Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жок кылынышы тууралуу айткандары боюнча түшүндүрмө берди. Регион телеканалы жарыялаган видеодо Ташиев анын сөзүн "айрым батышчыл журналисттер" бурмалап жазган деп билдирди. Ал Көлбаевди жок кылуу тууралуу жеке өзү буйрук бербегенин айтты.
"Айрым журналисттер менин айткандарымды Көлбаевди жок кылуу тууралуу жеке мен көрсөтмө же буйрук бергендей кылып жазышты. Бул андай эмес. Биз өз милдетибизди мыйзамга жараша алып барабыз. Көлбаевди 2023-жылы 4-октябрда биздин кызматкерлердин тобу "Дөө Чыңгыздын" өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деген шек менен алып келиши керек болчу. Биздин кызматкерлер Көлбаев отурган жерге барганда анын күзөтчүлөрү тоскоолдук жаратышкан. "Альфа" атайын багыттагы бөлүктүн кызматкерлери анын күзөтчүлөрүн токтоткон. Көлбаев экинчи эшик аркылуу качууга аракет кылган. Биздин кызматкерлер кирип барганда аларга ок чыгарган. Аны токтотуу үчүн "Альфанын" кызматкерлери курал колдонгон жана анын негизинде Көлбаев өлгөн. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кайсы учурда курал колдоно алары тууралуу мыйзам бар. Эгер кармаганы жаткан адам кызматкерлердин өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч туудурса анда алар ошол кылмышкерди жок кылууга милдеттүү. Биздин кызматкерлер ошол маалда куралды туура колдонгон. Айрым журналисттер менин айткандарымды өздөрү каалагандай берип коюптур. Көлбаевди жок кылуу тууралуу жеке буйрук берүү жөнүндө сөз дагы болушу мүмкүн эмес", - деген Ташиев.
Ташиев 16-январда Бишкекте билим берүү тармагынын өкүлдөрү, студенттер менен жолугушууда Көлбаевдин атайын операцияда жок кылынганы тууралуу түшүндүрмө берген. Анда ошол маалда кылмыштуу топтор тамырлашып кеткенин айткан.
"Уюшкан кылмыштуулуктун мамлекеттик системага окшош эле системасы болгон. Өздөрүнүн президенти болгон, "мыйзамдагы ууру" жана башкалар облустарда, райондордо, шаарларда ишкерлерден акча чогулткан. Ошондуктан мамлекет үчүн "мыйзамдагы ууруну" жок кылуу чечимин кабыл алууга туура келди. Кийин анын башка мүчөлөрүн да жок кылдык. Азыр өлкө бул башаламандыктан кутулду", - деген Ташиев.
Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.
Көп өтпөй Ташиев 2-ноябрда Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.
УКМКнын басма сөз кызматы Көлбаев менен Матраимовдун "мафиясына байланышы бар" деген 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтан алынганын билдирген. Анын ичинен 76 адам Мамлекеттик бажы кызматынан кеткен. Алардын аты-жөнү жана буга чейин ээлеген кызматы тууралуу маалымат бериле элек.
Шерине