Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:24

Өзбекстанда жарандар банктарга көп ишенишпейт


Эл аралык рейтинг агенттиги - Moody май айынын аяк ченинде Өзбекстандын үч ири банкынын: “Ипотека-банк”, “Алокабанк” жана Борбордук банкында кардарлар алдындагы милдеттенмелерин аткарууга жетерлик акчасы бар экенинен күмөн санаганын билдирди.

“Мудинин” эксперттери жүгүртүүдөгү акчанын жетишсиздигинен улам банктардын депозиттери жай өсүүдө жана Өзбек өкмөтү өлкөнүн банк системасына кошумча колдоо көрсөтүлөт деген убадасын аткара албайт деп чочушат. Глобалдык финансылык кризистен улам 2008-жылдын соңунда Өзбек өкмөтү алты коммерциялык банктын баалуу кагаздарын сатып алып, алар аркылуу өнөр жай тармагына жардам берилет деп убада кылган.

Кардарларга банктар акчаны ченеп берип жатканы, жүгүртүүдөгү акчаны контролдоо үчүн айлык акыларды банктарга которуп, электр, газ жана башка коммуналдык төлөмдөрдү кармап калгандан кийин гана акчаны берүү - акчанын тартыштыгын күбөлөйт.

Ташкенттик пенсионер Камрон Алиевдин айтымында:

- Өзбекстандын банктарынын акчаны 10-15 күн кечиктирип берүүсү кадыресе көрүнүшкө айланган. Банктар акча биринчи кезекте пенсионерлерге берилсин деп милдеттендирилген. Ошон үчүн алар пенсия-акчаларын алгандан кийин гана, башка жарандарга акча берилет.

Ал эми ташкенттик экономист Дилмурад Халматов башкеңсеси Лондондогу Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтуна” берген интервьюда, өзбек банктарындагы акчанын тартыштыгын дүйнөлүк кризистин кесепетинен экспорттон түшкөн кирешенин азайышы жана өкмөттүн финансы тармагын колдоо планы иштебей жатканга байланыштуу болууда дейт.

Жүгүртүүдөгү чет элдик валютаны контролдоо аракети, сумдун башка өлкөлөрдүн акчаларына эркин конверттелбегени - кара базардын өсүшүнө өбөлгө түзгөн. Камрон Алиевдин сөзүнө караганда:

- Базар наркы менен базар наркынын айрымасы бар. Маселен, банкта бир доллар 1500 сумдун тегерегинде деп белгиленсе, кара базарда бир доллар 1800 сумдай болот. Ошентип айрыма 300 сомдой болот.

Доллардын тартыштыгын, Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун талдоочусу Жон Маклед сырткы базарга сатылган өтүмдүү товарлардын акчасынын банктарга түшпөй жатканы жана чет жакта иштеген өзбек жарандарынан келген акчанын азайганы менен түшүндүрөт:

- Чет элдик валюта да олуттуу проблема. Себеби алтын жана башка металлдарды, пахтадан келген киреше өкмөттүн же өкмөткө жакын чөйрөлөрдүн чөнтөгүнө түшүүдө. Мигранттардан келген акча да азайды. Өкмөттүн четэлдик валютаны сыртка чыгарбоо үчүн экспортту контролдоосу, адамдардын долларды банктарга ишенбей, жанында кармоосу долларга болгон талаптын өсүүсүнө түрткү болууда.

Жогорудагы себептердун улам, былтыртан тарта депозиттерин көбөйткөн банктар салыктан бошотулганы жана узак мөөнөттүк аманаттардын кайтарым пулу көбөйтүлгөнүнө карабай жарандар банктарга көп ишенишпейт. Бул өз кезегиндеги банктардын каражатын чектейт, дешет серепчилер.

XS
SM
MD
LG