшов (сол четте) жана Максим Бакиев (ортодо).
Алексей Ширшов (сол четте) жана Максим Бакиев (ортодо).

Бул аралыкта аталган командага Алексей Елисеевден сырткары Алексей Ширшов кошулат.

Демек, мына ошол MGN group 2009-жылы тендерден утуп чыгып, Кыргызстандын Өнүктүрүү фондунун жана Социалдык фондунун активдерин башкарып калат. Өнүктүрүү фондуна болсо ошол маалда Орусиядан 300 млн доллар карыз келген болчу жана анын да бир бөлүгүн алар өз алдынчай тейлеп калышат.

Бакиевдин тушундагы оппозициялык ишмер, 2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров буларга токтолду:

“2008-2009-жылы Курманбек Бакиев мамлекеттик бийликти башкарбай калган. Экономикалык блокту Максим өзүнүн өнөктөштөрү – Гуревич, Надел, Белоконь аттуу эл аралык шылуундар менен чогуу башкарып калган. Ошондой эле Елисеев менен Ширшов кыргызстандык да өнөктөштөрү бар эле. Мына ошолор MGN group менен башкарып калган. Каржы, банкты Гуревич жана Надел аркылуу тескеп турган. Надел кошумча кен-байлыктарды да карап калган. Кыргызстандын Социалдык фонду менен Өнүктүрүү фонду да ошолордун колунда болуп калган. Алар мамлекеттик бюджеттин акчасын, анын ичинде Соцфонддун акчасын “АзияУниверсалБанкка” которушат. Ал эми ал банктын акциясы кайра эле Максим менен Наделдин колунда болот. Бүтүндөй Кыргызстандын акча каражаты ошол АУБ банкында айланып калган. Мен андан да катуураак айтайын, дүйнө жүзү боюнча мыйзамсыз акчаны адалдаштырууда жүгүртүлгөн акчанын 15% так ушул АУБда айлантылып калган. “АзияУниверсалБанктын” алдында “МанасБанк”, “КыргызКредитБанк”, “БакайБанк” жана башкалар иштеп турган”.

Ошол эле 2009-жылы “Манас” эл аралык аэропортун, “Түндүкэлектр”, “Кыргызтелеком”, “Кыргызгаз” жана башка мамлекеттик 13 ишкананы менчиктештирүү аракети башталып, аны жеке колго сатууга MGN group холдинги кеңеш берүүчү болуп бекилет.

"Манастагы" америкалык аба базада 2009-жылы тартылган сүрөт.
"Манастагы" америкалык аба базада 2009-жылы тартылган сүрөт.

Кенже Бакиев баштаган топ алардын көбүнүн акцияларын сатып, менчик колго чыгарууга жетишкен. Электрдин тарифи көтөрүлүп, ар бир телефон чалуу үчүн 60 тыйындык төлөм киргизилет. Мунун баары кыргыз коомчулугунда чоң чуу жараткан.

“Мамлекеттик “Түндүкэлектр” ишканасын Ширшов 3 млн долларга сатып алган. Болгондо да электр энергиясынын баасын 4 сомго көтөрүп туруп, анан киреше табам деп туруп алып жатат. Артынан эле Ысык-Көлдөгү “Чыгышэлектр” ишканасын алганы калган. “Кыргызгазды”, “Кыргызтелекомду” жана башка ишканаларды да ала баштаган. “Манас аэропортун” толук “АаламСервиске” отургузуп, Максим өзү көзөмөлдөп турган. Ал аэропортту болсо эмне үчүн алган? Анткени, ал жерде АКШнын аскердик базасы бар эле. Алар миңдеген тонна авиакеросин жагат эле. Ал күйүүчү майларды болсо так ошол Максим Бакиев айткан жеткирүүчү компаниялар гана ташып турчу. Бул жерде шумдук акча болгон”, - деди Азимбек Бекназаров.

Максим башкарган агенттик – ЦАРИИ

2009-жылдын июль айында мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев кайрадан шайланып, экинчи мөөнөткө бийлигин узарткан.

Октябрда болсо өкмөттүн түзүмү өзгөртүлүп, Баш мыйзамда жок – Президенттин институту аттуу жаңы түзүм уюшулат. Ал институттун курамына Президенттин аппараты, Президенттин катчылыгы, Өнүктүрүү, инновациялар жана инвестициялар боюнча борбордук агенттик – ЦАРИИ деген кызмат кирет.

Мындан сырткары ушул эле институтка Президенттик кеңеш жана Өнүктүрүү кеңеши аттуу жаңы түзүмдөр кошулат. Так ушундай Конституцияда жок түзүмдөрдүн киргизилишин оппозиция бийликти узурпациялоо катары баалап турушкан.

Өнүктүрүү, инновациялар жана инвестициялар боюнча борбордук агенттик башчылыгына президенттин уулу Максим Бакиев дайындалат. Анын орун басарларлыгына өнөктөшү Алексей Елисеев жана башкалар келген. Иш жүзүндө Максим Бакиев өлкөдө президенттен кийинки орундагы адам болуп калат – ал алып барган жыйындарда премьер-министр Данияр Үсөнов капталда олтура баштайт.

Өнүктүрүү, инновациялар жана инвестициялар боюнча борбордук агенттигинин башчысы Максим Бакиев жана анын орун басарлары (сол жакта Алексей Елисеев). Ноябрь, 2009-жыл.
Өнүктүрүү, инновациялар жана инвестициялар боюнча борбордук агенттигинин башчысы Максим Бакиев жана анын орун басарлары (сол жакта Алексей Елисеев). Ноябрь, 2009-жыл.

Бакиевдин тушундагы оппозициялык ишмер, 2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев "Азаттыкка" курган маегинде мындай деди:

“Конституцияда бийликти мурас катары өткөрүп берүү механизми жазылган болчу. “Эгерде президент кандайдыр бир себептен улам иштей албай калса анын милдетин адатта парламенттин спикери же премьер-министр аткарат” деген норма бар да. Алар куду ушуну эске албай, “президенттик кеңеш кимди дайындаса ошол президент болот” деп чечишет. Конкреттүү бир кызмат адамын эмес, ал кеңеш дайындаган киши мамлекетти убактылуу жетектеп калмак болот. Ошондон улам коомчулукта “бийликти Максимге өткөрүп берүүгө камдап жатат, Конституцияны ошого тууралап жатат” деп ачык эле айтылып калган. Элдин кыжырлануусунун башкы себеби да мына ушул”.

Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү, инновациялар жана инвестициялар боюнча борбордук агенттиги Кыргызстанга келген бардык инвестицияларды көзөмөлдөп калат. Президенттин уулу чет жактан келген инвесторлорду өзү кабыл алып, Кытайга жана башка өлкөлөргө делегацияларды жетектеп чыгып турат.

MGN group компаниясынын башчысы Евгений Гуревич. 14-октябрь, 2009-жыл.
MGN group компаниясынын башчысы Евгений Гуревич. 14-октябрь, 2009-жыл.

Агенттик мындан сырткары кайра эле Максим Бакиев өнөктөштөрү менен негиздеген MGN group компаниясын жана ага баш ийген активдерди башкарып турат.

“Максим бир жагынан “крыша” болуп калган. Ошол эле мезгилде экономикалык маселелерди чечүүчү күч болуп калган. Бизнесмендер же инвесторлор келип, бир иш баштайлы десе “откатын” алат. Баасын бычат, кийинки үлүштөрү кандай болот, аны чечет. Чоң инвесторлорго “шарт” түзүп берет. Анткени, алар анын кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат. Маселенин баары ошентип эле чечилчү. Мунун баары стратегиялык иш да – анткени бир инвестор иш баштаса ал чоң киреше алып келет, бүрсүгүнү өнүгүү алып келет. Аларда болсо Бакиевдердин үлүшү болот, пайда табышат. Башкача айтканда алар ошол маалда акчага туйтунуу менен, келечекке да өздөрүнө киреше булактарын, запастарды даярдап жүрүп олтурушат”, - деди 2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев.

Бакиевдин актануусу

Президент Курманбек Бакиев болсо өз билдирүүлөрүндө уулу Максим Бакиевдин аракеттерин актап, ал бала кезинен таланттуу болгонун, башкарууга кийлигишпей, инвестиция тартуу менен алектенип жатканын айтып турат.

Президент Бакиев кызматтан кеткенден кийинки сөздөрүндө уулун чоң кызматка койгон себептерин айтып, бирок аны президенттикке даярдаганын четке каккан.

“Аны мураскор кылуу тууралуу сөз да болгон эмес. Мен муну ачык айта алам. Үй-бүлөбүздүн, жакындарыбыздын ичинде Максим менин мураскорум болору жөнүндө такыр кеп болгон эмес. Буга жөнөкөй бир эле себеп бар – ал кыргыз тилин билбейт. Максим англис тилин кыргыз тилине караганда жакшы билет. Ал эми мамлекет башчы болуу үчүн мамлекеттик тилди билүү талап кылынат. Элди түшүнүү үчүн элдин тилинде ойлонуп, аны мыкты өздөштүрүш керек. Максим өздөштүргөн эмес, мен аны билем. Ошондуктан, ачык айтайын. Менде мындай максат бар болчу. Ал борбордук агенттиктин башчысы катары жакшы иштеп берсе, өзүн көрсөтсө, жыйынтыктар болот, экономика өнүгөт. Мен үчүнчү мөөнөткө калмак эмесмин да. Эгер президенттик шайлоо болсо, башка бирөөнү мамлекет башчы катары шайлап алабыз. Балким ошондо анын талапкерлигин премьер-министрликке карап көрүшүбүз мүмкүн эле. Алдыңкы төрт жылга мына ушундай нерсени пландагам. Төрт жылда көп нерсе өзгөрүшү мүмкүн эле. Анын келечеги балким ушундай болмок, бирок аны президент кылуу тууралуу таптакыр сөз болгон эмес” - деген Курманбек Бакиев 2010-жылдын 24-майында орусиялык "РИА Новости" агенттигине курган маегинде.

Курманбек Бакиев. 23-июнь, 2010-жыл. Минск, Беларус.
Курманбек Бакиев. 23-июнь, 2010-жыл. Минск, Беларус.

Бирок тарыхтын нугу Курманбек Бакиев ойлогондой кеткен жок. Өзү да президенттик экинчи мөөнөтүнүн аягына чейин иштебеди, анын уулу да премьерликке сунушталбады.

2010-жылы мартта өлкөнүн ар кайсы аймактарында башталган нааразылыктар апрелде күч алып, 6-7-апрель күндөрү Бакиевдердин бийлиги кулатылган. Ал күнү Ак үйдү алууда элге ок атылып, 80ден ашуун киши өлгөн, курмандыктар кийин дагы өскөн.

Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү алгач Жалал-Абадга, кийин Ошко барып, кийин казак бийлигинин кийлигишүүсү менен Беларуска учуп кеткен.

Ачылган банк түйүндөрү, мамлекетке кайтарылган объектилер

Убактылуу өкмөт чет жакка акча которууга тыюу салып, Бакиевдердин банктардагы эсептерин камакка алган. Аларга тиешелүү банктардагы 3 миңдей күмөндүү банк түйүндөрү аныкталып, алардын 30 чактысындагы акча каражаттары мамлекеттик казынага кайтарылып алынган.

Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү. 2010-жылдын 8-апрели.
Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү. 2010-жылдын 8-апрели.

2010-жылдын май айынын аягындагы маалыматка ылайык, “АзияУниверсалБанкынан”, “КыргызКредитБанкынан”, “Ысык-Көл инвестициялык банкынан”, “Бакай банкынан”, “Манас банкынан” 1 млрд 130 млн сом жана 35 млн доллар республикалык бюджетке которулган. Мындан сырткары 19 млн 700 миң доллар Улуттук банктын сактоосуна жөнөтүлсө, Убактылуу өкмөт аны кийин 7 млн долларын кырдаалды турукташтырууга жумшаган.

2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, ошол маалда күч түзүмдөрүн тескеген Азимбек Бекназаров анын эсебин кыскача мындайча чечмеледи:

“Кайтарылган 35 млн доллар, 19 млн доллар, бул оңой иш эмес да. Калгандарына сот аркылуу алынсын деп камакка алынды. Бакиевдер менчиктештирип алган 50гө жакын объект кайтарылды. Мисалы, “Чатыр-Көл” кинотеатры азырга чейин турат, тиякта Максимдин шаарчалары турат. “МегаКом” ишканасы кайтарылды, “Витязь”, “Солнышко” деген пансионаттар жүздөгөн коттеждери менен чогуу улутташтырылды. Алардын баасы канча болот? Эсептеп көргүлөчү. Эч кандай мыйзамсыз нерселер болгон эмес. Ооба, имиш-имиштер көп болгон. Анткени, Бакиевдер көп нерсени үйлөрүн, мейманканаларын, ресторандарын башкаларга кайра каттап коюшту. Бирок ошого карабай, биз бир топ нерселерди кылдык. Биз, Убактылуу өкмөт жетише албай калдык, анын үстүнө Бакиевдин ызы-чуусу уланып жатты, түштүктө Июнь окуясы чыгып кетти. Биз бир топ нерселерди кылууга жетиштик. Дагы улутташтыра турган бир топ объектилер бар эле, дагы улутташтырылбай калды. Аны кийинки бийликтер улантышканын улантты. Ал тургай азыр Ташиев биздин ошол иштерибизди улантып, көп мыйзамсыз объектилерди алып жатабы, ошол биздин иш. Бирок азыр бизди душман көрүп жатышат. Тескерисинче, алар, “силер жетише албай калган иштерди биз улантып жатабыз” айтыш керек болчу. Ошондуктан бул биздин тарых. Биз анын кемчилигин толукташыбыз керек, бирок унутпашыбыз керек”.

Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим Бакиевдин өнөктөштөрү менчикке чыгарган “Манас” эл аралык аэропорту, “Түндүкэлектр”, “Кыргызтелеком”, “Кыргызгаз” жана башка ушул сыяктуу он чакты ишкана да кийин мамлекетке кайтарылган. Анын ичинен “Кыргызгаз” президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Орусиянын “Газпром” компаниясына берилген.

Максим Бакиевге таандык “АзияУниверсалБанк” 2010-жылдан кийин Улуттук банкка өткөрүлүп, кийин ал “Залкар Банк”, “РосинБанк” жана “Керемет Банк” болуп бир нече ирет аталышын өзгөрткөн.

“КыргызКредитБанкы”, “Ысык-Көл инвестициялык банкы”, “Бакай банкы”, “Манас банкы” жана башка банктарга байланыштуу соттошуулар жүрүп, мурдагы ээлери өз акцияларын кайтарып алышкан. Айрымдары боюнча соттошуулар дале уланып келатса, кээлери жоюлуу процессинде.

Ортодо президенттин өзүнө жана анын уулуна тиешелүү чет жактагы активдерди Кыргызстанга кайтаруу аракети жүрүп, бирок ал толук ишке ашкан эмес.

Максим Бакиев өзү Британиядан баш калка тапкан. 2010-жылдан кийин келген бийлик аны менен Британияда соттошууга аракет кылып, бирок андан майнап чыккан эмес.

Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев убагында өзүнө чыккан сот өкүмдөрүн адвокаттар аркылуу “саясий куугунтук” деп атаганы бар.

Бакиевдер жана алардын өнөктөштөрү

Максим Бакиевдин өнөктөштөрү ар кайсы иштер боюнча Кыргызстанда сыртынан соттолушкан.

Евгений Гуревич бир нече жылдан соң АКШда кармалып, кийин Кыргызстандын укук коргоо органдары менен кызматташууну сунуштаган.

Алексей Елисеев болсо “Азаттыктын” Прагадагы кеңсесинде интервью берип, Максим менен дале байланышы бар экенин тактаган.

Эл аралык басылмаларда чыккан маалыматтарга ылайык, Михаил Надел Улуу Британияда Максим Бакиев менен дале кызматташуусун улантып жатса, Валерий Белоконь “Манас банктын” иши боюнча акыркы жылдарга чейин кыргыз өкмөтү менен соттошуп келди.

Михаил Надел жана Максим Бакиев
Михаил Надел жана Максим Бакиев

2005-2010-жылдары президент Курманбек Бакиевдин тушунда энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзүүгө шектелген, Максим Бакиевдин дагы бир өнөктөшү Алексей Ширшов 2022-жылы Кыргызстанда кармалып, кийин кайра үй камагына чыккан.

Бул коомчулукта сын-дооматка кабылганда Садыр Жапаров түшүндүрмө берген. Анда Ширшов менен беш-алты ай мурда жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген. Азыркы бийлик Ширшов Максим Бакиевге тиешелүү башка да мүлктөрдү мамлекетке кайтарууга жардам берип жатканын билдирип келет.

“Апрель окуялары” боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыккан. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон, кичүү уулу Максим Бакиевге бир катар иштердин алкагында сыртынан өмүр бою камоо чечими чыккан.

Бакиев жана анын үй-бүлөсү бул аралыкта Беларустун башында турган Александр Лукашенконун жеке калкалоосунда күн кечирип келет. Расмий Бишкектин аларды Кыргызстанга экстрадициялоо өтүнүчүн расмий Минск бир нече ирет четке каккан.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу маселеси соңку эки-үч жылдан бери кайрадан күн тартибине чыгып, талаш-тартыштар менен коштолуп келатат.

Буга чейин Максимдин Кыргызстанга келгени тууралуу маалымат тарап, аны УКМК төгүндөдү.

Президент Садыр Жапаров Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев Кыргызстанга келсе камакка алынарын билдирди. Жапаров беларус бийлиги Курманбек Бакиевдин өзүнө байланыштуу сүйлөшүү жүрүп жатканын белгилеп, беларус бийлиги “камабасаңар өткөрүп беребиз” дегенин айтты. Бул жагдай коомчулукта талкууларды күчөттү.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG